Айылда жашаган бул адамдын бир аты, бир эшеги бар эле. Ал шаардан жүк алып, анысын эшеги менен атына артып, анан айылга алып келип сатып күн көрчү. Соода кылууда адилеттүү болгондуктан, аны адамдар да жакшы көрчү. Бирок, ал бир гана иште адилеттүү боло алчу эмес. Ал шаардан болобу, айылдан болобу жүк алып жөнгөндө эшегине көбүрөөк артып, атына азыраак артып койчу. Байкуш эшек араң басып кыйналып жол жүрсө, ат таскактап оюн салып жүрүп отурчу. Соодагердин мындай адилетсиздиги жакшылык менен бүткөн жок.
Бир жолу адаттагыдай эле шаардан жүк алып кайткан соодагер эшегине оор жүктүн баарын артып, атына жеңилин артты да жолго чыкты. Көптөн бери оор жүк көтөрүп табы айнып калган эшек бул жолу кыйынчылыкка чыдай албады. Курбум, деди ал атка жалооруй карап, менин абалым оор болуп турат, жүгүмдөн бир аз өзүңө алып мага жардам берчи, болбосо өлүп калчудай болуп турам. Өзүмчүл атка анын сөзү жаккан жок: Кечирип кой курбум, башка бирөөнүн жүгүн өзүмө алгыдай анча деле камкор эмесмин, менин жүгүм өзүмө жетиштүү, деди да, желип-жортуп алдыга өтүп кетти. Эшек дагы бир аз баскан соң мүдүрүлүп жыгылды да, ошол бойдон жан берди. Артынан жете келген ээси эшегине ичи ачышып эмне кыларын билбей туруп калды. Анан, күткөндө эмне эшек тирилип кетмек беле деп, атын жетелеп келди да, жүктүн баарын ага артып жолун улады. Оор жүктөн бели кайышкан ат кемчилигин эми түшүндү.
Аттиң, деди ал, анын бир аз жүгүн өзүмө алып койсом, мынчалык балээге туш болбойт элем, эми жүктүн баарын өзүм көтөрө турган болдум.
December 12, 2015 at 05:28PM
Ат, эшек жана соодагер
Пикир калтырыңыз
Пикир калтырыңыз