alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
Ырлар

Болот Назаров: «Токтотпосок баарыбыз казинону, толук мусулман боло албайбыз!»

Белгилүү төкмө акын Болот Назаров казино боюнча жаңы ыры жарыяланды. Анда казино ачуунун кесепеттерин эскерткен акын казинону колдогондорду кескин сынга алган.

Казино же казына

Сатып жарыбаган соң касып тоону
Ачып марыйм дейбизби казинону
Кулкундарга куйулган атабы дейм
Кулкундуулар чогулткан элдин сому
Тирүүлөй сыйрыдыңар терибизди
Тирилгиче комадан элдин соңу

Кампада мышык чычкан дос болушуп
Канчадан бери бизге ойноп болду
Калк атынан баргандар да казинону
Каршы болмуш болушуп колдоп койду

Мурункуда мурундан агышчы эле
Мунусунда миниңгиттер дагы дедиң
Өзгөнүн көз жашына майрам курсак
Өнүгөбүз байыйбыз дадил дедиң
Өкчөйбүз деп таштарын казинонун
Өңчөй маңкурт экениң далидедиң
Баш бармагым башы ылдый карап туруп
Ошонуңа ортонум дагы дедим

Бабалар ак дабаасы адал ишке
Же шахид же болбосо гази болгон
Башканын көз жашынан муң зарынан
Байыйбыз деди беле казинодон
Энелердин зарынан канкакшаган
Эптеп кутулду элекго ушул жолдон
Келечекти кескилеп шылуундарың
Кете берем дешеби ушул бойдон
Кен казсактда байыбай тоодон ойдон
Кеңкелестер салууда күндө ойрон
Мээнет кылбай кумарга кул болгондор
Мекен баарыбыздыкы келчи ойлон

Туристерге ыңгайлу толетаң жок
Тууралап сүйлөйсүңбү оңду солду
Түшүндүм мен силерди эми болду
Тууй ата бизге келчү коноктордун
Баары эле силерге окшоп кумарпозбу

Көлүмдү да төрүмдү да ала тоону
Көрөйүн деп келбейби келген жанда
Тагдырларын талкалап же бирөөлөрдүн
Каражолтой мекенбизби меймандарга
Алды артын карабас булар үчүн
Аа дей албай калдыкго аалымдарда

Эмнеге адал иштеп кете албайбыз
Эгемди бир элимди эки алдайбыз
Токтотпосок баарыбыз казинону
Толук мусулман дагы боло албайбыз
Тоолук мусулман дагы боло албайбыз

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button