28.1 C
Bishkek
16.06.2025
Рубрикасыз

Чубак ажынын устазы болгон Садыбакас ажы Доолов боюнча 10 факты

🔷 1. Садыбакас ажы Доолов молдо Шарап уулу Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чабуу айылында 1969-жылдын, 21-апрелинде туулган.

🔷 2. Ал 1986-1991-жылдары Душанбеде жеке медреседе шарияттан билим алган.

🔷 3. Садыбакас Доолов Кара-Балта шаарындагы Ислам институтунун ректору (2016-ж.) болгон.

🔷 4. Учурунда Абдышүкүр Исмаилов, Дүйшөн Абдылдаев, Садык Гавай менен биргеликте «Ыйык Куран маанилеринин кыргызча котормосун» даярдаган авторлордун бири. Бул китеп Ыйык Курандын маанилерин кыргызча окугусу келгендер үчүн эң маанилүү колдонмо катары алдыңкы орунда келе жатат.

🔷 5. Көп жылдар бою Кыргызстандагы Ислам университетинин проректору жана “Куран нуру” Ислам институтунун ректору болуп иштеген.

🔷 6. Жаш кезинде илим алууга катуу берилип, ордунан турбай отура бергендиктен бутунан суу алдырган.

🔷 7. Белгилүү аалым, раматылык Чубак ажы Жалиловдун устазы болгон. Убагында Чубак ажы да бул боюнча айткан.

🔷 8. Садыбакас Доолов 2021-жылы Кыргызстан Уламалар кеңешинин мүчөсү болгон. Учурда Бишкектин Свердлов районунун баш имам хатиби кызматында.

🔷 9. Ал социалдык тармактарда баракчаларды активдүү колдонот. Instagram’да 122 миң, YouTube’да 192 миң, Facebook’та 1688, Telegram’да 2070 катталуучусу бар.

🔷 10. Садыбакас ажы ОшМУнун «филология» багыты боюнча светтик билим алган. Ал кыргыз тилиндеги нукура сөздөрдү, арап тилин мыкты билгендей билет. Чечендик өнөр боюнча, грамматика, филология боюнча мыкты билимге ээ.

Related posts

Ноокат районунда экстремизмдин жайылышынын алдын алууга багытталган профилактикалык иш-чара өткөрүлдү

Нарында «Жаштар арасында экстремизм жана терроризмдин алдын алууда мамлекеттик органдардын ролу» аттуу иш-чара өтүп, бир катар дин кызматкерлери сыйланышты

Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев Алай районунун тургундары менен жолукту

2 комментарий

Марат 08.07.2022 at 09:35

Садыбакас ажы Сынган кылыч романын 14 жолу окуганын айткан

Reply
binance registracn'y bonus 04.11.2024 at 01:32

I don’t think the title of your article matches the content lol. Just kidding, mainly because I had some doubts after reading the article. https://accounts.binance.com/sl/register-person?ref=OMM3XK51

Reply

Leave a Comment