Жаңылыктар

Дааватчыларга тыюу салуу тууралуу мыйзам жактырылды.

«Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүнкү, 29-майдагы жыйынында каралды.

“Үйлөрдү кыдырып өзүнүн диний көз караштарын таңуулоого, мыйзамга ылайык эмес прозелитизм – психологиялык жана физикалык таасир кылуу, коркутуу, зомбулук жолдорун колдонуу менен башка диний окууларды туткандарды өзүнүн динине киргизүүгө багытталган иш-аракеттер ге тыюу салынат”,-деп жазылат документте.

Ошондой эле бул мыйзамды бузгандар админисративдик жазага тартылары жазылат мыйзам долбоорунда.

Аны менен катар эле Дин иштери боюнча мамлекеттик орган диний адабияттарга, башка басма, аудио-видео материалдарга жана электрондук сактагычтарга, ошондой эле Кыргызстанга диний уюм ташып келген диний адабияттарга дин иштери боюнча мамлекеттик орган бекиткен жобого ылайык дин таануу экспертизасын дайындайт жана ишке ашырат.

Депутат Тазабек Икрамов мыйзам чийки экендигин айтып, мыйзам долбоорун артка кайтаруу сунушун берди.

Депутат Алмазбек Токторов дагы мыйзам долбоорунун кайрадан иштелип чыгышын демилгелеген депутаттардын пикирине кошуларын айтып, ошол эле мезгилде дааватка тыюу салына турган болсо анын ордун толуктай турган кандай багыттар бар экендигине кызыкты.

Өкмөт диний маалыматтарды элге так түшүндүрүү иштеринде алсыздык кылып жаткандыгын сынга алган депутат Рыскелди Момбеков болду.

Талкууда ар кыл пикирлер айтылып, мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн концепциясы жактырылды.

“Каганат”

Ачкыч сөздөр
Улантуу
WhatsApp группабызга кошулуңуз!

Эми биздин маалыматтарды Whatsapp аркылуу окуй аласыздар.

Бизге жазылуу үчүн +996700334493 номерине кайрыңыздар!

-БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ-

Тектеш темалар

1 пикир

  1. Мен силерге тушунбойм,ошол даават деле адам онолушуна туура иштерди аткарышына себеп болуп келе жатканын эл да коруп келе жатат,силер дааватты тыйбай эле ошо башка агымдарга жана дааватты булгап элди ар тарака бургандарга иш аракет кылсанар Кыргыз элибизге да жакшы эле,эгер силер дин аракетин ушунчалык аракет кылсанар ушунча Ислам динин этияттайлы деп ойлосонор Наарынга эмнеге уруксат бердинер Шийиттердин университетине,андай Кыргыз элге чыккынчылык кылыштын планын толтуруп болдунар десем жанылышбайм деп жеке ойум билдирет элем.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button
Close
Close