alternatetext Багымдат: 06:00 | alternatetextКүн чыгуу: 07:31 | alternatetext Бешим: 13:16 | alternatetextАср: 17:12 | alternatetextШам: 18:58 | alternatetextКуптан: 20:32
Суроо-Жооп

Чубак ажы Жалилов менен турмуштук суроо-жооптор (54)

Коомдун бактылуулугу үй-бүлөгө байланыштуу

Үй-бүлө бактылуу болсо коом дагы бактылуу болушат. Эгер үй-бүлөдө маселе жаралып, бакубат жашай албаса анда анын кедергиси коомго да тийип, бакубаттуулук коомдо да жоголот.

Үй деген касиеттүү нерсе. Курани Каримде Алла Таала «Нахл» сүрөөсүнүн 80-аятында: «Алла Таала силердин үйүңөргө жан үрөгөн тынчтык, жан эргиткен бейпилдик», — дейт. Алла Таала ушундай кылып жараткан. Анткени адам үйүнө барганда эс алат, өзүн кенен сезет. Ушул нерсени ар бир адам жакшы көрөт. Ал эле эмес адамдын уйкудагы жана уктабай ойгоо жүргөндөгү убактысын экиге бөлүп карай турган болсок, анда өмүрүнүн жарымы үйүндө өтөт. Демек үй-бүлөдөгү бактылуулук адамдын бактылуу болушунун негизги өзөгүн түзөт десек болот.

Алла Таала Курани Каримдин «Ахзаб» сүрөөсүнүн 33-аятында: «Аялдар үйлөрүндө олтурсун. Аялдар үйлөрүнүн куту болсун. Алгачкы доордогудай болуп, көчөгө кийимсиз чыгып албасын», — деп жазылган. Демек аялдардын өзүлөрүнүн аврат жерлерин сактоосу, абийирин сактоосу жана үй-бүлөнүн дөөлөтүн кармап туруу аялдардын үйдө олтуруусу менен болот. Демек бул дагы үй-бүлөнүн бактылуу болушунун дагы бир очогу деп айтсак жаңылышпайбыз.

Бану Назир деген жөөт урууларынын үйлөрүн өз колдору менен бузуп кеткендигин Курани Каримде баяндайт: «Алла Таала «Ахли-Китабдардан» болгон капырларды Шам жергесине чыгарды. Алар үйлөрүн өз колдору жана момундардын колдору менен бузушту. Эй акыл-эси барлар, мына ушундан үлгү алгыла». Бул пайгамбарыбыздын доорунда үйлөрүнүн бекемдиги жана бийиктиги менен мактанып келген Бану Назир урууларын үйлөрү урап калганы жана буга Жараткандын кудурети жеткендигин түшүндүрөт. Мында бир чоң ишарат бар. Эгерде бир адамдын үйү бийик болуп, үй-бүлөсү бактылуу жашап, канчалык бай болуп, бийликте отурбасын Кудай Таалага жакпай калса, анда Жараткан аны бат эле жок кылып коюусу толук мүмкүн.

Ошондой эле адамдын үй-бүлөсү бактылуу болуп турса дагы ошол бакубаттуулукту сактап калуу, ошону коргоп кийинки муунга мурас кылып өткөрүп берүү бул абдан чоң жоопкерчилик.

Алла Таала Куранда:

«Оо, ыйман келтиргендер! Отуну адамдар менен таштан болгон тозоктон өзүңөрдү жана үй-бүлө, бала-бакыраларыңарды сактагыла», — дейт.

Үйдү куруу, аны оңдоо жана тиричиликти жөнгө салуу маселеси – өзүңүздү жана үй-бүлөңүздү тозоктон сактоонун жолу. Анткени үйү бар адамдын көнүлү жай болуп, курсагы ток болот. Дайыма үйүнө токтоп көңүлү жай алып, эс алат. Эгерде адамдын үй-бүлөсү жайында эмес болсо анда ал адамдын бактысы албетте толук эмес.

Алла Тааланын элчиси пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) риваятын азирети Анас бизге айтат:

«Жараткан ар бир адамга кандай жоопкерчилик берсе ошол жоопкерчиликти сурайт, ошол үй-бүлөнү аманатка берсе үй-бүлөнү сактап кала алдыбы же аны талаалатып таратып ийдиби деген сурак сөзсүз түрдө болот. Ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрүнүн абалын дагы жоопкер кишиден сурайт».

Башка бир хадисте,

«эгерде кайсы бир адам өзүнүн тилине ээлик кыла ала турган болсо бул адамга сүйүнчү болсун» — деп айтылат.

Демек тилине ээлик кылган адам баарына ээлик боло алат дегенди билдирет. Бул адамдар бактылуу болушат. Ошондой эле өзүнүн үйүнө өзүн батырган адамдарга сүйүнчү болсун деп да айтылат. Үйүнө батпай, кире албай калган адамдар дагы бар. Же болбосо кандайдыр бир себептер менен чайкана, кафе-ресторанда жүрүп, бирок үйүнө кире албаган кишилер дагы жок эмес. Муну менен биз үйүнө батпай, жыла чыгып калган адамдарды да бактысыз десек болот. Ал эми жумушу бүткөндө же башка иштери бүткөндө үйүнө шашып тургандар бар. Бул жубайларга тиешелүү. Жубайлардын үйгө шашып туруусу ошол үйдө бакыт бар экенинен кабар берип турат. Бирок үйдө аялым же күйөөм мени күтпөйт деп барбай койсо, балдарын сагынып аларды көрүү үчүн дагы үйгө келбей койсо бул жакшылыкка алып барбайт. Ошондой эле өзүнүн катасын билип, ошого өкүнүп ыйлаган адамга дагы сүйүнчү болсун деп Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) айтып кеткен.

Ал эми Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) башка бир хадисинде,

«беш түрдүү адам бар. Аларга Алла Таала бейишке кирүүгө кепилдик берет. Алардын биринчиси ооруган адамдарды зыярат кылып, ал-абалын сурап барган адам» — дейт.

Демек оорулуунун акыбалын сурасаң айыккандай болуп сүйүнүп калат. Ал эми хадистин уландысында, «экинчиси бир маркум өтүп кетсе анын жаназасына туруп ээрчиген адам» — деп айтылат. Биз адатта жаназага туруп коюп эле кетип калабыз. Эгер маркумду мүрзөгө чейин коштоп барып, топурак салып, Куран окуп кайта турган болсок бул дагы бейишке кирүүбүздүн негизги себептери болуп калат. «Үчүнчүсү элдин, мекендин, жердин, диндин коопсузудугуна коркунуч жаралып жана ага каршы күрөшкө аттанган, ниети түз болгон инсанга дагы Алла Таала бейишти убадалаган. Ошондой эле Кудай жолунда адилеттүү падыша болуп, «туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок» — деген принципти бекем кармангандар дагы жогорудагы айтылгандардын катарына кирет. Акыркысы коомдо ызы-болуп, фитна жаралганда ал адам үйүнө кирип тынч отурат. Кишилер мындан аман болот, бул дагы кишилерден аман болот». Адам адам менен адам. «Киши болор кишинин киши менен иши бар» — деген сөз бар. Демек, адам коомчулук менен адам. Бирок кээ бир учурда коомдо ызы-чуу жаралып кетип, бир адам эшикке чыгып бир адамды эриктирбей эки адамды зериктирбей, төрт адамды бири-бири менен кайраштырганчакты үйүндө тынч олтурганы жакшы болот. Бул адамга Алла Таала бейишти убада кылган. Демек ушундай кырдаал жаралганда кирип кете турган үйү бар адам чоң бакытка ээ болгон болот.

Ар бирибиздин үй-бүлөбүздүн болгону макул нерсе. Шарты болуп, элүүгө чыгып алып деле үйлөнбөй жүрө бергендер сөзсүз үйлөнүшү керек. Үй-бүлөдөн эч кимибиз качып кутула албайбыз. Үй-бүлөнү сактоо жана ага кам көрүү биздин милдетибиз.

Пара бербестен, бара бер

Паракорлук арам. «Бакара» сүрөөсүнүн 188-аятында: «Дүнүйө-мүлктөрүңөрдү өз ара ортоңордо арам жолдор менен жебегиле! Өзүңөр арам экендигин билип туруп, адамдардын акысын арам жол менен жеш үчүн анын кээ бир бөлүгүн акимдерге пара катары бербегиле!» — десе, «Маида» сүрөөсүнүн 46-аятында жөөттөрдүн жаман кулк-мүнөзүн баяндап келип: «Жалгандарды (туура эмес күбөлүктөрдү) көп угушат, ачуу келтиргендерди (параны, арам акчаны аянбастан) көп алышат», — деп айтылат. Азирети Умар: «Ачуу келтирген нерсе – бул пара»,- деп баса белгилейт.

Азирети Саубан айтат:

«Пайгамбарыбыз (алайхис салам) пара берүүчүгө да, пара алуучуга да, экөөнүн ортосунда ортомчу болгонго да лаанат (каргыш) айтты!» (Мажмаьуз завааид 4198, Канзул уммаал 657).

Азирети Анас Пайгамбарыбыз (алайхис салам) айтат:

«Ким кайсы бир ишти бүтүрүү үчүн пара алган болсо, аны менен жаннаттын ортосу тосулат!» (Канзул уммаал 660).

Пара эмне үчүн берилет?

1. Өкүмдарга, сотко акыйкатты кара деп, караны акыйкат деп өкүм чыгаруу үчүн пара берүү. Бул түрдөгү пара берүү шексиз арам. Далил катары жогорудагы аят-хадистерди келтирсе болот.

2. Өзү жарамсыз болгон ишке туруу үчүн, кээ бир мансаптарды сатып алуу үчүн пара берүү. Бул түрдөгү пара шексиз арам. «Ниса» сүрөөсүнүн 58-аятында мындай делет:

«Акыйкатта, Аллах Таала силерди, аманаттарды өз ээлерине жеткирүүгө буйруйт!»

3. Өзүнө таандык болгон укукту талашып, кайра өзүнө кайтарып алуу үчүн, же болбосо өзүнө келе турган зулумдукту кайтаруу үчүн берилген пара. Бул учурда пара алган күнөөкөр болуп, пара берүүчү күнөөкөр болбойт. Абу Лейс Самаркандий айтат: «Биз мына ушул фатваны карманабыз. Малы менен өзүнө келе турган зыянды, балээни кайтаруу үчүн пара берсе болот!» (Ал жаамиь ли ахкаамил кураан, Куртубий 6183-184).

Пара берүү азыркы учурда, ансыз жашоо болбочудай көрүнүп калган убак. Пара берүүнүн жолдору да ар кандай ыкмалар менен ишке ашып келет.

1. Ачык түрдө, Кудайдын каарынан коркпой алган пара.

2. Бадарке деп жасалгалап, кичине уялымыш этип алынган пара. Белек берүү түпкүлүгүндө шарият тараптан жактырылган ийги нерсе. Пайгамбарыбыз (алайхис салам) айтат:

«Бири-бириңерге белек беришкиле! Ортоңордо бири-бириңерге махабат, жакшы көрүү пайда болот». (Абу Яьлаа, Муснад, Абу Хурайрадан). А бирок, белек демиш болуп пара берүү шексиз — арам».

Имам Ахмад айтат:

«Ким бийликке келип калган болсо, адамдардын белектерин албасын!..» (Мукниь 3612).

Ибну Тиин айтат:

«Кызматкерлерге берилген белек пара болуп эсептелет, ал белекке кирбейт. Себеби, кызматы болбогондо ага белек берилбейт эле». (Умдатул каары 11407).

Бул түрдөгү пара алуучулар да түрдүү болот. Эң негизгилерине токтолобуз:

• Имамга берилген белектер. Фыкых китепте-рибиздеги бул маселедеги «имам» сөзү чоң имамга, тагыраак айтканда, мусулмандардын падышасына, өкүмдарына айтылат. Ибн Аабидин «Хаашиясында» (5338) айтат:

«Падышага белек алууга болбойт. Себеби өкүмдар бардык кызматкерлердин үлгүсү болууга тийиш.

Пайгамбарыбыз (алайхис салам) айтат:

«Падышаларга, амирлерге берилген белектер, олжого келген малдан уурдап алгандай эле арам өкүмүндө!» (Файзул кадиир 6357).

Адилет падыша Азирети Умар бин Абдулазизге белек берилип, ал кабыл алуудан баш тарткан учурда, ага:

«Эмне үчүн белек алуудан баш тартасыз? Пайгамбарыбыз (алайхис салам) белек алчу эле го?» — дешет.

Кайран киши мындай деп жооп берет:

«Пайгамбарыбыздын (алайхис салам) Пайгамбар болгондугу үчүн жакындагыбыз келет. А, бизге бийликте болгондугубуз үчүн жакындагысы келишет. Экөөнүн айырмасы асман менен жердей». (Муьиинул Хуккаам 17)

Андан сырткары, Пайгамбарыбыз (алайхис салам) кимдир бирөө белек бергендиги үчүн жүрөгү ага ооп кетет деп айтууга болбойт. Ал эми биз пенделер бадарке берген адам, бакшыдай болуп турса деле, көзүбүзгө барандуу көрүнүп, итине сөөк салгыбыз келип калат эмеспи?! Туура, мурдатан алыш-бериш мамилеси болуп келген болсо, ал нерсеге тыюу салынбайт.

  • Сотторго берилген белектер. Соттор дагы адам. Адамдар менен мамилеси болот. Бирок ошол соттордун кээ бир учурларда алган белектери пара катарына эсеп болот. Мисалы: (А) Сотко иши түшүп келген адам белек берген болот. Ал адам сот менен мурдатан карым-катнашы болуп, же тууганчылыгы себебинен алыш-бериш кылып жүргөн болсо да, ушул учурда берген белеги пара болот. (Б) Ошондой эле сотко иши түшпөгөн адамдын, сотко белек берүүсү. Бул адам менен мурда-кийин алыш-бериш кылып көргөн эмес. Бул белек да пара болуп эсептелет. (В) Сот менен мурдатан алыш-бериш болуп келген. Сотко иши түшкөн жери жок. Бирок сот болуп иштей баштагандан кийин алыш-бериштин көлөмү көбөйө баштаган болот. Мына ошол ашыкчасы пара өкүмүндө каралат.
  • Муфтийге берилген белектер.

Эгер муфтийдин аалымдыгына, такыбалыгына, сүннөткө амал кылгандыгын урматтап бере турган болсо, албетте бул жакшы нерсе. А бирок дүнүйөлүк мурат-максатка жетүү үчүн, же туура эмес (өздөрүнө ылайык- туу/ред.,) фатва чыгарып берүү үчүн белек берилсе, албетте арам болот.

  • Мугалимге берилген белектер. Мугалимдин эмгегин баалап, ага белектер берилгени макул, мактоого ылайык. А бирок, жакшы баа коюп берүү үчүн берилген белектин баарысы арам, пара деп саналат.
  • Ортомчуларга белек берүү. Кайсы бир ишти бүтүрүп берүү үчүн мансаптууларга ортого түшө тургандар болот. Ошолордун ортого түшкөндүгү үчүн ала тургандарынын баары арам болот. Азирети Абу Умаама Пайгамбарыбыз (алайхис салам) айтат:
  • «Ким кайсы бир диндеш бир тууганына шапаатчы болуп, ишин бүткөрүп берсе, бүткөргөндүгү үчүн ага белек берилсе, ал аны алса, сүткордуктун эң чоң эшигинен кирген болду». (Ахмад, Абу Дауд) 3. Ачык пара бербейт, белек дагы бербейт. Бирок тиги адамдын муктаждыктарын бүтүрүп, ажатын ачып, кызматын кылып, пайдасын тийгизет. Мисалы:
  • Тиги адамга пара бербейт, бирок карыз акча берип турат. Жөн-жай кезде карыз бербейт эле, ишин бүтүргөнү үчүн карыз берип турат. Байхакийде Пайгамбарыбыз (алайхис салам) айтат: «Дүнүйө пайдасын алып келген ар бир карыз берүү – сүткордук» (Ибн Аабидин, Хашия 5372).
  • Тиги адамга пара бербейт, бирок колдонуп турганга буюмун берип турат. Мисалы, «үйүмө бекер жашап туруңуз» же «мобул «Мерседес S класс» машинени айдап туруңуз», — деп кызмат көрсөтөт. Бул да парага кошулат. Арам болуп эсептелет.
  • Тиги адамга пара бербейт, бирок кайсы бир менчигиндеги үйүн, же жерин тиги адамга өз баасынан арзан сатат. Элдер сатып алды деп ойлойт. А чындыгында, бир миллион турган үйүн буга жарым миллионго сатат, калганын пара катары берген бо луп саналат.
  • Тиги адамга пара бербейт, бирок «кызматыңа кызматым» деп анын башка ишин, татыксыз болсо деле бүтүрүп берет. Мисалы, соттогу бир ишин бүткөрүп берсе, ага кызматынан пайдаланып (мисалы, мэр болсо) жер тилкесин кесип берет, же (өкмөттө иштесе) уулун, же кызын кайсы бир кызматка коюп берет. Кызмат даражасын жогорулатат. Пара алуу төмөндөгү үч жолдун бири аркылуу такталат:

• Эки эркек адамдын күбөлүк берүүсү менен пара алгандыгы, бергендиги аныкталат. «Бакара» сүрөөсүнүн 282-аятында айтат: «Өз адамдарыңдан эки кишини күбөлүккө тарткыла!» Бир эркек, эки аял кишинин күбөлүк берүүсү менен да аныкталат. «Бакара» сүрөөсү 282-аятта айтат: «Эгер эки эркек күбө болбосо, анда өзүңөр ыраазы боло тургандай күбөлөрдөн бир эркек, эки аялды күбөгө тарткыла!»

  • Моюнга алуу. Пара алуучу, же пара берүүчү чын ыктыяры менен пара алгандыгын-бергендигин моюнга алып, ыкрар кылат. Шариятта балагатка жеткен акылдуу адамдын ыкрары ыкрар деп эсептелет.
  • Так кесе далалат кылган күчтүү далилдер менен аныкталат. Илимий жетишкендиктин натыйжасында пара алуу-берүүнү аныктоонун бир кыйла жолдору бар. Мисалы, атайын «пара» деп жазылган, же белги коюлган акчаларды пара катары берүү. Бирок өтө этияттык кылуу керек. Кээде ак адамды каралоо үчүн, андан бир нерсе сатып алган адам болуп, акысына, белги коюлган тыйынды берип, аны салып берүүсү мүмкүн. Зулумдук кылуу — арам. Пара алуучуга, берүүчүгө, ортого түшүүчүгө берилүүчү жазалар: Акчалай жаза салуу, камап коюу, балак уруу, кызматтан айдоо жана мамлекет тараптан бериле турган кээ бир жеңилдиктерден пайдалана албоо сыяктуу жазалар берилүүсү мүмкүн. Албетте, керемет шариятыбызда ар бир маселе дыкаттык менен изилденип, эң туура өкүмдөр берилет. Ар бир маселеге кеңири токтолот. Атайын эмгектер жазылган. Фыкых эмгектеринде атайын баптар, бөлүмдөр каралган. Өзгөчө жазылган эмгек катарында төмөнкүлөрдү мисал катары айтсак болот:

• «Жарийматур ришва фиш шариьатил исла- мия…» Д. Абдулла бин Абддулмухсин Тарифий.

  • «Жарааимур ришва фит ташрииь ал мис- рий…» Д. Ахмад Хафаажий.

Кудай Таалам өлкөбүздү пара алуучулардан, берүүчүлөрдөн, ортосунда жүрүүчүлөрдөн сактаган болсун. Кудай Таалам буларга туура жолдо жүрүүнү жазган болсо, туура жолго салган болсун. Туура жолдо жүрүү тагдырларына жазылбаган болсо, анда аларга ылайык жазасын берген болсун. Кудайым жаман жолдон оолактатсын! «Казанга жакын болсоң көөсү жугат», жамандардан ыраактатсын! Жакшынын шарапаты, жакшыларга жууктатсын. Кудайым бетин жуубагандардын көзүн каратпасын.

http://saresep.kg

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button