alternatetext Багымдат: 04:31 | alternatetextКүн чыгуу: 06:12 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:51 | alternatetextКуптан: 21:36
Макалалар
Эң мыкты

ЧЫГАШАЛУУ ТОЙЛОР жана ЧЫДАТПАГАН ОЙЛОР

1. Кечинде саат 5ке деп чакырылган тойдун коногу жакыны 3 саат, алысы 3 күн мурда жолго чыгат…

2. Кечинде саат 5те деген той кеминде 2 саат, болбосо 3 саат кечигип башталат…

3. Жок дегенде 3, болбосо 5 түр тамак, 2-3 түр салат, мөмө-жемиш, борсок-нан, кант-курс… баарынын башына ооз тийилип, калганынын көбү таштандыга ташталган ТРАГЕДИЯ.

4. Ата-эненин сөзү угулуп, калганына көңүл бурулбаган баш аламандык…

5. Билимге эмес кийимге, сабакка эмес салатка, тообага эмес моодага, бааланган сөзгө эмес бойолгон көзгө, такталган кепке эмес чапталган бетке, улууга эмес сулууга карап калган көпчүлүк…

6. Каалоо айтылып бирок кеңеш берилбеген, турмуштун сырлары үйрөтүлбөгөн, кайталанма жана тажатма тилектер…

7. Кийгенге же колдонгонго жарабаган материал — чүпүрөктөр…

8. Бырышып кеткен байкуш улуттук чапан, сыйланбаган синтетика кытай калпагы….

9. Батаа бере албаган байкуш улуулар…

10. Энесин карабай денесин караган жаштар…

11. Карызга өткөн той менен башталып, карызды кантип төлөсөм деген ой менен ташталып жаткан жаш жубайлар…

12. Эки ай жашап-жашабай жатып эки жакка айрылып жаткан эки жаш…

13. Аялды алып эле айылга таштап алыска айлап-жылдап кеткен күйө бала…

14. Эптеп эрге тийиш үчүн жасалма жасалган мамиле менен тойдон кийинки чыныгы келиндин жүзү…

15. Минип жүргөн жеке машынасы боло туруп кайра кымбат машынаны акчага киралап сейилдегени чыккан жаштар…
Лимузин, Жип, Хаммер, Лексустарга али апасын салып шаар айлантуу акылына да кире элек өспүрүмдөр

16. Никенин маанилүүлүгүнө көңүл бурбаган көпчүлүк…

17. Боюнда бүтүп калгандан кийин, коомчулук биле электе үйлөнөлү деген ыймандын алсыздыгы же ата-эненин кайдыгерлиги…

18. Ата-энелик таалим-тарбияны албай туруп ата-эне болуп жаткан ата-энелер…

19. Коногун ресторандан күзөтүп жашагандын айынан, үйгө келген үч адамга кызмат кылууну билбей жүдөп жаткан кыз-келиндер…

20. Ресторандагы кыздарды үйдөгү меймандарга тейлөө үчүн жалдап келип, туугандардын бой жетип калган балдар кыздарынын жеп ичип жаткан жалкоолугу…

21. Түн жарымдан кийин үйгө келип эртеси жумушка чарчап барып ийгилик жарата албаган жалкоолор…

22. Курсагы токтор келип, курсагы ачтар катышпаган маарекелер…

23. Той кана салып иш кана сала албаган ишкерлер…

24. Сахнада жүргөн таланттардын майдаланып, тойдон өйдө көтөрүлө албаган токчулугу же фонограмма ыр менен ырдап жүргөн жалганчы жарчылар…

25. Башкалар араба түртүп керээли кечке беш жүз сом таап жатса, төрт саатка төрт миңдин ордуна 400$ сураган алып баруучулар…

Элүү жылда эл жаңы. Элдин өзү козголуп, элдин өзү ойлонмоюнча жогорудагы жосунсуз жоруктар кайталана берет.

АШКАЗАНДЫН КЕБИН КЫЛЫП АТА-ЖУРТКА КЫЗМАТ КЫЛЫНБАЙТ.

ОЙЛОНОЛУ жана ОЙГОНОЛУ

ИДРИС АКЫН 24.06.2019

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button