Ефрат дарыясынын жээгинде жалгыз түп жаңгак дарагы турат… |
Ошентип турганына туура 50 жылдын жүзү болду. Анын бийиктиги асман тирейт, көлөкөсү болсо алдында жайкалып өскөн буудай талаасынын бир нече жерине тийип турат. Ал эми жалбырактуу, ары жыпар жыттуу бутактарына канаттуулар уяларын салышкан. Кечиндеси анын чатышып өскөн бутактарында аман-эсен, эч нерседен кооптонбой уктоо үчүн ар түрдүү канаттуу куштар жабалактап учуп келишчү. Күндүзү болсо анын ар тарапка жайылып өскөн бутактарынын көлөкөcүндө иштен арып-чарчаган адамдар эс алып, тамактанып, ойноп, көңүл ачышчу. Ошол жээкти бүтүндөй ээлеген, али быша элек жашыл буудай машактардын ичинен жаңгак дарагынын жанына өсүп чыккан бир даана машак баарынан бийик болчу. Ал аябай таң калуу менен: « Жаңгак дарагы канчалык бийик, канчалык чоң?» деп, өзүнө-өзү суроо салат эле. А бирок жаңгак дарагы абдан бой көтөргөн, текебер болгон. Ал ар бир буудай машагын жек көргөн, кемсинткен абалда назар салып, аларды өтө алсыз жараксыз деп эсептечү. Анткени ал алсыздарды урматтабайт эле.
Күндөрдүн биринде бороон-чапкын жүрүп катуу шамал дарыя жээгинде жайкалып жаткан эгин-талаанын тынчын алып, буудайларды жерге жабыштыра-жабыштыра ийилтип, ышкырыгы таш жарып согуп жатты.Ошол катуу шамалдын каршысында жаңгак дарагы бетме-бет чыгып, күчүн сынамакчы болуп, өз көктүгүн көрсөтүүнү көздөдү. Аны байкаган узун болуп өскөн буудай машагы, жаңгак дарагына кайрылып: «Эй, чоң жаңгак дарагы! Эй, эгин-талаасындагы эжекебиз! Шамалга каршы турба, ага жол бер, өткөрүп жибер, биз сенден ошону өтүнөбүз. Биз менен бирге бол! Биз сенин көлөкөңдө баш калкалап өмүр сүрүүгө өтө муктажбыз», — деди.
Жаңгак дарагы алардын арзуу тилегин, өтүнүүсүн кабылдоо мындай турсун, аларды уккусу да келбеди, шамалга карай боюн түзөп, буудай машагына: «Биз чоңдор урматтуубуз. Төмөндөгү алсыздардын акыл-насаатына муктаж эмеспиз. Аларга назар дагы салбайбыз», — деди.
Чоң жаңгак дарагын текеберлене сүйлөгөн сөзүн шамал угаар замат, аябай ачуусу келип, бүт жини менен ушунчалык ылдамдык менен катуу сокку урат. Айлананы караңгы каптап, чаң басып, көз ачууга мүмкүнчүлүк болбой, бороондон буудай машагы эч нерсе көрүүгө кудрети жетпей, болгону, бутактардын карс-курс этип сынганы, жалбырактардын шыбырты гана угулат. Күн уясына батаар мезгилде гана шамал тынчтанып акырындап, ышкырыгы төмөндөйт. Буудай машактары жаңыдан жаралгандай баштарын өйдө көтөрүшөт. Аңдоосуздан, жаңгак дарагын жер бетинде кыймылсыз, эч бир аракети жок, жансыз абалда жатканын көрүшөт.
Жаңгак дарагынын кетирген катачылыгына узун өскөн буудай аябай кайгырып, насаатты кабыл албагандыгына бушайман тартат. Ал буудайларга назар таштап: «Айрылган — азат, кошулган — озот», «Бирдин катасы миңди азапка салат», «Бирдик жок жерде тирдик жок», жаңгак дарагына чын ыкыласымда, ак дилим менен осуят берген элем. А бирок ал акыл-насаат айткандарды жактырбаган, сөзгө кулак салбаган жан экен», — деп арман кылып кала берди.