alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:46
Аңгемелер

Даанышмандык

Илгери бир чоң өлкөнүн өкүмдары (падышасы)

— мага жүрөк козгогон, акылым кана турган даанышман сөздөрдү айткылачы, эгер чындап жүрөккө жеткен болсо айткан сөзүңөр 400 динар берем- деп буйрук берет .Динар бул- баалуу акча, алтын. Бирок бардык эле элдин арасындагы акылдуулар, карыялар , даанышмандар , өкүмдар угуп эле жүргөн акыл насаат сөздөрүн айтат, эч кимиси жүрөккө жеткире сөз таба албайт. Ушундай чоң өлкөмөн бир да даанышман чыкпаса деп көпкө ойлонот,капа болот.

 

Күндөрдүн биринде өз аймагын кыдырып жүргөн кезде , токсон жаштагы карыянын бак тигип жатканын көрүп калат да, карыянын жанына келип учурашкан соң , өкүмдар айтат:

-Өзүң карып ,бир бутуң көрдө болуп турганда ,эмне үчүн бак тигип жатасың?

-Бул бактын мөмөсүн барибир жебейсиң да, деп суроо узатат.

Токсон жаштагы карыя өкүмдарды тиктеп ,

— Ооба ,бул бактын жемишин мен жебей калышым мүмкүн, бирок мен өзүм үчүн эмес , келечек муун үчүн, небере , чеберлерим үчүн тигип жатам. Убагында биздин чоң аталар деле биз үчүн бак тиккен сыяктуу деп, жооп берет.

Сөзүнөн жаңылып калганын сезген өкүмдар , мына даанышман жооп , туура, бак отургузу ата бабаларыбыздан калган , 400 динар бергиле деп буйрук берет.

400 динарды алган карыя жылмайып күлүп коёт.

— Сен эмнеге күлүп жатасың? — деп кайра сурайт өкүмдар.

— Элдин тиккен багы жемиш алгандан баштап пайдасын берген болсо ,менин багым эмитен пайда бере баштады деп жооп берет. Дагы сөзгө жыгылдым ,бер 400 динарды деп буйрук берет.

 

Карыя дагы күлөт;

— Бул жолу эмнеге күлүп жатасың? — деп сураган өкүмдарга,

-Элдин багы бир жылда бир эле жолу түшүм, берсе ,менин багым бир жылда эки жолу пайда берди деп күлөт. Сөздөн жыгылган өкүмдар 400 динар берип ,ал жерден кетүүгө шашат.

Жолдо кетип жатып , жанындагы жан жоокери ,

-Сиз эмнеге ал жерден качууга шаштыныз өкүмдар? — деп сурайт.

-Ал жерде дагы турганда акчамын баарынан айрылып калаарымды сездим , ал карыя жөнөкөй карыя эмес , даанышман карыя тура. Жакшылык иш эч качан өз пайдасын бербей койбойт, ага далил — бул бак, деп жооп берет өкүмдар.

Чынында эл ичинде акылдуулар көп, бирок даанышмандык аз. Акылдуу менен даанышмандын асман менен жердей айырмасы бар эмеспи.

Көптү көргөн, башынан ыссык суукту көп өткөргөн , сабырдуу, көрөгөч ,дилгир, илимдуу, унчукпай өзү менен өзү болгон инсандар, даанышман болот жашоодо.

Ал даанышмандык- Улуу Жараткан берген чоң белек.

 

Биз суктанган ,биз үлгү кылган даанышмандар азайгандан азайып бара жатканы аябай өкүндүрөт мени. Өзүбүз үчүн эмес өзгөлөр үчүн пайдалуу иштерди көбүрөөк кылганда , өсүп келе жаткан муундар үчүн үлгү болмок элек. Үрп адаттарыбызды, нарк насилибизди, адеп ахлагыбызды, салт санаабызды жоготпой , урпактарга сыймыктануу менен өткөрүп бермек элек.Жакшыдан жашыл бак калат деп бекеринен айтылбаган элибизде. Бул дегени кандай жакшы иш болбосун сөзсүз өз мөмөсүн берери чындык!

Кантип байыйм?, канткенде аны же муну алам? — дебей ,

-канткенде адам бойдон калам? — ,

— канткенде уул кыздарым ,небере чеберлер үчүн үлгү болом? — деп ойлонуу керек адамзат.

 

Эскертүү адамзат үчүн пайдалуу!

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button