«Бейиш эненин таманынын астында»
Мухамад пайгамбар (САВ)
Шаардан үйгө келдим. Эмнеге экени эсимде жок, заматта маанайым бузулуп, кабагым карыш түйүлүп, бирөөгө кыйкырып албайын деп өзүмдү араң кармап, чай ичкен столдун четинде сүйлөбөй отурдум. Апам менин абалымды сезип, унчукпай өз ишин ары-бери кылып, үйдөн чыгып кетти.
Апам 55 ке мына чыгайын деп калса да, үй иштеринин баарын өзү кылып, өзүн жаш келиндей жеңил алып жүрчү эле. Ар бир нерсени орду- ордуна коюп, кийимдерди тептегиз кылып бүктөп, короого бир тал чыбык таштабай, шыпырып, дайыма таза кармачу. Жада калса басканда да шырп эткен дабыш чыгарбай, кадамын мышыктай жеңил таштачу.
Апам эшикке чыгып баратканда, шашпай, жеңил басып бараткан буттарын аркасынан көзүм менен узата карадым.
Караганда да жаман көрүп карадым. Ошол учурдагы биздин көйгөйлөргө апамды да күнөөлөп, ичимден жаман көрүп отургам.
Апамдын ашыкча сүйлөбөгөн, ар бир нерсени так аткарган, өзгөрүүнү жактырбаган, бардык нерсени жүрөгүнө жакын кабыл алган мүнөзүн терс сапат деп баалап, катуу-катуу эле баспайбы, анча-мынчага көңүл бурбай эле койбойбу, келечекти эле күтө бербей бүгүнкү күн менен жашабайбы, кийимди антип бүктөбөсө эмне болот, короо чачылып турса эмне болмок эле, өзүн аябайбы, эркин жашабайбы деп ойлой берчүмүн. Менин кичинекейимдеги кийимдерди менин балама кийгизем деп сактап жүргөнүн көрүп, ой анын эмне кереги бар деп ойлочумун. Кайгылуу кино көрүп атып ыйлаганын көрүп, ой жарыктык деп күлүп койчумун.
Көрсө мен апамды түшүнчү эмес экенмин. Анын апасыз чоңойгонун, апасына болгон кусалыгы, энелик мээримди көксөөсү бала кезинен бери жылдап жыйылып отуруп бук болуп, саргайган санаа болуп жан дүйнөсүн жабыркатып, картка айланып калганын билчү эмес экенмин. Апамдын апасы таенем эмес, башка болгонун кичинемде бир жолу кулагым чалган менен, бир да көңүл бурбаптырмын.
Так ошол апамдын эшикти көздөй басып баратканын карап отурган сааттан бир күн өтүп, апаңдан айрылдың деген суук кабарды уктум…
…Көзүмө апамдын ошол кадамдары кайра-кайра тартылды. Паластан жай көтөрүлүп бараткан согончогу, таманы, кинотасманын үзүндүсүндөй көз алдымда турду. А оюмда «Бейиш эненин таманынын астында» деген сөз казыктай кадалып турду…
Андан бери Жер Күндү туптуура 3 жолу айланды.
Улан Кошалиев, 07.10.14.