АңгемелерТаасирдүү окуялар

ЭҢ КҮЧТҮҮ СЕЗИМ

30 КҮНДӨ 30 БАЯН

Бир күнү сезимдер чогулушуп кимиси мыкты экенин далилдей алышпай талашып-тартыша баштайт.
– Мен баарынан күчтүүмүн,- деди ЖЕК КӨРҮҮ,- Мен адамдарга жасай албай турган нерсесин жасатып коём. Менин аркамдан САТКЫНДЫК менен АЧУУ пайда болгон.
– Жок, мен сенден күчтүүмүн,- деди КЫЗГАНЫЧ,- Менин аркамда эч бир сезим турбаса дагы, мен адамды кылмышка түрткүлөйм. Керек болсо башка кишини өлтүрөт.
– Ой, кокуй! Буларың суу кечпейт,- деди ЖАЛГЫЗДЫК,- Киши өлтүрөт деген түккө арзыбайт. Мен өзүн-өзү өлтүргөнгө жеткизе аламын.
– Андай дебегиле,- деди МЭЭРИМДҮҮЛҮК,- Неге мындай болбогон нерселерди айтасыңар? Мен күчтүүмүн. Мен жок сезимди бар кылып, жүрөктөргө жылуулук, сый-урмат алып келем.
– Ой, чиркин! Анын эмнеси бар экен?,- деди ЖЕК КӨРҮҮ,- Сенин сөздөрүң эч нерсеге татыбайт! Эгер элдин баары бири-бирин жек көрүп кырылышып жатса, сенин сый-урматың кимге керек болмок эле?
– Талашпагылачы!,- деди МАХАБАТ,- Менден артык эч ким жок! Мен жаман адамды жакшы кылам же тескерисинче жакшыны жаман кылам. Мен алдымдан чыккан бардык тоскоолдуктарды эңшерип коём.
– Бирок азыркы заманда Махабатты эч ким керектебейт,- деди ИШЕНИМСИЗДИК.
– Аның туура! Махабат деле өзүнүн кудуретинен айрылганына көп болду,- деди КҮМӨН.
– Эми баарыбыз бирдей болдук го?- деди КӨҢҮЛКОШТУК.
– Андай эмес!,- деди АКЫЛ,- Өзүнүн күчүнө мактанып татышпаган бир сезим бар. Ал баарыбыздан күчтүү! Ал Жек көрүүдөн коркпойт! Ачуу менен Саткындыкты да басат. Ишенимсиздик менен да тааныш эмес. Ал үчүн: Мээнет, Мээрим, Махабат, Сүйүү, Кайрат, Сабыр, Бакыт дайыма кызмат кылышат. Ал баарыбыздан миң эсе күчтүү!
– Мүмкүн эмес!,- деп чуу салышты бардык сезимдер,- Андай сезим жок! Болсо кана ал? Кайда ал?
– Анын силер менен доолашып, талашканга убактысы жок. Ал дал ушул учурда пенде баласын сактап, камкордук кылып, коргоп отурат. Ал убактысын текке жумшабайт. Ал ар дайым БАКЫТ менен ТЫНЧТЫКТЫ күзөтүп келет. Анткени анын аты- ЭНЕЛИК!,- деди Акыл сыймыктуу…

Ооба, баарыбыз үчүн ЭНЕ деген ыйык инсан! Эненин сезимдерин эч нерсеге теңей албайбыз. Динибизде эне боло турган аялзаты үчүн көптөгөн кубанычтуу кабарлар айтылган. Куранда атайын сүрө, аяттар бар. Пайгамбарыбыз айткан бир топ хадистер бар:

Ибн Аббас (р.а) дан риваят:
Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты:
“Кайсы мусулманда эки кызы болсо, алар аны менен канча убакыт бирге жүргөн болсо, (жакшы багып, тарбиялап, билим берип) аларга жакшы мамиле кылса ал эки кыз аны сөзсүз бейишке киргизет ”
(Ибн Хиббан)

Анас (р.а) дан риваят:
Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты:
“Ким эки кызын тарбияласа аны менен мен ушундай бейишке киребиз деп эки манжасын көрсөттү ” (Тирмизи)

Кыз бала төрөлгөндө эле ал үй үчүн бейиштин эшигин ачат экен. Чоңоюп турмушка чыкканда күйөөсүнүн жарым ыйманын толуктайт экен. Ал эми ЭНЕ болгондо бейиш таманынын алдына жайылат! Кандай гана бакыт!!!!
Улуу Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммед (САВ) кызы бар үй-бүлөлөргө сүйүнчү айткыла деген. Анткени ичинде кыз бала бар үйгө күндө Алланын рахматы түшүп, ал үйгө күнү-түнү периштелер зыярат кылышып, кыздын ата-энесине күн сайын миңдеген соопторду жазышат экен. Кыздуу үй-бүлөлөргө сүйүнчү болсун!!! Тилекке каршы жалаң кыз төрөйт деп аялдарын уруп-сабап, кыздарын жээрип, ажырашканга чейин барган аталарга ыйман берсе экен. Ислам дининде аялзатына берилген жогорку сый-урматтар тууралуу дагы жазабыз. Улуу СЕЗИМДИН ээси болушкан ар бир аялзатын сыйлайлы туугандар! Рамазан айыңыздар маарек болсун!

Ачкыч сөздөр
Улантуу
WhatsApp группабызга кошулуңуз!

Эми биздин маалыматтарды Whatsapp аркылуу окуй аласыздар.

Бизге жазылуу үчүн +996700334493 номерине кайрыңыздар!

-БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ-

Тектеш темалар

1 пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button
Close
Close