alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
Жаңылыктар

Быйыл болжол менен 1,6 миллиард адам орозо кармады

Мындай билдирүүнү Улуу Британиялык “The Independent” гезити жазып чыкты. Басылманын маалыматы боюнча, быйылкы орозону жер жүзүндө 1,6 миллиард адам же болбосо, пайыздык көрсөткүчтө аалам калкынын 22% кармаган. Ошону менен катар гезит орозо кармоо мөөнөтү өтө узун болгон кээ бир өлкөлөргө да токтолгон. Мисалы Лапландия, Финландия жана Швецияда күн кээде бир гана саат уясына батып, кайра чыгат. Гезит күн 55 мүнөт гана бата турган түштүк-батыш Финляндиянын тургуну менен маектешкен:

“Биздин орозобуз таңкы 1:35-те башталып, түнкү 12:48-де бүтөт. Тагыраагы орозобуз 23 саат 5 мүнөткө созулат. Менин Бангладештеги досторум биздин жыйырма сааттан ашык орозо кармаганыбызга ишене албайт” дейт, бул чөлкөмдүн тургуну Мухаммед аттуу жигит. Деген менен, анын айтымында аларга кошуна турган элдердин кээлери орозо убактысын саат менен өлчөп алышкан. Мисалы Лапландиядагы мусулмандар өздөрүнө жакын жайгашкан Туркиянын орозо кармоо убактысын пайдаланышат экен.

А бизде болсо, Кудайга шүгүр, баары өз орду менен, болгону орозо кармагандар гана азыраак…

Nasaat.kg

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button