Бир акылман суунун жээгинде ойлонуп отуруп суусаганынан алы кеткен иттин суунун
жээгине келип, суу иче албай кайра кайтып жатканын көрөт. Ит абдан суусаган,
бирок сууга жакын келгенде тунук суудан өзүнүн көлөкөсүн көрүп коркот.
Ошондон
улам суу иче албай качып бараткан экен. Акыры чыдабай кетип өзүн сууга таштайт
да, суудан өзүн көрбөгөндүктөн, коркпой суу ичип, чаңкоосун кандырат.
Ошол замат акылман ойлонот: «Бул окуядан
үйрөнгөнүм – адам баласынын каалоолоруна жетүүдөгү тоскоолдугу көбүнчө өзү
ойлоп, өз ичинде чоңойткон коркуу экен. Инсан ичиндеги коркуу сезимин жеңсе гана, каалаган
ой-максаттарына жете алат». Бир аз дагы ойлонот да, чыныгы сабак башка экенин
түшүнөт. Негизги сабак – инсан акылман болсо дагы, ал үчүн бир иттен болсо да
үйрөнүүгө сабак бар экенин түшүнөт. Ошондуктан өзүңүздө эмне бар болсо, аны
башкалар менен тең бөлүшүңүз. Сиз башкалардан үйрөнгөнүңүздөй эле, сизде да
башкалар үйрөнө турган нерселер бар экенин унутпаңыз.
Агаңдын анча-мынча сөзүн уккун,
Унутпай өмүр бою эсте туткун.
Акмак берген мүрөктүн суусун жутпай,
Акылдуунун карматкан уусун жуткун.
(Омар Хаям)