18.1 C
Bishkek
14.06.2025
ЖаңылыктарРубрикасыз

Сауд Аравиясында каза болгондордун арасында кыргызстандык зыяратчылар жок

Мина өрөөнүндө тепсендиде калып каза болгондордун саны 700дөн ашты.

 Сауд Аравиянын Мина өрөөнүндө тепсендиде калып каза болгондордун арасында кыргызстандык зыяратчылар жок экенин Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматы Sputnik агенттигине билдирди.
Ал ортодо тепсендиде калып каза болгон зыяратчылардын саны 700дөн, жаракат алгандар 800дөн ашканын Сауд Аравиянын жарандык коргоо башкармалыгы билдирүүдө. Учурда кырсык болгон жерде төрт миңден ашык куткаруучу жана дарыгерлер иштеп жатат.Кырсык ажылыктын негизги ибадаттарынын бири болгон шайтанга таш ыргытуу учурунда болгон.
12-сентябрда Аль-Харам мечитинде курулушта иштеп жаткан кран кулап 100дөй киши каза болгон.
Сауд Аравиясында зыярат учурунда тепсендиде калган учурлар буга чейин да катталган. 1990-жылы тепсендиде калып 1400 киши каза болгон.
Быйыл Сауд Аравиясы Кыргызстанга ажылык сапарга 3685 квота бөлгөн. Кийин кошумча дагы 500 орун бөлүнгөн. Ажыдан мусулмандар 28-сентябрдан тартып 15-октябрга чейин кайтып келишет. Ал эми ажылык сапардын баасы 2550 долларды түзгөн.

Sputnik Кыргызстан

//

The post Сауд Аравиясында каза болгондордун арасында кыргызстандык зыяратчылар жок appeared first on FORMULA.KG.

September 25, 2015 at 12:04AM

Related posts

Өзгөн районун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров мечиттерди каттоодон өткөрүү үчүн имамдарга июнь айына чейин убакыт берди

Basic Rules for coming Are National Superhero

admin

Асмандан көрүнгөн эки периште Интернетте талкуу болуп жатат

Leave a Comment