alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:05 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:44
ЖаңылыктарРубрикасыз

ALJAZEERA телеканалынын Америкадагы эфири бүгүнтөн тарта токтойт

Катардын Аль Жазира телеканалы Америкадагы эфирин бүгүн, 30-апрелден тарта токтотот. Буга телеканалдын 2 жылдан ашуун убакытта да ири аудиторияга жайыла албаганы себеп болгондугу айтылууда.

Маалым болгондой, аталган телеканал башкы штабы Катарда жайгашкан. Мындан эки жарым жыл мурун 2013-жылдын августунда Аль Жазира АКШда обого чыккан. Бирок акыркы изилдөөлөрдү карай турган болсок, бул телеканалдын прайм-тайм убагындагы эфирлерин 30 миңдин тегерегинде гана адам көрөт. Мындай көрсөткүч АКШда аз болуп санааларын компания түшүндүрүп өткөн.

Аль Жазиранын Америкадагы жетекчиси Аль – Анстей мындан бир нече ай мурда кызматкерлерге жиберген электрондук катында Аль Жазиранын Америкадагы кабелдик жана санариптик эфирлеринин 30 — апрелден баштап акырына чыгарын билдирген. Буга негиз катары АКШ медиа базарында кездешилген экономикалык кыйынчылыктар себеп катары көрсөтүлгөн.

Эске салсак, Аль Жазира телеканалы араб өлкөлөрүнүн арасынан дүйнөгө жайылган, англис тилиндеги телеканалдардын бири.

http://maralfm.kg/

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button