[1]
Бир жолу жашы жагынан да, денеси жагынан да, даражасы жагынан да улуу бир адам мага мындай деди: «Намаз жакшы нерсе. Бирок, күн сайын беш маал окуу көптүк кылат. Бүтпөгөндүгүнөн тажатып жиберет».
Ал адамдын ошол сөзүнөн бир топ убакыт өткөндөн кийин, напсимди тыңшадым. Дал ошол сөздөрдү айтып жатканын уктум жана ага (кунт коюп) карап: жалкоолук кулагы менен, ушул эле сабакты шайтандан алып жатканын көрдүм. Ошол кезде жанагы киши, ошол сөздү, баардык жамандыктарга буйруучу напсилердин атынан сүйлөгөн сыяктуу, сезилди. Ошондо мен да мындай дедим: «Ырас, напсим мени ар жаман иштерге буйруйт, өзүнүн напсисин тарбиялай албаган башкаларын да тарбиялай албайт. Андай болсо өз напсимден баштаймын».
Мындай дедим: «Эй напсим! Наадандыгыңды билбөө менен бирге, билбегендигиңди да билбөө, жалкоолук төшөгүндө. «Аллахты унутуу» уйкусунда (уйкусурап) сүйлөгөн ушул сөзүңө каршы менден «Беш эскертүүнү» уккун…
Биринчи эскертүү: Эй бактысыз напсим! Таң калам, өмүрүң түбөлүктүүбү? Же болбосо эмдиги жылга чейин, атүгүл эртеңки күнгө чейин жашай турганыңа «кепилдик кагазың» барбы? Сени жадатып жаткан бул жашооңду түбөлүктүү сыяктуу кыялданышың. Ырахат үчүн, дүйнөдө түбөлүктүү кала тургансып эркелейсиң. Эгер сен өмүрүңдүн аздыгын жана да пайдасыз өтүп баратканын түшүнгөн болсоң, албетте анын жыйырма төрттөн бирин, чыныгы түбөлүктүү бактылуулугуна себеп боло турган сонун, жагымдуу, ырахаттуу жана ырайымдуу кызматка жумшоо, адамды жадатуу мындай турсун, тескерисинче чыныгы куштарлык менен жагымдуу ырахат алууга себепчи болот.
Экинчи эскертүү: Эй сугалак напсим! Таң калыштуу, күн сайын нан жейсиң, суу ичесиң, абадан дем аласың, сени булар тажатабы? Албетте тажатпайт: анткени, муктаждыгың кайта—кайта кайталангандыктан улам, сени тажоо эмес, тескерисинче сен андан лаззат (ырахат) алуудасың. Андай болсо, дене деген үйүмдө сенин досторуң болуп саналган жүрөгүмдүн азыгы, рухумдун өмүр суусу жана Латифеи – Раббаниемдин эс алдырган абасы болуп саналган намаз дагы сени тажатпашы керек. Ооба, чексиз кайгылар менен азаптарга дуушар болгон, чексиз ырахат менен чексиз каалоолорго ашык болгон, жана да сүйүү толгон жүрөктүн азыгы менен кубатын, баардык нерсеге күчү жеткен Ырайымдуу, Жоомарт болгон Аллахтын «эшигин» жалбаруу менен каккылоо аркылуу гана табылат. Ооба, ушул убактылуу дүйнөдө өтө тездик менен ажырашуу айкырыктарын пайда кылып жаткан көпчүлүк жаратылган нерселер менен байланыштуу болгон рухтун өмүр суусу болуу, тек гана Аллахтын ырайым булагынан намаз менен жүз буруу аркылуу гана ичилүү мүмкүн. Ооба, жаратылышынан түбөлүктү каалаган, түбөлүк үчүн жаратылган, түбөлүктүү Аллахтын күзгүсү болгон, жана өтө назик, тунук, таза болгон адамдардын жүрөгүндөгү сезими нурдуу Латифеи – Раббание ушул кайгылуу, эзүүчү, кыйноочу, убактылуу, караңгы жана тумчуктуруучу болгон дүйнөлүк жагдайлар ичинде, албетте дем алууга өтө муктаж жана ал жалгыз гана намаз терезеси аркылуу дем ала алат.
Үчүнчү эскертүү: Эй сабырсыз напсим! Таң калыштуу, өткөн күндөрдөгү ибадат кыйынчылыктарын, намаздын машакатын жана балээ кыйынчылыктарын бүгүн ойлоп кыжаалат болуу, жана келечек күндөрдөгү ибадат милдеттерин, намаз кызматын жана балээлердин кайгысын бүгүн эле ойлоп алып сабырсыздык кылууң акылга сыябы?
Ушул кылып жаткан сабырсыздыгың төмөнкү мисалдагы акылсыз командирге окшойт: Душмандын оң канаттагы күчтөрү анын оң тарабындагы күчтөрүнө багынып, ага жаңы күч кошулуп турса да, ал маанилүү бир кубатын оң канатка жиберет, борборду алсыратат. Жана сол канатта душмандын аскерлери жок болсо да, келе элек болсо да, чоң бир күчтөрүн жөнөтүп: «Аткыла!» — деп буйрук берет. Ошентип борборду таптакыр алсыздатат. Душман жагдайды түшүнөт да, борборго чабуул коюу менен таш талканын чыгарат. Ооба, ушул командирге окшойсуң. Анткени, өткөн күндөгү кыйынчылыктары бүгүн Кудайдын мээримине айланып олтурат. Кайгылары кетип, лаззаттары калды. Кыйынчылыктары жакшылыкка жана түйшүктөрү соопко айланып олтурат. Андай болсо андан тажоо эмес, тескерисинче жаңы бир күч, жаңы бир ырахат жана дайыма улантууга чечкиндүү бир кайрат алуу керек. Келечек күндөрү болсо дагы келе элек болгондуктан, аларды эмитен эле ойлоп жадоо менен үмүтсүздөнүү, ошол күндөрдөгү ачкалык менен суусуздукту бүгүн ойлоп өкүрүп – бакыруу сыяктуу эле акмакчылык.
Ооба, акыйкат ушундай болгон соң, акылдуу болсоң ибадат боюнча жалгыз гана бүгүнкү күнүңдү ойлон жана анын бир саатын «Акысы өтө чоң убара керчилиги өтө аз, жагымдуу, сонун жана улуу бир кызматка берип жатам» – де.
Ошондо гана сенин ачуу үмүтсүздүгүң, таттуу бир кайратка айланат.
Мына, эй сабырсыз напсим! Сен сабыр кылууга милдеттүүсүң.
Биринчиси: Кулчулукта сабыр кылуу.
Экинчиси: Күнөөлөргө каршы сабыр кылуу.
Үчүнчүсү: Балээлерге (кыйынчылыктарга) каршы сабыр кылуу.
Акылың болсо, ушул үчүнчү эскертүүдөгү мисалда көрүнгөн акыйкатты жүрөгүңө түйүп ал. Кайраттуулук менен: «Йа Сабур!» де, ушул үч сабырды ийинине ал. Аллахтын сага берген сабыр – кубатын эгер жаңылыш жолдорго таратпасаң, анда ар бир түйшүккө, жана ар бир кайгылуу балээге каршы жетиштүү болот жана ошол кубатка таян…
Төртүнчү эскертүү! Эй, менин акылсыз напсим! Таң калыштуу, ушул кулчулук милдетин натыйжасыз деп ойлойсуңбу? Же сени тажаткыдай акысы азбы? Эгерде сага бир адам бир аз акча берсе же болбосо сени коркутса, керээли кечке чейин иштеттирет. Сен да жан талаша иштейсиң. Таң калыштуу, бул дүйнө конок жайында алсыз жана жарды жүрөгүңө кубат менен байлык жана албетте бара турган жериң болгон мүрзөдө азык менен жарык суракка тартыла турган Хашир аянтында «актоо кагазы» жана кааласаң да каалабасаң да үстүнөн өтө турган Сырат көпүрөсүндө нур менен бурак боло турган намаз,натыйжасызбы? Же болбосо, ушул акылар азбы? Эгер сага бир адам жүз сомдук белек убада кылса, жүз күн сени иштеттирет. Убадасына турбай коюшу да мүмкүн, ошентсе да ошол адамга ишенип, жан талаша иштеп бересиң.
Таң калыштуу, убадасына турбоосу эч мүмкүн болбогон Аллах, бейиш сыяктуу сыйлыкты жана түбөлүктүү өмүр сыяктуу белектерди убада кылып жатса, ушундай өтө кыска убакыттын ичинде, аябай сонун милдет берип иштеттирсе, сен болсо каалабасаң же болбосо жалкоолук кылып жадоо менен зеригип, чала-була кылган кызматың менен Аллах убадасын аткарбай турган сыяктуу жана Анын белектерин кемсинткен сыяктуу бир жагдайда болсоң, анда өтө катуу жазага, жана өтө коркунучтуу азапка ылайык болооруңду түшүнбөйсүңбү?
Дүнүйөдө түрмөдөн коркуп, эң оор жумуштарда да жаныңды аябай иштейсиң. Ал эми тозок сыяктуу түбөлүктүү түрмөгө түшүү коркунучу сага өтө жеңил жана өтө жагымдуу кызмат үчүн күч – кубат бербейби?
Бешинчи эскертүү: Эй, дүйнөкор напсим! Сенин кулчулуктагы кош көңүлдүгүң жана намаздагы кемчиликтериң дүнүйө иштеринин көптүгүнөнбү? Же болбосо көр тиричиликтин айынан улам убакыт таппагандыктанбы? Таң калыштуу, баардык убактыңды ага жумшагыдай ушул дүнүйө үчүн гана жаратылдыңбы? Сен жөндөм жагынан баардык жаныбарлардан жогору экендигиң жана дүнүйө жашоосундагы керектүү нерселерди табуу жагынан, күч-кубат жагындан алганда бир кичинекей таранчыга да жете албай калаарыңды билээрсиң. Анан эмне үчүн сенин чыныгы милдетин айбан сыяктуу жутунуу эмес, тескерисинче чыныгы бир адам сыяктуу, чыныгы туруктуу өмүр үчүн умтулуу экенин түшүнбөйсүңбү? Ушуну менен эле бирге сенин дүнүйө тиричилиги деген нерселериң чындыгында алардын көпчүлүгү сага тийиштүү болбогон, жана да керексиз эле аралашып алган жана кийлигишип алган керексиз эле нерселер. Эң керектүүсүн таштап коюп, миңдеген жылдар өмүрүн бар болгонсуп эң эле керексиз маалыматтар менен убактыңды өткөрүп жатасың. Мисалы: Астрономия менен статистика илимдери өркүндөп өсүп жаткансып: «Сатурндун айланасындагы шакектердин абалы кандай? Америкада канча тоокбар?» — сыяктуу арзан нерселерге кымбат убактыңды өткөрүүдөсүң.
Эгер: «Жок мени намаздан жана ибадаттан калтырып жаткан жана жадатып жаткан андай керексиз нерселер эмес, тескерисинче тиричилик дартынын өтө зарыл жумуштарым» десе, анда мен да сага мындай деп айтамын: «Эгер күндө жүз сом үчүн иштесең, андан кийин бирөө келип: «Кел он мүнөтчө бул жерди каз, миң сом наркындагы кымбат баалуу таштарды табасың» – десе, сен да ага: «Жок барбайм. Себеби күндөлүгүмдөн он сом кемийт, оокатым азаят» – деп айтсаң, канчалык акмакча бир шылтоо боло тургандыгын албетте билесиң. «Дал ошол сыяктуу сен да ушул бакчаңда күнүмдүк оокатың үчүн иштеп жатасың. Эгерде парз болгон намаздарды таштасаң, анда баардык кылган жумуштарыңдын натыйжасы жалгыз гана дүйнөлүк, маанисиз, жана берекесиз күнүмдүк оокат менен гана чектелип калат. Эгер сен, эс алуу менен дем алуу убактыңды рухуңдун ырахатына, жүрөгүңдүн дем алуусуна себеп болгон намазга жумшасаң, анда ошол убактыңда берекелүү дүйнөлүк ырыскың менен бирге, сенин Акыреттеги ырыскыңа жана акыреттик азыгыңа маанилүү казына болгон эки руханий кен табасың:
Биринчиси: Ушул бакчаңдагы өстүргөн мейли гүлдүү болсун, мейли мөмөлүү болсун – ар бир өсүмдүктүн, ар бир дарактын тасбихатынан жакшы бир ниет аркылуу бир үлүш аласың.
Экинчиси: Дагы да, бул бакчадан чыккан түшүмдөрдөн ким жесе да, мейли айбан болсун, мейли адам болсун, мейли уй болсун, мейли чымын болсун, мейли кардар болсун, мейли ууру болсун баары сенин кайыр – садагаң болот. Бирок, жалгыз гана мына бул шарт менен: Эгер сен, Чыныгы ырыскы берүүчү болгон Аллахтын атынан, анын уруксат кылган чөйрөсүндө иштетсең жана Анын мүлкүн Анын макулуктарына берген бир бөлүштүрүүчү кызматкер сыяктуу өзүңө карасаң.
Мынакей, намазды таштаган адам канчалык чоң бир зыянга учурай турганына, канчалык кымбаттуу байлыкты жогото турганына кара! жана жумуш кылууга өтө чоң, дем – күч берген, амалдарда өтө чоң руханий кубат берген ошол эки натыйжадан, ошол эки руханий казынадан куру кала турганын жана күйүп кете турганын бил. Атыгүл картайган сайын дыйканчылыктан тажайт, үмүтсүздөнөт. «Булардын эмне кереги бар» – дейт. «Мен ансыз деле дүйнөдөн кетип баратам, эмне үчүн мынчалык машакат чегип жатам?» – деп, өзүн жалкоолукка салат. Бирок биринчи адам: «Мындан да көбүрөөк ибадат менен бирге адал тиричилик менен алек болоюн, ошентип мүрзөмө мындан да көбүрөөк жарык жиберемин. Акыретиме мындан да көбүрөөк азык даярдаймын» – дейт.
Корутунду: Эй напис! Билгин: Кечээги күн сенин колуңдан чыкты. Эртеңки күн болсо, сен ага ээ болгудай ишеним кагазың (гарантиян) да жок. Андай болсо, чыныгы өмүрүңдү, жашап жаткан гана күнүм деп бил.
Жок дегенде күнүңдүн бир саатын келечекте керектүү акча сыяктуу, чыныгы келечегиң үчүн курулган «акырет сандыкчасы» болгон мечитке, же болбосо жайнамазга кой жана да билгин: ар бир жаңы күн сага да, баардыгы үчүн да жаңы ааламдын эшиги. Эгер намаз кылбасаң, ошол күндөгү ааламын караңгы жана чачыранды түрдө өтөт. Мисал ааламында сага каршы күбөлүк кылат. Анткени ар кимдин, ар күндө ушул ааламдын ичинде өздөрүнө тийиштүү бир ааламы бар жана ошол ааламдын жагдайы ошол адамдын жүрөгү менен амалына байланыштуу. Мисалы: Күзгүңдө көрүнгөн укмуш бир сарай, күзгүңдүн түсүнө карайт, эгер ал кара болсо кара көрүнөт, кызыл болсо кызыл көрүнөт жана анын сыпатына карайт. Ошол күзгүнүн бети тегиз болсо, сарайды жакшы көрсөтөт; тегиз болбосо начар көрсөтөт. Ушундай начар күзгүнүн жакшы, эң назик нерселерди начар көрсөткөнү сыяктуу, сен да жүрөгүң менен, акылың менен, амалың менен жана көңүлүң менен өзүңдүн ааламындын көрүнүшүн өзгөртөсүң. Же өзүңө каршы, же болбосо өзүңө тараптар кылып күбөлөндүрө аласың. Эгер намаз кылсаң, ал намазың менен ошол ааламдын Жаратуучусуна жүзүңдү бурсаң, сага карап ааламың дароо нурданат. Намазың кудум эле электр лампасы сыяктуу, намазга кылган ниетиң анын кнопкасын баскан сыяктуу, ошол ааламдын караңгылыгын жок кылат жана ошол оомалуу – төкмөлүү дүнүйөдөгү карамакаршылык, ар тарапка тараган чачырандылар ичиндеги өзгөрүүлөр менен аракеттер. Акылмандуу тартип менен манилүү кудурет жазуулары экендигин көрсөтөт.
[2] аятынын сансыз нурларынан бир нурду сенин жүрөгүңө чачат. Сенин ал күндөгү ааламыңда ошол нурдун шооласы менен жаркырайт.
Сенин пайдаң үчүн нурдуулугу менен күбөлүк кылат.
Абайла, «Менин намазым кайда, бул маанидеги намаз акыйкаты кайда?» – деп айтпа. Анткени, бир курманын уругу – бир курма дарагы сыяктуу эле өз дарагын билдирет. Мындагы айырма, болгону гана кыскартылып жыйынтыкталуусунда жана ачылып, көбөйтүлүүсүндө. Ушул сыяктуу, сени менен мага окшош карапайым адамдын мейли ал сезбесе да чоң бир олуянын намазы сыяктуу, ушул нурдан бир үлүшүң бар (мейли акыл түшүнө албаса да). Мына ушунун маңызында сырдуу бир акыйкат бар. Бирок, ар кимдин даражаларына жараша ачылуу менен нурдануулары башка-башка. Курманын уругунан баштап, тээ жетилип бышкан курма дарагына чейин кандай кең мартабалар болсо, дал ошол сыяктуу намаздын даражаларында да мындан да көп мартабалардын болуусу мүмкүн. Бирок ошол мартабалардын баарында жанагы нурдуу акыйкаттын негиздери бар…
[3]
Рисале-и Нур

[1] «Калетсиз, намаз момундарга белгилүү убакыттар үчүн парз болуп жазылган.» Ниса: 103
[2] «Аллах асмандар менен жердин нуру.» Нур:35
[3] Аллахым! «Намаз диндин тиреги.» (Tирмизи, Иман: 8; Ибни Маажа, Фитен: 12; Mуснад, 5:231, 237; аль-Хааким, аль-Mустадрак, 2:76.) деген инсанга жана анын үйбүлөсүнө, сахабаларына салаату салам кыл.

//
The post Эмне үчүн күн сайын беш маал намаз окуу адамды тажаттырбайт? appeared first on FORMULA.KG.
September 28, 2015 at 11:44PM