Суроо-Жооп

Чубак ажы Жалилов менен турмуштук суроо-жооптор (70)

— Чубак ажы, бизде көрүстөндөр 100, 200, керек болсо, андан да көп жылдар бою мазар сыяктуу сакталат эмеспи. Ата-бабанын жаткан жери ыйык таризинде бааланып… Ал эми арабдар беш жыл өткөндөн кийин эле үстү-үстүнө сөөктөрдү коё беришет турбайбы? Мунун өзү өлгөн адамга карата сый-урматтын болбогонун каңкуулабайбы?

— Эреже катары айтыла турган кеп: бир адамга бир көрүстөн таандык болот, анын үстүнө башка бир адам коюлбайт, кандайдыр бир максатта иштетилбейт. Пайгамбарыбыз Алайхис Салам айтат: “Маркумга ыза берүү, ага тирүүсүндө ыза бергенге тете” (Ибну Аби Шейба, Мусаннаф). Азирети Ибну Масьуудтан көрүстөндүн үстүнөн басып жүрүү жөнүндө сурашканда, “мусулман адамды көзү тирүүсүндө кордогонду жаман көрөм, мусулман адамды көзү өткөндөн кийин да кордогонду жаман көрөм!”, деп жооп берди (Саьиид бин Мансуур).

Көрүстөндөр толуп, жаңы көрүстөн ачууга мүмкүнчүлүк болбосо, жаңы көрүстөн ачуу айдоо жерлерди жеп баратса, же таптакыр эле жер табылбай калса, анда зарылчылык туулгандыгы себептүү, эски көрүстөндөрдү кайрадан пайдаланууга берилсе жарай берет. Бирок ошол көрүстөндөгү сөөктөр топуракка айланып калган болуусу шарт кылынат. А эгер топуракка айланып кала элек болсо, анда анын үстүнө башка маркум коюлбашы кажет.

Маркум топуракка айланып калгандан кийин зарылчылык туулса, башка маркумдарды коюуга, же башка максатта иштетүүгө жол берилери туурасында аалымдарыбыз төмөнкүлөрду айтышат. Ибну Аабидин Ханафий айтат: “Имам Зайлаьий Ханафий мындай дейт: “Маркумдун сөөгү чирип, топуракка толугу менен айланып калган мезгилде, ал жерге башка жаңы маркумду коюуга, дыйканчылык кылууга, үй салууга уруксат берилет” деп.

Имдаад китебинде айтат: “Жогорудагы маселеге Татаархаания китеби каршы чыгат. Татаархаания мындай дейт: “Эгер маркумдун сөөктөрү чирип, топуракка айланып калса деле, анын үстүнө башка маркумдарды коюу макрух амал болуп эсептелет. Анткени адегенде көмүлгөн маркумдун урматы сакталууга тийиш!”.

Ибну Аабидин Ханафий айтат: “Бирок, ошол Татаархааниянын маселесин кармануу кыйынчылык, машакатты туудурат. Эң эле ылайыктуусу, уруксат берүүнү маркумдардын сөөктөрүнүн чирип, топуракка айлануусуна байлоо абзел. Антпесе көрүстөндөр айдоо аянттарын, үй салына турган аянттарды кысып, айрыкча чоң шаарларда кыйынчылыкты пайда кылат!” (Хаашия, 3\138-138).

Имам Айний Ханафий айтат: “Эгер маркумдун сөөгү чирип, топуракка айлана турган болсо, анын ордуна башка маркумду коюуга, эгин-тегин эгүүгө, үй куруп жашоого жана башка жолдор менен иштетүүгө уруксат берилет” (Биная шархул Хидаая, 3\295).

Маркумдун сөөгү чирип, топуракка айланып калгандыгынын мөөнөтүн ар бир чөлкөмдүн жер адистери, тажрыйбалуулары баяндап беришет. Маркумга болгон сый-урмат ал көмүлгөн жерди аздектөө менен чектелип калбайт. Артында калган перзенттери акыйкаттын туура жолунда жүрүшүп, такыбаа пенделерден болушса, Кудайдын айтканы менен болушуп, шайтандын сыйыртмагына илинишпесе, мына ошондой үлгүлүү уул-кыздар ата-энесине дуба кылса, жакшылык деген, урмат-сый деген мына ошол. Азирети Абу Хурайра риваяттаган хадисте пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: “Адам уулу бүл дүйнөдөн өткөн соң, анын аткарып жаткан сооптуу иштери токтойт. Бирок үч нерседен сооптуу иштер үзүлбөй барып турат: алгачкысы садака жария – жалпы эл пайдаланып турган кайрымдуулук иш (оорукана, жол, мектеп, мечит, көпүрө, медресе ж.б.ларды салса), экинчиси пайдаланылып жаткан илим калтырса (китеп жазса, шакирт калтырса, китептерди басып чыгарса ж.б.), кийинкиси саалих перзенттери артынан дуба кылып турса” (Муслим 1631). Хадистен көрүнүп тургандай, “артында калган саалих перзенттери дуба кылып турса” деп айтылат. Демек перзенттер саалих-такыбаа болгонго аракет кылуулары, ата-эне да көзү тирүүсүндө балдары саалих-такыбаа болгонго тарбия берүүлөрү кажет. Андан сырткары, ата-эненин бир туугандары менен катташуу, достору менен мамиледе болуу, алардын бүтпөгөн иштерин бүтүрүү сыяктуу, алардын атынан жакшылык иштерди жасоо сыяктуу ырасмилер турат.

    — Кыргыз баласы өлгөн соң, бир жылдан кийин аш берилет эмеспи. Бул жагына кандай карайсыз?

— Бул жакшылык иштер заманга жараша өзгөрүп да турат. Илгери байынан кембагалы, тогунан ачы көп болуп, ток бала ач бала менен ойнобой турган замандарда, ата-энеге жакшылык кылуу катарында жарды-жалчыларды тоюндуруу, аларга тамак берүү үчүн аш беришкен. Ошентип аш берүү деген салтыбыз пайда болгон. Аш жегенче биротоло көңүлүн көтөрө кетсин деп оюн-зоок да уюштурган эр кыргыз. “Жаман атка жал бүтсө жанына торсук байлатпайт” деп, кайран кыргыз, “кедейдин бир тойгону – орто байыганы” деп курсагы тойгонго каниет кылган ынсаптуу көңүлү ток кыргыз мына ошол жерден “ыразборкасын” баштаган. “Көкөтөйдүн ашы – көп чырдын башы” деген кеп азыркыга чейин актуалдуулугун жогото элек. Көкбөрү тартышкан жерде жигиттер бири-бирин камчыга алса, “устукан туура эмес тартылды” деп кудасы мурчуйса, кудагыйы алып келген кездемесинин кадырын кудагыйы билбеди деп таарынып, себетин көтөрө чаап оолугуп, эки жылдан кийин козу союп таарынычын жазып жүрүп, аш берет да кыргыз. Садагаң кетейин кыргызым, ошол аш бергенден да башка сооптуу иштер бар экенин үйрөнүп алса жакшы эле болбойбу?!

Мисалы: балдарга татыктуу билим берүү, кедей-кембагалдарга үй куруп берүү,  кышында көмүр түшүрүп берүү, ай сайын азык-түлүгүн жеткирүү, саан уй алып берүү, атайын кээ бир адистиктерге жакшы окуган балдардын контракттарын төлөп берүү, бойдокторду үйлөндүрүү, баскан жолдорубузга таш төшөп берүү, суу чыкпаган жерлерибизге суу чыгаруу, шаар-кыштактарды көрктөндүрүү сыяктуу. Мен билгенден Камчыбек Ташиев агабыз мына ушул маанини мыктылап түшүнгөн инсан. Саалих перзент болуп, намазын каза кылбастан дуба кылат, жол салып, садака жария аткарат. Бир жеп тоюп, анан калса таарынып кеткен аштан, канчалаган жылдар кызмат кылган жолдун, спорт сарайлардын, мечиттердин сообу көп эмеспи. Сарпашев Эркин агабыз Көк-Жаңактын көчөсүн калтырбай таш төшөп, мечит салдырып, мектебине көз салганы азыркынын ашы эмей эмне?

Ооу-у, кыргыздар! Келгиле, аш берүүнүн жаңыча жолдорун да издейли?.. Боз үйдө жашап калбастан эки кабат тамга көчкөн кыргыз, атка минип эле калбастан машине айдаган кыргыз, бешбармакка эле чектелбестен лагманды кошо жеген кыргыз, аш берүү менен чектелбестен, бир-эки кадам алдыга жол таштайлы…

    — Маркумдардын жакындары биринен сала бири эрегишип, чоң-чоң эстеликтерди тургузуп атышкандарына не дейсиз?

— Ал эми даңкайтып эстелик койгондон маркумга сооп деле жетпейт. Тирүүлөрү мактанганга, же каргага коночо болгонго жарабаса, башка сооп деле болбойт андан. Маркумга жамгыр жеткирбей турган кылып тоссо, маркум Алланын ырахматын – жамгырды эңсеп жата берет, эстелик курган уулу менен кызын каргап… “Ушуга кетирген акчаңды тирүүмдө эмне бербедиң мага? Мага бербесең да бир муктажга берсең, ошондон сооп келип тураар беле, аттиң балам, өзүң билгенди кылбай Чубак ажынын айтканын уксаң мага жакшылык кылган болор белең… Мага чала, сага динди окутпаган… Кантейин, үнүм сага жетпейт… Эми деле кеч эмес. Ийгиликтин эрте-кечи жок. Садагаң кетейин балам, намаз оку, арак ичпе, никесиз кыздар менен жүрбө, уурдаба, жалган айтып, жалаа жаппа!” деп үнсүз айтып жаткандыр… Анын айтканын сен койгон туздай оор таш угузбай басып жаткандыр… Жер үстүндө арман бар, жер астында андан да үлкөн армандар бар… Топудай топурак баарын жаап турат мостоюп…

— “Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер” деген кеп бар эмеспи кыргызда. Мейли, атасын өлтүргөндү байыркы салт боюнча кечирсин, деги бу жалган дүйнөдө бири-бирине кылган жамандыктардын кечирилбей турганы барбы? Эми бу жаатта түрдүү мисалдар көп да…

— Пайгамбарыбыз Алайхис Салам айтат: “Ырайым кылбагандар ырайым кылынбайт!” (Бухарий, Муслим). Бул дүйнөдө пенделер ортосунда кечирилгис күнөө болбойт. Баардык күнөөнү кечирүү керек. Ансыз мусулманчылыктын даамы, ыймандуулуктун жыты калбай калат. Мунун фалсафий маанисин жаземдебей түшүнгөн кеменгер эл “атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер” деп ток этер жерин кесе айткан эмеспи…

Кечиримдүүлүктүн керемет пайдаларынын кээ бирин айта кетсем:

  1. Жамандык кылганды кечире билүү, пенделик алсыздыкты баалай билүү – бул Жараткандын амирине моюн сунуу, Жараткандын кечиримин үмүт кылуу демектир;
  2. Кечиримдүүлүктө коомчулуктун биримдиги, ынтымагы турат. Кечиримдүүлүккө барбай коюу ыркты кетирет;
  3. Кечиримдүүлүк Алла Тааланын ыраазылыгын табууга себеп болот;
  4. Кечиримдүүлүк такыбаачылыкка себеп болот. Куранда “кечиримдүү болгонуңар такыбаалыкка жакындыр. Бири-бириңерге кылган айкөлдүк, өз ара жакшылыктарыңарды унутпагыла” (Бакара:237). Кечиримдүүлүк такыбаа пенделердин сапаттарына кошулат;
  5. Ким кечирсе, жандүйнөсүндөгү ырахатты сезет;
  6. Кечиримдүүлүк ызат-урматты арттырат. Пайгамбарыбыз Алайхис Салам айтат: “Пенде кечиримдүүлүк менен сый-урматка гана жетет” (Муслим, 2588).
  7. Кечиримдүүлүктө жүрөктүн бейпилдиги, жан ырахаты, адамдын кадыр-баркы бар.
  8. Кечиримдүүлүк менен пендеси Кудай алдында да, инсандар арасында да махабатка ээ болушат.

— Элибизде “түшүндө эшек минген адамдын жолу ачылат” деп коёт эмеспи. Эми бул өңүттө ар кандай түштөрдү, ага карата жорумдарды айта берсек арбын. Деги эле сиз түш сырлары, аян берүү боюнча кандай дейсиз?

— Пайгамбарыбыз Алайхис Салам айтат: “Чынчыл, туура түш пайгамбарчылыктын кырк алтыдан бир бөлүгү!” (Бухарий 6472, Муслим 4201).

Түштүн тууралыгы, түш ээсинин канчалык туура сүйлөп, жалгандан оолак болгондугуна байланыштуу. Пайгамбарыбыз Алайхис Салам айтат: “Канчалык туура сүйлөгөн, ошончолук туура түшкө ээ болот”. (Муслим 4200).

Пайгамбарыбыз Алайхис Салам айтат: “Түш үчкө бөлүнөт: Алла Тааладан келген (рахмааний) түштөр, шайтандан капалантып келген (шайтааний) түштөр, инсандын ойгоосунда болгон иштери көрүнгөн (нафсааний) түштөр!” (Бухарий 6499).

Туура түш көрүп, ошол аркылуу жашоосундагы багытын оңдогусу келген адам, чын сүйлөп, адал оокат жеп, шариаттын буйруктарын так аткарып, Алла Таала тыйган арам иштерден тыйылып, пайгамбарыбыз Алайхис Саламдын сүннөтүн карманса, жатаарда толук даарат алып, кыбыланы жазданып жатса, көргөн түшү туура чыгат.

Эң туура түштөр саарлык иче турган маалда көрүлгөн түштөр. Ким жаман (шайтааний) түш көрсө, сол тарабына үч ирет түкүрүп, “Аьуузу биллаахи минаш шайтаанир рожиим” дегенди айтса, шайтан жамандык кылуудан тосулат (Бухарий 6594, Муслим 5862). Ошондой эле башка капталына оодарылып жатсын (Муслим 5864). Эч кимге айтпасын.

Ким жакшы түш көрө турган болсо, Алла Таалага мактоо айтып, “Алхамдулиллаах” десин. Жакшыларга сүйүнчүлөсүн. Жакшы көргөн адамдарына айтсын, жаман көргөн адамдарына укчукпасын.

Ким болбогон (нафсааний) түш көрсө, “бу сапар түшүм түлкүнүн богу экен” деп маселени токтотсун.

Түштө эшек көргөндүн маанисине токтололу. Түш жоругандардын имамы Ибну Сиирииндин айтымында, эшек ар кандай абалда кирүүсү мүмкүн:

  • Эшек чоң, алыбеттүү, зор болуп кирсе – ээсинин даражасынын жогорулаганы;
  • Эшектин жакшы басканы – дүйнөлүк пайдага туйтунаарды билдирет;
  • Эшектин ак түстө болгону – ээсинин диндар, урматтуу болуусуна ишаарат;
  • Эшектин арык болуусу – ээсинин жакырлануусуна белги;
  • Эшектин семиз болуусу – ээсинин бай, бадавлат болуусуна багыт;

Эшектин түсүнүн кара болуусу – ээсинин сүйүнүүсүнө, кызматка келүүсүнө, ооматтын оошуп келүүсүнө, бийликке болгон далаалат;

  • Токулган эшек – кадыруу баланын төрөлүүсүнө белги;
  • Эшектин куйругунун узундугу – дөөлөтүнүн, бийлигинин убактысынын узундугу;
  • Эшектин өлүүсү – кожоюнунун өмүрүнүн аз калганына алаамат болот.

Эшекке байланышкан түштүн калган-катканын муктаждыкка жараша, шарттары менен керек болгонго айтып берербиз. “Кур аякка бата жүрбөйт” дегендей, түштү жоруй билүү деле оңой эмес. Көздүн майын кетирип китеп окуйт, окуганын анализдейт, түштү аңдайт, андан соң окуганы менен айтылган түштү баамдап, жыйынтык чыгарат. Түш ээсинин кебетесине да көз кырын салат.

Гезит бетине мындан башка түш боюнча суроолорго жооп бере албайбыз.  Анткени бул жалкоо кыргыздын уйкусу эле көп, уйкусу көптүн иши аз болуп, түшү да мол болот. Анын баарын жоруй берсең, гезит бети түтөбү?..

— Ойчул, чыгармачыл адамдарга дааратканада (туалетте) отурганда уникалдуу идеялар келгенин окуп, угуп деле жүрөбүз. Эгерде ошондой шартта жакшы ойлор келип атса, жерип салбай, акырын тымпыйып барып, ишке ашыра берсе болобу?

— Ойчулдар эмес жөнөкөйлөргө деле сиз айткан жерде, душка түшүп жаткан учурда ар кандай чечилбеген маселелердин жооптору келе баштайт. Айрыкча  калем-кагаз жок жерде тим эле шуулдайт. Отурган жериң ошол, бирок оюң менен парламентте, же Гаага сотунда адвокат болуп отурасың. Мунун себеби эмнеде?  Мына ушундай кичинекей бөлмөчөлөрдө адам баласы өзүн адаттагыдан эркин сезет экен. Ар кандай басымдардан кутулуп, “эл эмне дейт?” дегендин тизгининен бошонуп чыгат экен. Мээде бактылуулуктун гормондору бөлүнүп чыгып, өз ишин кыла тургандыгын Гарвард университетинин аалымдары изилдеп чыгышыптыр. Мээ башка нерсеге көңүл бурбай, өзүн эркин сезгенде гана ушундай кереметтерди сунуш кыла баштайт окшобойбу…

— Эмне кылуу керек?

— Мээ дайыма ушинтип сааттай болуп чыкылдап иштеп, продукция берип туруусу үчүн эмне кылуу керек? Албетте, ыймандуулук, ар бир нерсени Кудайым көрүп-билип турарын унутпаган терең ынаным керек. “Адамдар эмне дейт?” дегенден, өзүбүз колубуз менен жасап алган жасалма тосмолордон суурулуп чыгып, өзүбүз үчүн жашаганда гана жогорудагыдай жакшы акыбалга келебиз. “Адам баласы өз колу менен курган цивилизациянын курмандыгы болуп калды” деген маани жатат бул жерде. Ошол атың кургур даараткана (ансыз жашооң оңтоюна келбейт) менен жууна турган бөлмөчөбүздө гана өз эркиндигибизге ээ экенбиз да көрсө! Байкуш адамзат… эмнеге мынча кор болду десеңиз?..

— Эми ушунча болуп калды…

— Туура айтасыз… “Эрдик кылып кой союп, иттик кылып төш тартпай”, даараткананга кирүүнүн адептерин айта кетейин:

  1. Дааратын бузуп жаткан пенде кыбыланы карабастан, кыбылага артын салбастан отуруусу кажет (мүмкүн болсо, албетте, болбосо, даараткананы куруп берген прораб бул маселени билбей, ката курган болсо айла жок, анда бир аз кыйшайып отурганга туура келет);
  2. Жыныстык мүчөсүн даарат бузуу жана тазалануу учурунда оң колу менен кармалабастан, ал милдетти сол колго өткөрүп берүү милдет;
  3. Отурган абалында даарт бузуу. Кичи заара кылганда деле отуруп даарат бузуу динге ылайык;
  4. Дааратканага кирерде “бисмиллахи, Аллаахумма иннии аьуузу бика минал хубуси вал хабааиси” дубасын айтып, андан соң кирүү;
  5. Дааратканага атайын бут кийим менен кирүү;
  6. Дааратканага баш кийим менен кирүү;
  7. Эч кимге көрүнбөй даарат бузуу;
  8. Авретин үч ирет кургак тазалап, андан соң суу менен тазалоо да көркөм маданият. Кээде ушул маданиятты билбегендер акыл үйрөткөнүн көргөндө жакаңды карманасың;
  9. Даарат бузуп жатканда, муктаждык болбосо, сүйлөбөстөн жумушун бүткөрүү. Ал жер кыңылдап ырдай турган жер эмес. А бирок, катуу чыгарылган радиону укса жарай берет;
  10. Мүмкүнчүлүк болушунча эртерээк чыгууга аракет кылуу. Кээде кээ бир адамдар даараткананын эшигин тыкылдатып турушат. “Иши бүткөн адам ал жерде эмне отурат экен” деп ойлонбойбу десең?..
  11. Дааратканага сол бут менен кирип, оң бут менен чыгуу;
  12. Дааратканадан чыкканда “гуфраанака” деген дубаны айтуу;
  13. Дааратканадан кийин эки колду жакшылап чайкоо;
  14. Дааратанада тамеки тартпоо, тамекини дегеле таптакыр тартпай коюу андан бетер жакшы. Жеңишбек акын айтып жатпайбы “тамеки тарткандардын аялы өмүр бою эркектин жытын жыттабай арманда өтүшөт” деп.

Жогорудагы суроонун кыскача жообу: ооба, ошол пикирлерди пайдаланып адамзатка пайда келтирсе эмне үчүн болбосун?

— Операция аркылуу эркек менен кыздардын жыныстарын алмаштырган учурлар бара-бара таңкалычтуу деле болбой калат го? Жынысын алмаштыргандарга оюңуз кандай?

— Шариатта жынысын алмаштыруу күнөө катары кабылданат. Жынысын алмаштырууга ыктыяр бизге берилген эмес. Бир гана учурда: адам эки жыныстуу болуп төрөлсө, кайсы жагына көбүрөөк оосо, ошол жыныстык мүчөсүн калтырып, экинчисин алып салганга болот. Бул сыяктуу операцияны каалаган адамдар менен психологдордун иштешүүсү ийги. Алардын аң-сезиминдеги бузуку түшүнүктөрдү айдап чыгуу зарыл. Кээде аларга дем салдыруу жакшы натыйжа берет.

Жынысын өзгөртүүгө жардам берген дарыгерлер жана башка адамдар да бирге күнөөлүү болуп эсептелишет. Кыяматта жооп берет. Арам иш кылган өкүмү ыйгарылат.

Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

1 пикир

  1. Эркелешип атып Кошулбай эле суюктук чыгып кетсе ооз бузулабы же орозону уланта берсе болобу?

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close

Adblock Detected

Please consider supporting us by disabling your ad blocker