Абдишүкүр ажы Нарматов.
Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын.
Мен буга чейин эле арактын шариятта тыюу салынуу себебин, анын коомго тийгизген залакасын какшап айтып келгем. Мындан кийин да айта берем. Анткени, шариятта тыюу салынган күнөө иштердин көбү жеке адамдын өзүнө зыяндуу болсо, арактын зыяны бүтүндөй коомго, кошуна-колоӊго, жок дегенде бүтүн бир үй-бүлөгө тийип жатпайбы. Ислам дини бүт элдин тынчтыгын, бейпилдигин, коопсуз жашоосун каалаган дин. Шариятта күнөө иштер зыянына жараша бааланат. Жеке адамдын өзүнө гана зыянын тийгизүүчү күнөөлөрдүн жазасы ошонун өзүнө жараша болот.
Күнөөнүн канчалык оор экенин билдирүү үчүн пайгамбарыбыз (ар түрдүү салыштырууларды айткан. Эки күндөн бери атыӊ-өчкүр аракты атасынан артык көргөн кээ бирөөлөрдүн “тынчын” алып, менин дарегиме түрдүү “мактоолорду” айтуусуна себеп болгон хадисти бул жерде толугу менен келтирейин.
Ибн Аббастын (ага Аллах ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Арак – жаман иштердин энеси. Чоӊ күнөөлөрдүн чоӊу. Ким арак ичсе энеси, таежеси жана атасы менен бир тууган эжеси менен жаткандай күнөөгө батат” – деген.
Бул хадисти Ат-Табарани “Ал-Кабир” китебинде 3134-катар саны менен келтирген. Хадисти Ал-Албани “Ас-Сахих” китебине 1853-катар саны менен киргизип, ишенимдүү, туура хадис деп баалаган.
Чынында, арак көп жаман иштин башаты экенин башында тооктун мээсиндей акылы бар адам даана билип турат. Алыс барбай коомубузда жакынкы күндөрдө болуп өткөн окуяларга сереп салсак, аялын уруп өлтүргөн, төрт жашын кызын зордуктаган, энесине кол көтөргөн сыяктуу жан кейиткен иштердин баарынын башында арак турганы белгилүү. Мас абалында жол кырсыгына учурап, өзү эмес, бир канча бейкүнөө адамдын жанын ала кеткен окуяларды айтып отуруунун кажети деле жок. Арактын айынан түрмөлөр толду, жетимканалар толду, карыялар үйүлөрү толду, кабырлар толду. Муну мен айтпасам да көрүп-билип турабыз. Менин айтайын дегеним, атасы арак үчүн өлгөндөр, арак канына биротоло сиӊип, бөтөлкөгө энесинин эмчегине жармашкандай жармашкандар, анан да жөн эле жумурткадан кыр издеп, эптеп-септеп динге, же дин аалымдарына сөз тийгизүүнү каалагандар, динден кемчилик издебей, өзүӊөрдүн кемчилигиӊерди оӊдогула. Дин он төрт кылым мурда толук, кемчиликсиз болуп негизделген, кыямат кайым болгончо ошол бойдон сакталат. Ал эми анда айтылган күнөөлөрдөн тыйылуу же тыйылбоо көр пенденин өзүнүн эркинде. Аят, хадисте келген нерсени айтуу менин милдетим. Мүмкүн, кимдир-бирөө колуна стаканды кармаган кезде жогорудагы хадис көз алдына тартылып, ошол себептүү арактан арылып “адам” болсо ажеп эмес.
Жараткан Аллах элибизди таза, аруу, акылы тунук, арамга жакындабаган эл кылсын. Ар бир үйдө ый, кайгы-муӊдун караӊгылыгы каптабай, күлкү жаӊырып, ыйман менен бакыттын нуру жанып турсун.