alternatetext Багымдат: 06:08 | alternatetextКүн чыгуу: 07:39 | alternatetext Бешим: 13:17 | alternatetextАср: 17:06 | alternatetextШам: 18:51 | alternatetextКуптан: 20:26
РубрикасызТаасирдүү окуяларЭне жөнүндө

Карааныңа зармын, АПАКЕ!



Кеңеш менин атым. Бирок менин бул ысымым бара-бара турмуштун агымы менен агып,  Кеңеш атым өчүп Кеша болуп  калганыма 30 жылга аяк басты… Мына ушинтип жазып баштады бир күнү классташым мага.

Кеңеш социалдык түйүндөн «кандайсың, классташ. Менин тагдырымды жазбайсыңбы, башыма түшкөндүн баарын көтөрдүм, бирок акыркысы алдан тайдырып араң турам» деп каңырыгы түтөп жазыптыр… Кеңешти да түшүнөм, түнт бала болуп чоңойду, мен билгенден ал жыргал жашоодон азаптуу тагдырды көп көрдү…

Эң биринчи мугалимге таарынгам….

-Кеңеш сен окусаң болот эле, өзүң таптакыр сабакты окубай тентек болуп кетпедиңби ошондо?..

— Мээрим, мен да силерчилеп окугум, кийингим келчү, силер катышкан сынактарга катышып, концерттерге баргым келчү, бирок мен нанга жетпей үйдөн ачка барып, курсагым курулдап, качан курсагым тоер экен, апам жүгөрү тарттырып келди бекен, андан бүгүн загыра нан жейт бекем деп ойлоп отурсам кайдагы сабак кирсин мээме. Анын үстүнө эжейдин «Баетов, деги сен адам болосуңбу, апаңдын абалы ал болсо, үйүңөр тигинтип ураганы аз калса, анан сен окуп адам болоюн дегендин ордуна балээни билбейсиң» деп тилдегени жетер жериме жетип, уялганымдан кирерге жер таппай калар элем. Көкүрөк тушум мыкчып ооручу, көз жашымды көлдөткүм келер эле, бирок жигит киши ыйлабайт деп карманчумун. Ички дартым ичимде жүрчү. Антсе байдын балдарынын мени карап мыскылдап күлгөнү ого бетер кошулуп, жамак шымымдын, резинке өтүктүн ичиндеги жыртык байпагымды бирөө көрүп кое тургансып корунуп отуруп эле түнөрчүмүн. Эжей балким, ошондо балдардын көзүнчө уяткарып койсом, окуйт дегендир, бирок эжекенин антип социалдык абалымды баса белгилеп айтканы менин намысыма тийчү.  «Кур намысты жыйыштыр да, Сагындыкынан нан сура, чай сурап кел» деп апам урушчу эле мени. Күндө сурай берип, уялганымды айтпа. Алар да көп балалуу үй-бүлөдөн. Кээде берет, кээде бербейт. Бирок мага ошолор ааламдагы айкөл адамдай сезилчү эле…Алар тууралуу анан айтам.

Азыр мен ошол мугалимге таарынам, балким балдардын көзүнчө басынтпаса, аткарган тапшырмамды «оо, жакшы» деп койгондо балким, билимди мыктап алмак белем ким билет… Айтор, биздин класс бөлүнүп кетип жалаң экичилер чогулуп калбадыкпы кийинчерээк. Ошондо жакшы окугандарды терип кетпей, ошол боюнча калтырса баары кол шилтеп бизге сабак берүүдөн качмак эмес деп азыр ойлоп кетем. Биздин класстын балдары бири деле тың чыгып же бири азыр мына 28-30 жаштын курагында оокаттуу жашап жыргап кетпедик. Мисалга келтирсем, үч кызыбыз тытынып Россиялап жүрүп каза болуптур, 2 балабыз көр тириликтин айынан, бир досубуз оорунун айынан о дүйнө салыптыр. Азыр калп айтпасам, жакшы жашап жаткандары бармактан чыпалакка чейин гана жетет экен. Мен муну ошол мектептеги кайдыгерликтен деп билем, 25 окуучу болсо ошонун 20 сы начар окуса, бешөө жакшы билгендир сабакты. Бирок баягы аты жаман класс аталганыбыз үчүн айрымдар сабакты мыктап окутпагандыр. Балким, жалаң экичилердин арасында өзүбүз менен өзүбүз кайнай бергендирбиз…

Турмуш келтеги катуу сабады…

-Кеңеш сен мугалимдерге, мектепке күнөө коюп жатасыңбы ошондо…

-Жок, күнөөлөбөйм, бул менин тагдырым… Атам дүйнө салып, анын артынан арка жөлөк болчу агам оорудан көз жумуп, апам, мен, анан эжем менен түйшүктү көтөргөнү үчүн түнөрүп калгандырбыз биз. Бизди таяган тага журт, аяган ата журт болбоду. Кошуналар демекчи, баягы бизге жөлөк болчу коңшубузга апам кыйналганда үйүбүздү ит бекерге сатып жиберди. Ит арзан акча, жерибиз да көп болчу, ошол ошол болду, биз ар жерде квартиралап жашап жүрдүк. Апам бир күнү турмушка чыгып кетти, эжемди да кошо ала кетти. Мен барбайм деп айылда калдым. Ошондон баштап турмуш келтеги мени катуу сабады. Алгач боор ооруп мени батырган үй-бүлөнүн үч аптадан кийин малайына айландым, андан чыдабай жүргөнүмдү көрүп башкасы азгырса ага бардым, кыскасы кайратыма кызыгып түркүн кожоюн, кожойкелерге туш болдум. Жанагы адабиятта окулчу чыгармалар кайдан жаралат дейсиң, бизге окшогон адамдын тагдырынан гана жаралат турбайбы. Кышында ат сарайда деле жатып калчумун, ошентип жүрүп кене чагып, бит басып, анан үйүнө киргизбей кууп айтор, колдон колго өтүп отуруп, акыры эл барган Россияга бакыт издеп кеттим.

-Апаңдан кабар алып турчу белең?

-Ооба, апам жашы өтүп калган кишиге турмушка чыккан эле. Андан бир кыз төрөгөн, эжем да өз турмушу менен кетип, тиги кишинин көзү өткөндө өгөй балдары көчөгө чыгарып коюптур. Аны мен Россияда жүрүп угуп, акча таап келип бир батирге киргизип кеткем. Апам байкуш алты ай жашаган соң мага чалды, «бир абышканы караганча жашап турайын, уруксат бер» деп. Макул дедим, кийин такыр эле байланыш жок болуп кетти, башка райондо болгон үчүн териштиргенге киши таппайм, өзүм мигрантмын. Бир жыл дегенде акчамды топтоп келдим. Апамды таптым, абышканы карап жашайт экен, балдары деле үйүнүн жанында коңшу турушат экен. «Менден кабатыр болбо, 26 жашка келдиң, барып иштеп той кыл  сен да» деди. Кийим-кечегин жаңыртып, колуна телефон карматып дагы кеттим Москвага. Акча салайын десем абышканыкы жетет, өзүң топто дейт. Абалын сурап чалып турчумун, дагы бир ирет көпкө байланыш үзүлдү. Балдарынын бирөөнө чалсам, атабыз өтүп кеткенден кийин эле апаң башкага тийип кеткен, болду чалба деди. Шаабайым сууду, бир чети апама таарындым, бир ооз айтып койсо болмок деп ызаландым. Эми мени издеп табыңыз деп өжөрлөндүм, бутума кичине туруп, үйлөндүм. Мени түшүнгөн жароокер жанга жолуктум, бирок экөөбүз тең мекенибизден алыспыз. Ата-энесинин алдынан өтмөккө чогуу келип, экөөлөп апамды издедик. Коңшуларынан сурасак, баласы келип апкеткен деген жоопту угуп кайра тиги абышканын балдарына бардым, апамды таап бергиле болбосо милицияга арыз жазам деп. Алар апаң үйдөн чыгып, мурунку жашаган айылыңарга кеткен, өзүң таап ал, билгениңди кыл дешти. Ошондо тиги кишинин кичинекей баласы айтып жатпайбы «Гүлсүн чоң апамды биздикилер карылар үйүнө алып барып таштаган» деп…

Тагдыр бороонуна буюктум…

Карылар үйүнө барганым өзүнчө бир окуя. Барсам директору буту-башыма чейин карап «акмак эле экенсиң, уул деп мусулмандар уул төрөлсө жан-алыбыз калбай кубанабыз, а ошол уулу эмне кылып жатат, алтымышка жете элек апасын карылар үйүнө таштап…»деп зекиди. Чынында миң актансам да, айыптуу элем, өзүм менен кошо Россияга алып кетейин дедим, бирок паспорту эле эмес, метрикасы да жок болчу курган апамдын. Анан калса мен жаман баламын, ооба өз энесин багалбаган….

-Кеңеш, жазбай калдың го, эмнеге унчукпайсың, анан Гүлсүн эжени өзүңө алдыңбы?

-Мен келген убакта апам катуу оорулуу экен, араң жатыптыр, кудаларыңыздын алдына алпарайын десем «жетим өстүм, жерден жетимиш муш жедим, аз келгенсип атаң десе томолой жетим эле, таянары жок болчу. Экөөбүз эптеп кетебиз деп жашоого умтулуп  жатканда мен куруюн, сени тагдыр бороонуна буюктурдум, жакшы тарбия бере албадым…» Апам андан аркы сөзүн айта албады, эмшиңдеп ыйласа кошо ыйлап тунжурап тура бердик. Келинчегим апама деп алган белектерин берди, көзүнүн жашын көл кылып алкады… айтор, апамды алып кетем, доктурларга көрсөтөм деген тилегим ишке ашпай калды, байкушум менин келеримди эле күтүп жүргөн бейм, кийим-кечегин салыштырып жатканда эле үзүлүп кете берди… Өз үйүмдө эмес, өкмөттүн үйүндө — карылар үйүндө каза болуп калды, өзөгүм өрттөндү… Мен апамдан кечирим сурагыча, апам менден кайра-кайра кечирим сурады. Мен апама көп нерсени айтып бергим келген эле, кеч болуп калыптыр, кеч… Көкүрөгүнө башымды жөлөп, жытын жыттап алганым болбосо мен апама кыйратарлык балалык милдетимди аткарбадым. Көр тирилик менен алпурушуп жүрүп апам дайым эсимде болгону менен, колум жука, кийимим бүтүн, тамагым белен эмес, түнөгүм жок көңүлдөгү ишти кыла албадым, уулдук милдетимди унутпадым, өтөсүнөн чыга албадым, өкүнөм, ошого өтө өкүнөм.

Мээрим, мунун баарын айтып бергенимдин себеби, карылар үйүнө барганда көрдүм, балдары аялынын тилине кирип ата-энелерин карыганда таштап кетишет экен ошол жерге… Ошолор окуп калса аз да болсо ойлонор деген үмүттө эле. Алыста жүрсөм да апам бар деп анын атына кубанып, тирүүлүгүнө таянып жүрө берген экем… Мага окшоп энесинен кабар алалбай жүргөндөр болсо сураныч, апаңарды, атаңарды таштап кетпегиле, алаканга салып баккыла, аларга катуу айтып көңүлүн оорутпагыла, дүнүйө, мал, мүлк табылат. Бирок атаны, апаны кайтарып бербейт эч ким бизге…

Мээрим Султанова, «Ош шамы»

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button