alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
Макалалар

Даават жашоомду түп өзгөрттү..

 

Тамактын даамын татпай туруп анын ачуу таттуу экенин эч качан билбейсиң ошосыңар дааваттын да даамын татпай туруп ар кандай пикирге баруу туура эмес. Кимде -ким дааваттын таттуу мөмөсүн татканда , анын биз үчүн жашообуздагы бактылуулук жолдоруна чачкан нур экенин ошондо гана билээлер эле. Ислам дини бакыттын жолу,дини деп айтсалар ишенбечүүмүн. Аны өзүм таттакандан кийин билдим. Кандайча дейсизби анда менин жашоомо бакыт алып келген даават тын канчалык пайдасына күбө болуңуз…

Бул көрүнүш бир эле менин эмес канчалаган үй -бүлөлөрдө болуп жатканынан күбө болуп эле келе жатабыз . Биздин үй-бүлөдө ата -энем,эжем,мен карындашым,иним болуп жашайбыз. Апам дигерлүү аял болгондуктан үй- бүлөнүн каражат жагын өзү чечет,товар алып келип сатып биздин тамак — ашыбыздан кем кылбай бар күчү менен камыздайт. А атам кээде апама кошулуп ишке чыкпаса,башка күнү тескерсинче даяр тамак,даяр кийим көөптүргөндөй жаман достору менен кечке бекерчилик менен ойноп, кемине арак ичип келет. Үйдүн куту эне деп бекеринен айтпаган экен,апам чарчап бизге анча көңүл деле бурбайт,атам өзү менен өзү убара. Ары бол бери бол деп тарбия айткан, мээрим төккөн көздөр,жылмайган жүздөр, керек болсо бир дасторкондо олтуруп чай ичүү да жок. Үйбүз караңгылык туңгуйугунда,ар ким өзү менен өзү,кээде тополоң,уруш -жаңжал -апам «тапкандын кадырын билбейсиң,алкаш,ичкениң качан токтосуң «деп атама бакырмай,же уксачы атам атың өчкүр арактын кулу болгондон кийин эч нерсе кызыктырбай ойлогону,жашоосу ошол болуп калат экен. Биздин бул күндөр алпурушуп билинбей өтүп жатты. Бизге келсек апам тапканы жакшы болчу баарыңды окутуп эч кимге көз каранды болбой өз оокатыңарды өзүң таап жешиңер керек деп баарыбызды акырындан жогорку окуу жайлар окутуп жатты. Мен да окууну бүтүп ошко окууга тапшырдым. Квартирада балдар менен жашап калдым. Күйүп -бышып эле окууга да аракетим болбоду,эмнегедир жан дүйнөөм ооруп, жүрөгүм тынчтыкты издейт. Үйүбүзгө эч качан баргым келбейт,сагынсам да бир туугандарымды,тууган -досторумду ал үйдө тынчтык жок . Көрсө адамзат тынчтыктан ырахат алып бактылуу жашай алат экен. Бир сындырым наның,ичерге сууң болсо да үйдө баары жайында болсо мындан өткөн бакыт жоктой сезилди. Бул сезимдерди ушундай жашагандар өтө жакшы билет…

Бөлмөбүздө жашаган балдардан бирөөсү беш убак намазын окуп кээде бизге даават кылчу. Башында жакпай өзүнчө акылдуу болот кайдагыны айтып деп жаман көрөм. Намаздын Н..сын билбегенден кийин,Аллах ,пайгамбарыбыз тууралууда эч кандай маалыматым жок ошон үчүн кызыксыздай туюлуп жаткандыр. Бирок ал жигиттин кыймылы,адеби ,жумшак мүнөзү,качан болбосун сабырдуу жүзүндө жылмаюу менен жооп бергени,тазалыгы ,сүйлөгөн сөзү маанилүү экенин башкалардан айрымаланып турат. Мен мындай жылуу мамилеге,мээримдүү көздөргө муктаж болгонумданбы негедир ага жакындай баштадым. Жылдар өтүп жатты мен ал жигит менен дос болдум,жумага бирге барабыз,акырындан намаз окуй баштадым. Бир күнү досум каникул болуп бир жумага ошондо үч күнгө дааватка чыгып келелели жан дүйнөбүз тазарып,ыйманыбыз бекемделет «деп сунуш кылды. Барса баралы деп алгачкы дааваттын бактылуу эшиктерине кадам таштадым. Аллахтын үйүнө баруу башка,ал жерде жашап күн өткөзүү башка маселе экен. Ал жердеги бардык бир туугандар жалаң жакшы сөздөр,жакшы ой -пикирлер,бирин -бир сыйлаган мээримдүү көздөр,бирин -бири угуп сылык сүйлөгөн жылмайган жүздөр менин ооруп турган жан дүйнөмө табылгыс даары болду. Бир башка дүйнөдө олтургандай сездим,анткени адамзат канчалык сууну тазасын ичкен сайын,сөздүн жакшысын уккан сайын тамыры тазарып,ойлогон ой -максаттар да,кыла турган иштер да жакшы жакка ооуй баштай экен. Мына эми менде жашоого болгон максат пайда болду үй- бүлөмдү кандай бул жолго үйрөтүүнүн жолун издей баштадым. Башында оңой болбоду эч ким уккан жок бирок мен тотободум жылдар өткөн сайын бир кадам болсо да үйдө өзгөрүүлөр болуп жатты. Окууну да бүтүп келдим кез -кезде дааватка чыгып турам,атам арагы бир аз азая баштады ушунусуна да шүгүр болсун деп Аллага тынбай дуба кылам. Айтып деп жатып апамды биринчи намазга үйрөттүм,анан атамда окуганды баштады бирок арасында ичип да коёт. Бирок биздин үйгө кут кире баштады,апам да жайдары,бир туугандарымда акырындан үйрөнүп,жашообуз түп башка нукка бурулду. Бир дасторкондо чай ичип,бири -бирибизди сурап акыбалыбыздан, бир туугандык сезимдер,жылмайган жүздөрдү көрүп өзүнчө аябай өзүмдү бактылуу сезип жаттым. Ушундай табылгыс нематты берген Жаратканга болгон ишеним,сүйүүм ого бетер артып ибадатымды мындан да кымтыксыз атакарууга аракет кыла баштадым. Даават десе көпчүлүк туура эмес түшүнүп алышат ишин да,үй- булөсүнда карабай койот экен деп. Андай эмес болгону максатты туура коюуп ,туура кодоно билүү. Дааватка да чыгып жаттым,апама жардам берем иштерге, үй ишин өзүм кылып бир туугандарыма карап баары жайында. Азыркы күндө үйбүлөлүмүн үч балам ,сүйүктүү жубайым,ата -энем төрүмдө,атамда Аллахтын жардамы менен дааватка чыгып калды. Апам иши баякыдай жүрүп,атам экөө бирге барып келип жолдо болсо да намаздарын окушат,бул мени аябай сүйүндүрдү, иштери жайында. Кыскасы биздин баткака баткан үй — бүлөбүздүн минтип тынчтыкта, бейпилдикте жашап калуусуна ДААВАТ СЕБЕПЧИ ЖАНА МЕНИ ЖАКЫН АЛЛАХ ЖЕТКИЗГЕН ДОСУМ СЕБЕПЧИ БОЛДУ …Биз пендерлер адашуучуу, алсыз макулук болгонубуздан кээде күнөө кылып койобуз,кээде күтүүсүз сыноорло болуп турат. Бирок бул көйгөйлөрдү чечүүдө,жеңилдетүүдө мага жардамын аябаган Улуу,Мээримдүү,Кечирими чексиз болгон Жаратканыма таянып жашаймын. Ага дуба кылып чексиз-чексиз шүгүрлөрдү айтамын….

Эх, бир тууганым сөзүм аягында эмне деймин,биз адамзатка тынчтык,бейпилдик,бактылуулук керек,биз аны бир гана Аллахтын жолунан табалабыз!

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button