alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
МакалаларРубрикасызТарбия

Оюм да, көңүлүм да дайым сизде!

♥ ЭНЕКЕМ ♥

Энемди эстеп жүрөмүн
Сагынам нурдуу күлгөнүн,
Энем бар жашоом жапжарык
Энекем сизди сүйөмүн.

Ыйласам кошо ыйлаган
Эч убак милдет кылбаган,
Мээримин төгүп ар убак
Тажабай мени тыңдаган.

Аллахтан мен суранам
Күнөөсүн кечир энемдин,
Эшигин ачып бейиштин
Киргизсе экен деп тилеймин.

Энени барктай билели
Кадырын дайым сезели,
Кызматын кылып талбайлы
Өкүнүп кийин калбайлы!

♥ ОЮМ ДА, КӨҢҮЛҮМ ДА ДАЙЫМ СИЗДЕ! ♥

Эмизип ыйласам да түн ичинде,
Сооротуп, эркелетип чоңойттуңуз.
Чонойдум бой жетилип мына эми,
Бул үчүн сиз көп эмгек короттуңуз.

Энекем бейиш сенин таманыңда,
Жеткирген пайгамбарым муну мага.
Энеке жүрүңүзчү ден соолукта,
Сурайын дуба кылып жаратканга.

Энеке өмүрүңүз узун болсун,
Жүзүңүзгө ар убакта күлкү толсун!
Урматын кыз-келиндин көрүңүзчү,
Толтуруп бакыт шаңга төрүбүздү.

Айтылган каалоо тилек баары сизге,
Жараткан дем-күч берсин демиңизге.
Энеке сиз ушуну унутпаңыз,
Оюм да, көңүлүм да дайым сизде!


? Элизат Мусабек кызы,
? «БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button