Биздин сайтыбызда иштөөнү жакшыртуу үчүн cookies колдонобуз. Биздин эрежелерге макулсузбу?
Макулмун
Formula.KGFormula.KG
  • Башкы бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
    • Даарат
    • Намаз
    • Орозо
    • Зекет
    • Ажылык
  • Аңгемелер
    • Таасирдүү окуялар
    • Өрнөктүү өмүрлөр
    • Турмуш таалимдери
    • Эне жөнүндө
    • Тарбия
  • Рубрикалар
    • Мультимедиа
      • Фото
      • Видео
      • Аудио
    • Ден-соолук
    • Китептер
    • Атактуулар ааламы
    • Пайдалуу кеңештер
    • Ырлар
  • Жардамчы
    • Намаз убактылары
    • Орозо календары
    • Мечит жана намазканалар
    • Кыргызстандагы медреселер
Окулуп жатат: Өчүргүч (Үйлөнгөндөр үчүн…үйлөнө электерге да…жана үйлөнүүнү каалагандарга…)
Бөлүшүү
Эскертмелер Көбүрөөк көрсөт
Аа
Formula.KGFormula.KG
Аа
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
  • Намаз убактылары
  • Башкы бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
    • Даарат
    • Намаз
    • Орозо
    • Зекет
    • Ажылык
  • Аңгемелер
    • Таасирдүү окуялар
    • Өрнөктүү өмүрлөр
    • Турмуш таалимдери
    • Эне жөнүндө
    • Тарбия
  • Рубрикалар
    • Мультимедиа
    • Ден-соолук
    • Китептер
    • Атактуулар ааламы
    • Пайдалуу кеңештер
    • Ырлар
  • Жардамчы
    • Намаз убактылары
    • Орозо календары
    • Мечит жана намазканалар
    • Кыргызстандагы медреселер
Авторизация Кирүү
Катталыңыз
  • Advertise
© 2022 FormulaMediaGroup. All Rights Reserved.
Formula.KG > Blog > Аңгемелер > Турмуш таалимдери > Өчүргүч (Үйлөнгөндөр үчүн…үйлөнө электерге да…жана үйлөнүүнү каалагандарга…)
АңгемелерТурмуш таалимдери

Өчүргүч (Үйлөнгөндөр үчүн…үйлөнө электерге да…жана үйлөнүүнү каалагандарга…)

admin
Жаңыланды: 2020/04/20 at 11:04 ТЧ
admin
Бөлүшүү
- Advertisement -

(Үйлөнгөндөр үчүн…үйлөнө электерге да…жана үйлөнүүнү каалагандарга…)
Жигит үйлөнөт, атасы куттуктап, батасын берип, анан барак, калем жана өчүргүч алып келүүсүн суранат.
— Эмне үчүн? – жигит таңдана сурайт.
— Алып келе бер, — дейт атасы, сырын чыгарбай.
Кагаз менен калемди алып келип, өчүргүч жок экенин айтат.
— Таап келе кал, — дейт атасы.
Жигит көчөгө чыгып өчүргүч сатып келет.
— Жаз, — дейт атасы.
— Эмнени жазайын?
— Каалаганыңды жаз.
Жигит бир сүйлөм жазат.
— Өчүр, — дейт атасы.
Жигит өчүрөт.
— Кайра жаз, — дейт.
Чыдабаган жигит сырын сурайт.
— Жаз, деп кайталайт атасы, олуттуу.
Жазат… дагы өчүртөт… кайра жаздырат… кайра өчүртөт…
Бир канча жолу кайталагандан кийин атасы сурайт:
— Барагыңдын бети дагы эле актай турабы?
— Ооба, кайра-кайра өчүрүп жатсам…?
— Оп, баракелде, — атасы уулун далысына таптайт, — кептин төркүнү мына ушунда, сен бүгүн үйлөндүң, эми көкүрөгүңдө дайыма “өчүргүчтү” ала жүр. Эгерде аялыңдын кээ бир кемчиликтерин, жаман жорук-жосунун дароо көңүлүңдөн өчүрүп салбасаң, бат эле кирге толуп жакшылыгын жазчуудай орун табылбай калат. Аялыңда да ушундай өчүргүчү болууга тийиш. Мына ошондо гана силердин көкүрөгүңөр актай болуп, жакшылыкты жазганга орун табылат. Болбосо эр-аялдын “барагы” бат эле кирге толору турган кеп…
Эгер жашооң бактылуу, ырыс-кешиктүү болуусун кааласаң, “өчүргүчтү” дайыма ала жүр. Кимдир бирөөнүн жаман мамилесин, кемчилигин дароо “өчүр”, таза жаша, ак кагаздай таза бол, жашоонун мааниси ушул… “өчүргүчтү” унутпа…

Даярдаган: Алайчы Сеитбеков

- Жарнама-
АЧКЫЧ СӨЗДӨР: жубайлар, күнөө, Үй-бүлө, Шарият
admin 04.07.2017
Макаланы бөлүшүңүз
Facebook Twitter Whatsapp Whatsapp VKontakte Telegram Шилтемени көчүрүү Басып чыгаруу
Мурдагы макала Мектептерде намазканалар ачылат
Кийинки макала Атактуу мушкер Василий Жиров исламды кабыл алды
Пикир калтырыңыз Пикир калтырыңыз

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Formula.kg — Диний, руханий, маданий агартуучу порталы

Катталыңыз
© 2022 FormulaMediaGroup
Ассаламу алайкум!

Авторизация

Сырсөздү унттуңузбу?