Суроо-Жооп

Чубак ажы Жалилов менен турмуштук суроо-жооптор (69)

— Фатва деген эмнени түшүндүрөт? Акыркы убакта “фатва бөлүмү”, “фатва бериптир”, “фатва берүүчү адам” деген кептерди угуп жүрөбүз…

— Фатва деген эмне? Фатва берүү жана фатва менен алектенүү өтө жоопкерчиликтүү жана оор жүк. Ошол себептен ислам аалымдары фатва маселесин чоң аманат катары туюшуп, ал жөнүндө төмөнкүдөй сөздөрдү айтышат.

Имам Караафий: “Муфтий (фатва берүүчү адам) Алла Тааладан келген котормочу” деп айткан. Имам Ибнул Коййим: “Муфтий өзүнүн фатвасы менен Алла Тааланын атынан кол коёт” деп, андан да тереӊирээк маанини айтат. Ал эми Имам Шаатибий болсо фатва менен алектенген адамды мындайча сүрөттөйт: “Ислам үммөтүндөгү муфтийдин орду, пайгамбарыбыз Алайхис Саламдын ордунда из басуучу болуп турат. Анын далили катары бир нече мисалдарды келтирсек болот. Алгачкысы пайгамбарыбыз Алайхис Ссаламдын “Уламалар пайгамбарлардын мураскорлору” деген хадиси болсо, андан кийинки далил, фатва менен алектенген адам пайгамбар Алайхис Саламдын шариятты жеткирүүдөгү орун басары болот…”.

Фатва деген эмне? Ислам укуктарынын негиздери (усул) жана ислам укугу (фыкых) аалымдарынын фатва туурасындагы сөздөрүнүн жыйынтыгында төмөнкү аныктама чыгат:

Фатва – кайсы бир жаӊы пайда болгон суроого милдеттүү түрдө аткарылуусу шарт болбогон абалда, жалпылай көрсөтмө берилип, шарьий далилдердин негизинде айтылынган диний маселедеги Алла Тааланын өкүмүнөн кабар берүү. Жөнөкөйлөтүп айтканда, фатва дегенибиз “диний маселеге жооп берүү”. Шарьий маселе дебестен диний маселе деп айткандын төркүнү, фатва менен алектенген адам шарьий (фикхий амалий) эле маселе менен чектелбестен, акыйда маселелери, жүрүш-туруш нормалары, аят-хадистерге шарх (комментарий) берүү, диний тарыхий, пайгамбарыбыз Алайхис Саламдын өздүк тарыхы (сиро) менен да алек болот.

Кайсы бир жаӊы пайда болгон суроого жооп берүү фатва деп аталат. А эми суроо суралбастан туруп маселе айтылынган болсо, бул учурда иршад (багыттоо) деп аталат. Ал эми жаӊы пайда болбостон мурда айтылган суроого берилген жоопту кайталаса таалим (үйрөтүү) деп саналат.

Ал эми шарьий далилдердин негизинде берилген жооп фатвага эсептелинсе, ойдон чыгарылган, же божомол менен кыялданып айтылынган, же болбосо шарьий эмес (мисалы: гуманитардык жана так ) илимдердин далилдери менен айтылган жооптор да фатвага эсептелинбейт.

Жогорудагы фатванын аныктамасында “жалпы көрсөтмө берилүү” туурасында айтылды. Муфтийдин берген фатвасы жалпы мусулмандардын баарына тийиштүү болуп саналат. Башкача айтканда, айтылынган фатва-жооп, фатва сураган адамга гана тиешелүү болуп калбастан, калган момун мусулмандар үчүн да пайдаланууга жарактуу болот. Шарьий казынын (соттун) өкүмү өкүм чыгарылган адамга гана таандык болуп саналат. Ошол себептен ислам дүйнөсүндө улуу уламаларыбыздын фатва жыйнактары китеп түрүндө кеӊири таралган. Ханафий мазхабындагы фатва жыйнактарына төмөнкү китептер кирет:

  1. Хулаасатул фатаава, Имам Бухаарий (542-х.ж.),
  2. Фатаава Каази Хан, Имам Каазы Хан Өзгөндүк (592-х.ж.),
  3. Кинятул муня (кол жазма), Имам Заахидий (658-х.ж.),
  4. Ал Фатаава Ат Таатаархаания, Имам Ал Ансаарий (786-х.ж),
  5. Жаамиьу ал фатаава (кол жазма), Имам Хамидий (860-х.ж),
  6. Мухиммаатул муфтий (кол жазма), Имам Ибн Камаал Бааша (940-х.ж),
  7. Ал Фатаава ал зийнийя, Имам Ибн Нужейм (970-х.ж),
  8. Ал Фатаава ал адлийя (кол жазма), Имам Ал Айдииний (978-х.ж),
  9. Фатаава ат Тумуртааший (кол жазма), Имам Тумуртааший (1004-х.ж),
  10. Ал Фатаава ал Хойрийя, Имам Ар Рамлий (1081-х.ж),
  11. Ал Фатаава ал Анкарувийя, Имам Ал Анкарувий (1098-х.ж),
  12. Ал Фатаава ал Хиндийя (ал Ааламгирийя), Индустан уламалар жамааты,
  13. Ал Укууд ад дуррийя фии танкиихи алфатаава ал Хаамидийя, Имам Ибн Аабидин (1252-х.ж), ж.б.

Жооптун милдеттүү түрдө аткарылуусу шарт болбогон абалда берилүүсү фатва деп саналат. Анткени шарьий казынын өкүмү аткарылуусу милдеттүү түрдө болгон жооп деп таанылат.

Фатва берүүчү инсанда табылуусу милдеттүү болгон кээ бир шарттар:

  1. Чебер дасыккан уламалардын колунан фыкых илимин окубастан, өз алдынча фыкых китептерин окуган адамдын фатва берүүсү дурус эмес. Себеби, фыкых китептердин өзүнө гана таандык услуб-усулу болот. Кээде аалымдар китептин башка бир жеринде чечмелеп айтылынган учурга же болбосо окуучунун түшүнүгүнө таянып мутлак (жалпылай) мааниде сөз айтып, мукайяд (чектелген) маанини акылда кармоолору мүмкүн. Араб тилин толук билүүнүн өзү фатва берүүгө жетишерлик болбойт.
  2. Чебер дасыккан уламалардын колунда фыкых илимин окуунун өзү, ал адамга фатва менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк берет деп ойлоонун өзү натуура. Балким, фыкых илимин окуу менен биргеликте, ошол окуучу адамда өкүмдөрдүн негиздерин, анын канундары менен эрежелерин, себептери менен далилдерин түшүнгөнгө идирек менен жөндөмдүн жана этибарга алынчу китептер менен фатва берилчү маселелерди ажырымдоочу илимий өнөрдүн пайда болуусу кажет. Бул өнөр менен жөндөмдүн пайда болуусунун далили – ошол илим талап кылган адамга, устаздары тарабынан фатва берүүгө берилген уруксат наамалары жана ижаазат шарифтери.

Ханафий мазхабында фатва берчү адам “маселелерде мужтахид” болуусу шарт катары табылат. Ал эми азыркы учурда фатва берчүлөр мажаазий (каймана) түрдө муфтий деп аталат. Акыйкатында, даяр маселелерди айтып берүүчү жана  фатва берүүгө ылайык болгон уламалардын фатваларын карапайым адамдарга түшүндүрүп жеткирүүчү болуп саналышат.

Чындыгында абалкы аалымдардын китептерин окуп түшүнүүгө жетишип калуунун өзү эле илимдин туу чокусуна жетүү деп саналат.

— Саалиха аялзаты деген терминди молдокелер көп колдонушат. Мунун кыргызча мааниси эмне жана деги эле саалиха аялзаты дегенде кандай аялзатын түшүнүүбүз кажет?

— Саалиха аял заты…

Ал – эркек үчүн жалган дүйнөнүн эң жакшы белеги!

Ал – жубайынын бактылуу болуусунун себеби!

Ал – жубайынын ырахаттануусунун себеби!

Ал – жубайынын жакшылыгына жардамчы болгон адам!

Саалих эркек саалиха аялдын кадырын билип, аны коргоп, сыйлап жана аздектеп күтөт. Ал алган жарынын саалихалардан болуусуна көмөкчү болуп, жакшылык иштердин жарчысы болуусуна өбөлгө түзөт. Жыйынтыгында жубайлар дүнүйө акыретте бири-биринин бактылуу саалихтерден болуусуна ыңгай жаратышат.

Саалиха аялдын белгилери:

  1. Өзүн жана үйүн күйөөсү барында да, жогунда да сактап, жолдошу жек көргөндөн оолак болуусу;
  2. Намаз, орозо сыяктуу ибаадаттарга бекемдиги;
  3. Айтылган осуятка акылы жана жүрөгү менен кулак салып, жаңжал менен пикир келишпестиктен ыраак болуп, адеп менен баарлашууну өздөштүрүү;
  4. Көркөм кулк-мүнөз, жана адептүү мамиле менен зыйнаттануу;
  5. Жаман жана уяттуу сөздөрдөн оозун, үнүн бийик көтөргөндөн өзүн сактоо;
  6. Көркөм динибиз менен адептүү жүрүм-турумга каршы келбеген баардык иште жолдошунун талаптарын аткаруу, ага моюн сунуу;
  7. Күйөөсүнө жылуу жүз менен карап, анын жүрөгүн эзген сарсанаасын жеңилдетүү. “Ашың жок болсо да кашың жокпу?”;
  8. Перзенттерине салих тарбия берип, аларга көркөм динибиз менен жакшы кулк-мүнөздү үйрөтүү, илим алууга жана жакшылыкты жакшы көрүүгө багыт берүү;
  9. Күйөөсү үчүн жасанып, жыпар жыт менен аруулануу. Мүмкүн болгон сулуулугунун баарын күйөөсүнө арноосу кажет. Жолдошунун көзү аялын көргөндө сүйүнүп түрсун. Анын мурду аял тараптан жазды тартуулаган гүлдүн жыпарын гана искесин. Анын кулагы аял тараптан күмүш күлкү менен эрте жаздагы жанга жагымдуу жамгырдын терезе черткилегениндей майин сөздөрүн гана уксун. Аялды жүрөгү менен жакшы көрүп, ага жакын турганда өзүн бактылуу сезе тургандай болсун;
  10. Сабырдуу болуу. Сабырдуулуктун түрү көп. Саалиха аял күйөөсүнүн колу жукалыгына сабыр кылып, анын колунан келбегенди талап кылбайт. Сабырдын түбү сары алтын. “Сабырдуу жетээр муратка, сабырсыз калаар уятка”. Күйөөсү ачууланса, андан бетер ачуусун келтирбестен, жылуу сүйлөп, анын ыраазылыгын табууга дилгирленет. “Жылуу сөз жыланды ийинден чыгарат”;
  11. Кайын журтуна кадырлуу мамиле жасап, улуусуна урмат, кичүүсүнө кызмат көрсөтөт. “Ээсин сыйласаң итине сөөк сал”;
  12. Үйдөн тышка адаттан сырт чыкканда күйөөсүнүн уруксаты менен гана чыгат;
  13. Кайсы бир нерсени айткысы келсе, же бир нерсени сурагысы келсе, ылайыктуу убакытты тандоосу кажет;
  14. Бой көтөрүү менен текеберликтен жаа бою качуу;
  15. Күйөөсүнө болгон сүйүүсүн көрсөтүп, анын сезим-туйгуларын сыйласын;
  16. Күйөөсүнүн катасын бетине ачык айтпай, айла-амал, акыл-эптүүлүк менен оңдоого аракеттенет;
  17. Күйөөсүн башка эркек менен салыштырбайт. Анын алдында башка эркектердин жакшы сапаттарын айтып мактабайт;
  18. Гыйбат сүйлөбөйт;
  19. Чын сүйлөп, жалгандан жаа бою качат;
  20. Жубайлык жашоодогу сырларды сыртка чыгарбайт, жайбайт;
  21. Аманатка бекемдик;
  22. Күйөөсүнөн уруксатсыз нафил орозо кармабоо;
  23. Кийиминде, жүрүш-турушунда, сөзүндө эркектерге окшошпоо;

— Даарат маселеси динибизде өтө зор мааниге ээ. Даарат алууда суунун тазалыгына көңүл бөлүү арийне талап кылынган нерсе. Дааратка кандай суулар жарайт да, кандай суулар жарабайт?

— Дааратка жарактуу суулар жөнүндө. Даарат алат (даарат алуучу же намазды каалоочу инсан) асман жана жер суулары менен (ошол суулар) көпкө туруп калуу менен өзгөрсө да, же ага таза нерсе аралашып кеткен болсо да. А бирок, (ошол таза нерсенин аралашуусу, асман-жер сууларын) суунун табиятынан чыгарган (ажыраткан) учурда жана таза нерсеге кошуп бышыруу (сууну) өзгөрткөн учурда, ал өзгөрүлгөн нерсе менен тазалык максат кылынбай тургандардан болсо, анда даарат алууга жарабай калат.

Асман сууларына жамгыр, шүүдүрүм, кыроо, эриген кар жана мөндүр кирет. Жер сууларына булак, кудук, көл, көлмө, дарыя жана деӊиз суулары кирет. Бул суулар менен даарат алса да жарайт, гусул алса да жарайт. Автор даарат алса болот деп жаткандыгын, гусулга караганда дааратка көбүрөөк муктаждыгыбыз чыгат деп боолголосок болот.

Көпкө туруп калуу менен суунун даамы, же түсү, же жыты өзгөрүүсү мүмкүн. Өзгөрсө да, жыттанса да бул суу дааратка жарайт.

Таза нерсенин аралашуусу дегенде топурактын, жалбырактардын, же жыттуу чөптөрдүн, заьфарандын, көкөмерендин, жалбыздын, самындын, ж.б.у.с. аралашып калуусун түшүнөбүз. Ал аралашкан таза нерсе топурак сыяктуу жер жынысынан болгондугу, же самын сыяктуу тазалыкты максат кылынган нерсе болуусу, же жөн эле таза нерсе болгондугу эч кандай мааниге ээ болбойт. Бул учурлардын баарында дааратка жарайт.

Ал эми таза нерсе аралашып, сууну суунун табиятынан ажыраткан учурда дааратка жарабай калат. Мисалы, сууга талкан чалганда, же унду аралаштырып камыр жууруганда. Суунун табияты – суу жаралганда берилген сапаты. Суюктугу, агуусу, кандыргандыгы жана өстүргөндүгү суунун табиятын түзөт. Туздуу сууларда акыркы эки сапат эске алынбайт. Сууга аралашкан таза нерсенин өлчөмү суудан көбүрөөк болуп калганда, суунун табиятынан чыгарган болуп эсептелет. Ал эми түс суунун табиятына кирбейт деп түшүнөбүз. Тагыраагы, сууга аралашкан таза нерсе суунун түсүн өзгөрткөн учурда да, ал суу дааратка жарай берет.

Сууга аралашкан таза нерсе менен чогуу бышырган убакта, ал бышкан нерсе менен адатта тазалык максат кылынбай турган нерсе пайда болсо, анда ал нерсе менен да даарат алууга болбойт. Мисалы, таза сууга койдун куйругун салып койгондон суу бузулуп калбайт. Себеби койдун куйругу таза. А бирок ошол куйрук салынган сууну кайнатсак, суубуз сорпого айланат. Адатта, сорпо менен тазалык максат кылынбайт. Сорпо менен кийим жуулбайт, бети-кол жуулбайт деген эле сөз. Сорподон башка нерсе максат кылынат. Ал курсак тойгузуу.

Кээде сууга таза нерсени салып, аны кайнаткандан кийин да тазалыкты максат кылса жарай берет. Мисалы, сууга кээ бир жыпар жытуу чөптөрдү салып кайнатып, кайнаткандан пайда болгон суюктукка даарат алса жарай берет. А бирок, көбүрөөк кошулуп, кайнатуунун натыйжасында сууну табиятынан ажыраткан учурда, жогоруда айтылгандай, даарат алууга жарабай калат.

Сууга нажас аралашып калган учурда, эгер суу агын болсо, же онго он (зирааь-чыканак, т.а. он квадрат чыканак) болуп, кол менен суу алганда, түбү ачылбай турган (көлчө) болсо суу нажас болбойт. А бирок ал нажас, агын суунун же көлчөдөгү суунун даамын, же түсүн, же жытын өзгөртсө, же суу агын болбой калса, көлчөнүн аянты менен тереӊдиги (шариат талабына) туура келбей суу нажас болот.

Нажас деген эмне? Шариат тараптан булганыч деп эсептелгендер. Өз ара оор жана жеӊил, ошол эле учурда негизи нажас болгондор (нажас айн), жана нажасаттангандар деп бөлүнөт. Жеӊил нажаска эти желген жаныбарлардын заарасы кирсе, оор нажаска адамдын заарасы кирет. Негизи нажас болгондорго заара кирсе, нажаасаттангандарга заара тийген кийим кирет.

Сууга кайсы бир нажас аралашкан болсо карап көрөбүз. Эгер суу агын болсо, ал нажас менен булганып калбайт. Бирок агын суунун сыпатынын бирин же баарын (даамын, түсүн, жытын) өзгөрткөн учурда нажаска айлантып коёт. О.э. суу агын болбой калган учурда да сууга аралашкан нажас, аралашуусу менен дароо нажаска айлантат.

Агын суу деген эмне? Адамдар адатта агын суу деп эсептеген суунун баары агын сууга эсеп болот. Кээ бирлер “иштетилүүсү кайталанбаган сууну” айтса, башкалары “саманды агызган сууну” агын суу деп тариптейт. Ошондой эле чоӊ идишке жогортодон келип куюлуп турган сууну да агын суу катары карашат. Аккан сууда арам жок.

Ошондой эле онго он зирааь (чыканак) аянтты ээлеп, тереӊдиги кол менен суу алганда түбү ачылбай турган болсо, ошол көлмөгө нажас түшсө сууну булгабайт. А бирок нажас суунун сыпаттарынын бирин же баарын өзгөртүп койгон учурда сууну нажаска айлантып коёт. О.э. онго ондон көлөмү аз болуп калган учурда сууга аралашкан нажас аралашуусу менен дароо нажаска айлантат.

Кудай Таалам алган даараттарыбыз менен барыбызды аруулаган болсун, оомийин!

Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

1 пикир

  1. Ассаляму алейкум урматтуу ажыке менин суроом бар эле мен азыр орозо кармап жаткам куйоом тундо мага тийшип жатып бел суусу агыптыр кошулган жокпуз мен билбеймдагы Эми мен гусул алып анан оозум бекитишим керекпи? Рахмат

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close

Adblock Detected

Please consider supporting us by disabling your ad blocker