Чыңгызхандын Бухарага шаарын алуудагы амалкөйлүгү

Чыңгызхан Бухарага кол салганда шаардын дарбазаларын бузуп кире алган эмес.  Анткени, эл шаарды эрдик менен коргоду.
Ошондо Чыңгыз хан кат жазды:
«Ким бизге кошулса, мен амандык берем!»
Каттан кийин шаардыктар экиге болунушту.
Бир бөлүгү шаарды акыркы тамчы каны калганча коргош керек десе, экинчи бөлүгү моңголдор менен макулдашалы деп баштады.
Кийин Чыңгызхан багынууну каалагандарга атайын кат жазган:
Шаарды коргогондорго каршы биз менен бирге туруп согушсаңар, мен силерге шаардын мүлкүн, султан болуу жана башкаруу жагын берем!- деди.
Чынгызхандын жоокерлеринин катарына мансапкорлор, коркоктор, чыккынчылар кошулду.
Натыйжада ошол чыккынчылар «жеңишти».
Чынгызхан шаарга киргенде эң биринчи кылган иши ошол саткындарды башын алыш болду, тарых барактарында жазылып калган бул сөздү айтты:
-Жакындарына чыккынчылык кылгандар мага ишенимдүү болушмак беле?!
Ибн Асирдин «Аль Камил фит Тарик» эмгегинен.
Салим Айюби

One Comment

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.