alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
МакалаларРубрикасыз

ТҮБӨЛҮК БЕЙИШКЕ БАРУУНУ КААЛАЙСЫҢБЫ?

Эх, ким гана каалабайт бейишке барууну? Баары каалашат.  Бирок билесизби тууганым Бейишке баруу бекер, Ал эми тозоктуу өзүбүз сатып алат экенбиз. Бекер ырахаттуу жер турганда азаптуу, коркунучтуу жерди сатып алып эмне кылабыз?
Бейишке сиз кандай бекер барасыз оңой эле.  Болгону Аллах Тааламдын буйруктарына баш ийип, сооптуу, иштерди, жакшылыктарды кылып эле аракет менен кыска өмүрүңүздө амалдарды жайында аткарып жашап койсоңуз түбөлүк бейишке барасыз.
Коркунучтуу Тозок жерин өзүбүз жаман күнөөлөрдү кылып сатып алабыз.  Сатып алганыбыз эми байлык, акча, арак, бузукулук, уруулук, бүт күнөөлөр ач көздүк айынан болот ошон үчүн бул көңүлдү айныткан күнөөлөрдөн алыс болуп, ырахатту бейишке аттаналы!
Биринчиден, түбөлук Бейишке баруунун жолу Аллах Тааланын ыраазылыгына жетүү! Баардык амалдарыңызды Аллах ыраазычылыгы үчүн жасаңыз. Аллах ыраазычылыгына жетүү чоң эмгекети, аракетти, чыдамкайлыкты, сабырдуулукту, жөнөкөйлүктү күч эрктилүүктү талап кылат . Эгер ушулар менен жашаган болсоңуз сиз эң бактылуу инсан болосуз, бирок аны жалгыз Жараткан билет!
Эгерде бул дүйнөдө ач калсаңыз, кембагал болсоңуз, капалансаңыз, оорусаңыз, көңүлүңүз чөксө, акараат көрсөңүз чыныгы жыргалчылыкты эстеңиз, эгерде ишенимде болуп туура жолдо амал кылсаң, жеңилгениң жеңишке айланат, жамандыгың жакшылыка айланат.
Чыныгы акылдуу инсан акырет үчүн амал кылат, анткени акырет түбөлүк калуучу, ал эми акмак инсан бул дүйнөдө түбөлүк кала тургандай ойлойт.
Башына бир кыйынчылык келсе сабырсыздык кылат, бир нерсе болсо эң өкүнгөндөрдөн болот. Анткени ал бул жок болуучу каргыштуу дүйнөнү гана көрөт, андан башка эч нерсени көрбөйткөрюбй, пикир да кылбайт, бул дүйнө үчүн гана амал кылат.
Кайгы-капасын курсанчылыкка алмаштырышын каалабайт, качан гана ал инсандын жүрөгүндөгү жана көзүндөгү караңгылык пардасы алынган да, ошондо акыреттеги түбөлүк жыргал жашоонун каалап ойлоп, Жараткандан келген туура акыйкат кабарды угат. Чындыгында акырет үчүн көңүл буруп, оор эмкек кылып аракет жасоо керек. . .
Бейиште жашоону ойлоп көрсөк, Бейишке киргендер оорубайт, кайгы -капа болбойт, өлүм да болбойт, жигиттин курагы түгөнбөйт, кийимдер эскирбейт, бөлмөлөр ушундай жаркылдап турат, ал жакта эч көз көрбөгөн, кулак укпаган, адам баласынын ойуна келбеген укмуш нерселер бар, бир дарактын аягына жетүү үчүн жүз жыл жүрсө. да аягына жетпейт, алтындан, жакуттан, маржандан куралган бийик-бийик сарайлары бар, мөмөлөрүн кол сунсаң эле жете турган болуп ийлип турат, түгөнгүс кооз булактар бар, жата турган орундар ушундай жумшак ырахаттуу, ичүүгөө даяр турган катар катар чөйчөктөр, сап, сап тизилген жаздыктар, балпылдаган килемдер салынган, ал жакта эч коркунуч жамандык деген болбойт, жалаң гана тынчтык жана саламаттык болот, негизиген калем менен жазып түгөтүүгө болбойт, анда эмнеге ойлонбойбуз? Пикир кылбайбыз?
Эгерде бара турган жер ушундай болсо анда башына кайгы түшкөндөр кайгысын токтотсун, жүрөгү эзилгендер кубанычта болсун!
Оо байлыка жетпей кембагал болгондор, кайгыга чөгүп кайгырып жүргөндөр, бул дүйнөнүн сыноосуна сынбай Шүкүр менен аракет менен Аллах Тааланын ушундай кенен болгон Бейишине жетүү үчүн Салих жакшы амалдарды аткаралы!

Алар­га ар кайсы эшиктерден периштелер кирип: «Са­быр кылганыңар себептүү силерге Алланын саламы болсун! Акырет Үйү Бе­йиш кандай жакшы!»– дешет”.
(Раад сүрөсү, 23- аят).

  • Бейишке кирүү ушундай ырахатту жай болсо, биз эмне үчүн кайдыгербиз?
  • Эмне үчүн дагы эле көзүбүз көр, кулагыбыз укпайт?
  • Эмне үчүн Аллах жолунда жүрүүгө алсызбыз?
  • Эмне үчүн туура дейбиз, сүйлөйбүз, угабыз бирок иш жүзүнө ашырбайбыз?

ЭМНЕ ҮЧҮН?!

Бул айтылгандар кээ бирөөлөр үчүн жомоктой туюлушу мүмкүн. Бирок Чындык! Ал күн ал жашоо сөзсүз болот жана келет!
Акыйкатка түз карайлы!
 
Насиба Абдуллаева,
«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»
 
The post ТҮБӨЛҮК БЕЙИШКЕ БАРУУНУ КААЛАЙСЫҢБЫ? appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.

September 08, 2015 at 01:25PM

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button