Макалалар

Чиркейдин керемети

Стамбул шаарында өткөн бүткүл дүйнөлүк 10-чу Куран жана Сүннөттөгү илимий белгилер боюнча өткөн конференцияда “Аль-Азхар” университетинин алдындагы жугуштуу оорулар институтунун мүдүрү,биология илимдеринин доктору Мустафа Ибрахим Хасан Ыйык Курандагы Бакара сүрөсүнүн 26 аятындагы: “Аллах бир чиркейди же андан да майдараак(жандыкты) мисал келтирүүдөн уялбайт” деген маанисине коомчулуктун назарын бурду.

Аяттагы “уялбайт” деген сөздүн өзү Жараткан Аллахтын астында чиркей да келишимдүү жана Аллах үчүн аны мисал келтирүү орундуу экенин айгинелейт.Бул мезгилге чейин момун мусулмандар бул аятты жөн гана окуп коюшуп,анын чыныгы маанисин жана эмне үчүн Аллах чиркейди мисал кылгандан тартынбагандыгынын сырын билишкен эмес.

Чиркей-Кудай Таала жараткан эң бир келишимдүү жандык экенин азыркы өнүккөн илим-технология айтып жатат.Жаратылышта чиркейдин 3000 ашуун түрү кездешет экен.Аяттын ичинде өтө көп маани-маңыз камтылган.Анткени дал ушул аятта чиркейди билдирген арабча “багъузатун” деген сөздү чиркейдин ургаачысына гана колдонушат.Көрсө чиркейлердин ургаачысы гана адам баласына конуп,анын тынчын алат экен.Алар адамдын канын азык катары эмес,а балким жумурткалардын өөрчүшүнө керектелчүү зат катары пайдаланышканы маалым болду.Табиятта чиркейдин салмагы араң гана 0,05 граммды түзөт экен,ал эми адам баласынын орточо салмагы 75 кг.Демек биз чиркейден 1,5 млн эсе чоң экенбиз.Бирок аяттагы “андан да майдараак” деген сөздүн түпкү маанисин азыркы илим чиркейден дал ошончо,же башкача айтканда 0,05 грамдуу чиркейден 1,5 млн эсе кичине жандыктар бар экенин белгилеген.Эгер сиздин бешенеңизде бир чиркей олтурса,ал сизден канчалык кичине болсо,дал ошончо эсе кичине жандык чиркейдин да бешенесинде олтурат экен.Элестетиңиз!!!

Жумурткадан чоң чиркейге чейин өз келбетин үч жолу өзгөрткөнү байкаган адамды таң калтырбай койбойт го.Жетилген чиркейдин кан соруу техникасы өтө татаал системага жана биргелешкен структуралардын ишмердүүлүгүнө көз каранды.Адамдын денесине коңгон соң,чиркей өз кезегинде кан соро туган жерди кылдаттык менен издейт.Чиркейдин ийнеси көптөгөн аспабтарды өзүнө камтыган ийне (шприц) сымал жана кан соруу учурунда ал артка жылат.

Ийне-бир эле учурда керектүү кан тамырды так аныктап,терини “аралап”, “тешип”, кан соргонго да жарайт.Кан тамырга жеткен соң терини тешүү процесси дароо токтойт.Андан соң кан соруу башталат.Адам баласынын организминде кандын коюлуп,кайра биригүүгүсү аркылуу анын токтоосун камсыздаган фермент бар экенин көбү эле билсе керек(“гемостаза”-свертывание крови).Бирок бул көйгөйдү да чиркей оңой эле басып өтөт.Кан соруудан мурун чиркей тешилген жарага атайын даярдалган суюктукту чача баштайт.Бул суюктук кандын коюлуусун токтотуп,көйгөйсүз эле кан сорууга мүмкүнчүлүк жаратат.Бир эле учурда бул суюктук тешилген жараттын оорусун да басканга жардам берет.Дал ушул суюктуктун таасиринен адам баласы кычыша баштайт.

Адамзат 20 кылымда гана түнү да көрүүгө мүмкүнчүлүк жараткан аппарат ойлоп тапса,чиркейлер бул аппаратка жумурткадан чыкканда эле ээ болушат экен.Кан соргондон мурун чиркей адам баласыны 6 км аралыктан да сезе алат.
Ушул нерселердин баары бизди бир топ түйшөлтүп,акыл эстүү адамдардын мээсинде суроо жаратат:
1.Абдан кичинекей болгон чиркей адам баласында кандын коюлуусуна себебчи болгон ферменттин бар экенин кайдан билет?
2.Аны билсе,ага каршы ферментти ойлоп табуусу үчүн татаал химиялык структураларды өздөштүрүшү керек эле.Мунун баарын кайдан үйрөндү?
3.Бул маалыматты билсе,кайсыл лабораторияда жасаганга жетишти?
4.Керектүү суюктукту керектүү убакытта жан керектүү өлчөмдө (дозада) чачууну кайдан окуду?

Суроолор абдан көп,бирок жообу жөнөкөй эле.Чиркей мунун баарын өзү эле өздөштүрүшү мүмкүн эмес эле жана мунун баарын асман жана жердин Падышасы,ааламдардын Эгеси-Жараткан Аллахтын дал Өзү кереметтүү бир системага койгон.Демек мунун баары адам баласынын алсыздыгын жана аны Жараткан Аллахтын кудуретин билдирип турат.
Башка бир аятта:

“Аллахтан башка силер дуба кылып жаткан “кудайлар” бир чиркейди да жарата алышпайт” деп келет” (Хаж сүрөсү, 73 аят).

Адам баласы абдан алсыз экендиги жана илим-техника канчалык өнүкпөсүн,жөнөкөй бир чиркей да жарата албаганы анык.Ошондуктан акыл-эс ээлери үчүн Аллахты даңктап,Ага шүгүр айтып,Анын мыйзамына баш ийгенден башка арга жок. Аллахым бизди Туура Жолдон адаштырбасын!

Макаланын автору:
Нуриет Мамасалиев
Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close