alternatetext Багымдат: 04:22 | alternatetextКүн чыгуу: 06:06 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:54 | alternatetextШам: 19:56 | alternatetextКуптан: 21:43
РубрикасызТаасирдүү окуялар

Туз жана суу…

 Бир акылманга айылдашы келип даттана берет. Турмуш ага жалаң гана кыйынчылыктарды бергенин, эмне иш кылса да кыйын болуп, азап тарта берерин айтуудан жадабайт. Кошунасынын ийгилиги тууралуу айтып, ага кудай баарын бергенин, иштери да жакшы жүрүшүп, балдары да тарбиялуу, жакшы чыкканын, өзүнүн балдары тентек экенин, жакшы бир иш кылууга убактысы да, мүмкүнчүлүгү да болбой жатканын айтып, арыздана берет. Ошондой күндөрдүн биринде акылман ал адамды туз алып келгенге жиберет. Бир чыныга суу куюп, ага алып келген туздан бир кочуш салып, ичүүнү буюрат. Чыны оозуна тийип-тийбей ал адам түкүрүнүп, чыныдагы сууну алыс чачат
 — Ачуу бекен? – деп сурайт акылман.
 — Ии, аябай ачуу экен, — дейт анда айылдашы.
 — Эми жүр, — деп, анча алыс эмес жердеги көлгө алып барат да, көлгө да бир кочуш туз салат.
 — Эми көлдүн суусунан ичип көр, — дегенде, ал адам эңкейип, суусуну канганча ичет.
 — Суунун даамы кандай экен? Туздун даамын байкадыңбы? – деп сурайт андан.
 — Суунун даамы сонун, муздак экен. Туздун даамы такыр жок.
 — Турмуштун тузу баарына бирдей берилет. Болгону, бир чындыкты түшүнүш керек: адамдын пейли – суу! Айрым адамдар пейли кенен көл болот, турмуштун тузу канчалык болсо да, татымын билгизбей, жашоосун жакшы жакка багыттай алат. Ал эми ичи тар, башкалардын ийгиликтерин көрө албас адамдар чыныдагы суудай болот. Аларга кичинекей туз да даамын чыгарып, ачуу боло берет. Ошондуктан же пейилди кенен коюп башкалардын жакшылыгы үчүн кубанган “көл” болушуң керек, же чыныдагы суудай болуп тузунун даамына чыдашың керек. Чечим сенин колуңда, — дейт.

 Ачуу нерсе балды бузган сыяктуу ичи тардык ыйманды бузат (Хадис).

 Ичи тардык кылынган баардык жакшылыктарды от жалынындай күйгүзүп кетет (Хадис).

 Кишиликтен кур калган, кишиликсиз, 
 Кишилерди көп көрөм түшүнүксүз. 
 кесел түшсө ичтеги дилибизге,
 Кетмек беле оңолуп, ишибиз түз.
 (Н.Алымбеков). 

 Бет пардаңды сыйрып, анык жүзүң ачылсын,
 Бардык жерде жүзүңдөн жарык шоола чачылсын 
(Юнус Эмире).

 Көрө албастык, чагым жана чыр-чатак ар дайым ач көздүктүн артынан ээрчип жүрөт (К.Гельвеций).

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button