alternatetext Багымдат: 04:33 | alternatetextКүн чыгуу: 06:14 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:51 | alternatetextШам: 19:51 | alternatetextКуптан: 21:36
Суроо-Жооп

Чубак ажы Жалилов менен турмуштук суроо-жооптор (64)

1) Айт күнү кир жууса өлгөн маркумдун көзү ачышат, кийим тиксе көзүнө ийне сайылат деп ырымдап жүрүшөт. Ушул туурабы? Аллахым ыраазы болсун, рахмат.

Жооп: Жок, бир боорум. Андай айтылган маселе жок. Болгону, айтты айтка ылайык майрамдык шаани менен өткөрүү сүннөт болгондуктан, элибизде сиз айткан кеп айтылат.

Эгерде, жума же айт күнү кир жууй турган болсоңуз, ошол кир жуу иш жараяны майрамдык маанайды пайда кылууга себеп боло турган болсо, анда кир жууган, же үй жыйнаштырган сооп болот. Имам Бухарий жана имам Муслим риваятында Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат:

“Жума күнү гусул алуу ар бир бойго жеткенге ваажып!”

Хадистин мааниси: эл чогулган коомдук жайларга катышууну каалаган адамдар таза жунуп, жаман жыттардан арууланып катышуусу милдеттүү. Аруулануунун шарттарынын бири таза кийимдерди кийинүү болот. Таза кийимди кийүү үчүн аны жууганга туура келет. Мына ушул максатта кир жууса күнөө болбойт, тескерисинче, сүннөткө амал кылган болот.

А бирок андай максатта эмес, жөн эле жумуш кылайын деп майрамдык маанайга маани бербесе, анда бул адам кандайдыр бир деңгээлде күнөөкөр болот. Имам Тирмизий, имам Абу Дауд, имам Насааий, имам Дааримий, имам Ахмаддар риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат:

“Арапа күнү, Курман айт күнү, Ташриик күндөрү, биз мусулман журтчулугунун майрам күндөрү! Бул күндөр тамак-аш ичүүнүн күндөрү.”

Хадистен көрүнүп тургандай, бул күндөрү орозо кармаган жакшы эмес. Кээ бир аалымдардын пикиринде орозо кармоо майрамдык маанайга туура келбеген көрүнүш болгондуктан, ар бир эле жумуш майрамдык маанайга туура келбесе, ошол эле учурда аны аткарбай коюу шариятта күнөөкөрчүлүктү талап кылбаса, андан оолактануу жакшы жумуш болуп эсептелет. Муктаждыгы жок болсо майрам күндөрү үй жыйнаштырган, кир жууганды ошол себептен болбойт деп айтып келишкен.

Кеменгер кыргыз муну бир ооз сөз менен “Койчунун кызы кой келгенде иш кылат” деп айтып койгон. Кээ бир кайсар адамдар айт күндөрү иш кылып калат кыйраткансып, башка күндөрү уктайт. Ошолорго айтылган кеп. Туурасын Алла Таала билүүчү!

2) Мен оронуп жүрөм, бирок Москвага барсам жоолугума карап окууга да, ишке да албай койду. Чечип койсом болобу?

Жооп: Жок, бир тууганым! Ишке, же окууга кирүү үчүн жоолугун чечип салуу динибизге туура келбейт. Жоолуксуз окугандан көрө окубай ак койгон жакшыраак. Жоолук парз. Сени багуу ата-энеңе, эркек бир туугандарыңа парз. Турмушка чыксаң, жолдошуңдун багуусу парз. Алардын баары жок болсо, диниң бузулбаган абалда жумушта иштесең болот. Мисалы, жалаң аялдар иштеген жерде жылаңбаш иштесең жарайт.

3) Мен операция жолу менен төрөгөм. Курсагымда тырык бар. Угушумча Алланын алдына таза барыш керек экен, мындайча айтканда, денеге бычак тийгизбей. Ушул чынбы? Анан баламды да көргөн жокмун. Чарчап калыптыр. Өзүм 4 күн комада жатыпмын. Дарыгерлер болсо баары Кудайдан дешип, башка сөз айтпай коюшту. Кудай берген баланы айы-күнүм жетип ооруканага басып келип ушундай абалга туш болуп олтурсам, өзүң өлсөң да баланы куткарыш керек болчу деген сөздөрдү уктум. Ушул уккандарым чынбы? Жооп берип коё аласызбы?

Жооп: Бир ит көрүп үрөт, бир ит көрбөй үрөт. Адамдардын сөзүнө маани бербе. Ит үрө берет кербен жүрө берет. Керек болсо курсагыңдагы тырыгың төрөгөндүгүңө, тирүү менен өлүүнүн ортосунда ажал менен арбашып, ары барып бери келгениңе күбө. Ким тирүү калат, ким акыретке сапар тартат, ал Алла Тааланын иши. Өзүң комада жатсаң, аны кантип тирүү сактап калмак элең? Эмчегиңде сүт болуп туруп бербей койсоң, же шалаакылык кылып ысык сууга күйгүзүп алсаң, же иштеймин деп аны бакпай койсоң, жыйынтыгында өлүп калса, мына ошондо күнөөкөр болмоксуң… Маселе сен айткандай болсо, сен күнөөкөр эмессиң…

4) Айт күндөрү кандай жүрүш керек? Эмнелерди кылса болот жана эмнелерди кылбаш керек?

Жооп: Айт күнү мусулман пендесинин төмөндөгүдөй адептерди кармануусу жакшы иш:

1. Айт намазын окуу үчүн айт намаз окула турган жайга чыгуудан мурда үстү-башын жууп тазалап, гусул алуу; Пайгамбарыбыз алайхис салам Орозо айтка чыгардан мурун гусул алып чыгар эле. (Имам Малик, Муватта 428).

2. Орозо айтка чыга турган адам бир нерсе (үч төрт даана курма) жеп, ал эми Курман айтка чыга турган адам эч нерсе жебей айт намазга барып, намаздан кийин чалынган курмандыктын эти менен оозанганы жакшы иш. Пайгамбарыбыз алайхис салам Орозо айтка чыгарда так сандагы курма мөмөсүн жеп чыгар эле. ( Имам Бухарий 953).

3. Такбир айтуу:

“Аллааху акбар, Аллааху акбар, Лаа илааха иллаллооху валлооху акбар! Аллааху акбар! Ва лиллаахил хамд”.

Айт күнү айт окулчу жайга чейин утур-утур айтып баруу сүннөт. Курман айт күндөрү намаздан кийин айтыла турган такбир, Арафат күнү Багымдат намазынан башталып, тээ айттын үчүнчү күнү Аср намазына чейин 18 намазга айтылат.

4. Айт менен куттуктоо; Мусулмандар бири-бирин айт менен куттуктап, “Кудай окуган намазыңызды кабыл этсин, жакшылыктарга жеткирсин!” деген тилектерди бири-бирине айтуу да жакшы иш. Сахабалардын доорунан бери келе жаткан берекелүү амал. (Фатхуль Баарий, 2446, Иснады хасан)

5. Айтка жасануу: Жакшы атырларды куюнуу, жакшы кийимдерин кийүү, оозун мисвак менен тазалоо, бут кийимдердин жакшысын кийүү, сакал-чачтарын иретке келтирүү ж.б.у.с. (Бухарий 948, Ибну Хузейма 1765).

6. Айт окулчу жайга бир жол менен барса, кайтканда башка жол менен кайтуу. (Бухарий 986). Көп адамдарга салам айтуу, аларды айт майрамы менен куттуктоо, жаш балдарга майрамдык белек берүү сыяктуу жакшы жөрөлгөлөргө мүмкүнчүлүк берүү.

7. Кыргыздарга тиешелүү дагы бир жакшы салтыбыз — тууган-урук, тааныш-туунуштарды аралап айттоо;

5) Мен күйөөм менен ажырашып кеткем. Аны менен ажырашарда күйөөмдүн досуна турмушка чыкмак болуп, күйөөмөн талак сурасам бербей койгон. Ал кезде мен Орусияда, күйөөм Кыргызстанда болчу. Талак бербей койгону үчүн нике кыйдырган жокмун. Бирок бир айдай аял-күйөөдөй болуп жашадык. Тигил күйөөм экөөбүздүн ортобузда бир уулубуз бар. Мен тиги бала менен урушуп кетип, жашай албай Бишкекке келип алгам. Азыр мурунку күйөөм элдешели деп жатат. Бирок элдешкенден да уялып жүрөм. Башкага турмушка чыгам деп кайын журтума уят болгом. Ошол себептен элдешпей жатам. Сизден кеңеш сурайын дегем. Буга кандай карайсыз?

Жооп: Эми сен, карындашым, жакшылап тооба кыл! Чындап ыйласа сокур көздөн жаш чыгат дейт. Андан кийин бир айыз (этек кир) өткөрүп туруп, кайрадан мурунку күйөөңө бар. Адашкандын айыбы жок, кайтып үйүрүн тапкан соң деп айтат кеменгер журт. Талак бербегенден кийин никени жаңыдан кыюунун зарылчылыгы жок. Уялуунун кереги жок. Ким эле баарын жайында кылып, периште болуп кетиптир. Кам сүт эмген пенде болгондон кийин катачылык кетет. Маселе, ал катаны кайра кайталабай, туура жолдо жүрүүдө.

Ал эми, жанагы бир аз күнөө кылып жашап калган күйөөңүздүн досу менен бет келишпегенге аракет кылыңыз.

6) Биздин айылда мечитте жума намазынан кийин этият шарт бешим окулат. Ошонун кереги барбы, жокпу? Тактап алайын дедим эле.

Жооп: Көпчүлүк ханафий мазхаптын аалымдары этиет пешим окуганды жактырышат. Мен да ошолорду колдогон илим изилдөөчүлөрдөн (таалиб илим) болуп эсептелем.

7) Муфтияттан чыгарылган намаз календарында куптандын убагы 22:25те экен. Азанды 22:15те чакыра берсе болобу?

Жооп: Календарды карап, так аткаруу милдеттүү болот.

8) Менин бир кыз, бир уулум бар. Балам эки жашта. Эмчектен бир жашар кезинде чыккан. Бирок экинчимди төрөгүчө оозуна салып уктачу. Азыр кызым жыйырма күндүк. Балам чырдап ыйлап жатат. Экөөнү тең эмизсем болобу же жокпу?

Жооп: Эки жарым жашка чейин эмсе боло берет. Бирок, сүт кыздын акысы. Кыз тоюп, андан ашкандан кийин гана уулуңузду эмизсеңиз болот. Валлооху аьлам.

9) Биздин бир балабыз бар, жолдошум баланы бир жаш алты ай болгондо сүттөн чыгарып (себеби ошол маалда окууга тапшыра турган маал болот) мени медресеге окутуп, “Өзүм башка аял алам. Сен медресени бүткөнчө башка там салып берем” деп жатат. Бирок менин окуп, илим-билим алгым келет, Аллах жолунда.

Жооп: Кандай ой жүгүрткөн адам экен сенин күйөөң деп ойлонуп жатам. Кандай болгон күндө да кеңешип кескен бармак оорубайт. Сага үй салып бергени, сенин илим алганың жана анын экинчи аял алганы ар башка маселе. Күйөөң сага адегенде үй салып берсин, андан кийин экинчиге үйлөнгөндүн аракетин көрсө жакшы болгону турат. Бала эки, эки жарым жыл эмгени сүннөткө ылайык болот.

10) Орсок тишти брекет коюп түздөсө болобу? Атам Кудайдын бергенине шүгүр кылуубуз керек деп каршы болуп жатат.

Жооп: Орсок тишти брекет коюп түздөсө болот. Ал эми түптүз эле тишти, андан да сулуулатам деп ортосун ачтырып өгөөлөтсө болбойт.

11) Биз үч күндүк мастуратка май айында чыкканбыз, эми экинчи жолу кайсы айда чыгышыбыз керек? Июлдабы же августтабы?

Жооп: Ошол региондогу мечиттин машварасынан сурагыла.

12) «Ак шумкар — жаштар коомдук бирикмеси» жөнүндө өз оюңузду билдирүүңүздү суранат элем. Рахмат.

Жооп: Бул Темир Аргенбаевич Сариевтин “Ак шумкар” партиясына тиешеси барбы же кандай? Темир мырзаны кыргыз элинин патриот жигити, чыгаан саясатчы катары билем.

13) Москва шаарына эч бир махрамсыз жөнөп атабыз. Бизге махрам эркектер даюс болуп калабы, же кандай?

Жооп: Ооба. Сизди караган жоопкер махрамыңыз кыяматта жооп берет.

14) Эгер кыз хижап кием десе, бирок ата-энеси уруксат бербесе кыз эмне кылат? Ата-энесинин сөзүн угабы же хижап кие береби?

Жооп: Жоолук Аллах Тааланын парзы. Ата-энени сыйласын, жоолугун салынсын.

15) Мен бир кызды жакшы көрөм. Аны окутуп сүйдүрүп алсам болобу? Ага үйлөнөм деген ниетим бар.

Жооп: Окутуп-чокутуп деген болбойт. Жарамсыз жумуш. Кудайдан корк. Алла Таалага кайрылып дуба кылсаң, кабыл болсо ажеп эмес.

16) 2014-жылы келин алдык. Диндеги, оронгон медик кыз. Бир балалуу болгондон кийин адамга жакпаган өнөрлөрү чыкты. Мисалы, көзүнө бир нерселер көрүнөт. Көчөгө чыкканда аркасынан бирөөлөр видеого тартат имиш. Эки жүздүү кыялы бар экен. Психикалык жетишпестиги бар экен. Ата-энесин чакырсак алып кетип, 20 күн өтпөй дарылаттык деп алып келишти. Өз үйүнөн балта, дагы көп нерселерди алып келген. Окутулган деп ойлойбуз. Ошондон бери уруш жаңжал…

Жооп: Айыл аксакалдары, эл жакшылары бардыр ошол тегеректе. Ошолорго салгыла…

17) Баланы 2 жаштан өткөндөн кийин эмизсе арам болобу?

Жооп: Эки жарым жаштан кийин деп айтылат. Анткени, ал убактан кийин ал эненин акысына кирип калат.

18) Чачы өрүлгөн аялдар гусул алганда чачына жөн эле масх тартса болобу?

Жооп: Ооба. Чачтын астында калган баштын терисине суунун толук жетүүсү шарт.

Булак
"Саресеп"

Бул да кызыктуу

1 пикир

  1. Мен тип кызды жактырам. Бирок ал кыз экообуздун уурубуз бир. Экообуз баш кошсок болобу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button