25.1 C
Bishkek
17.07.2025
Рубрикасыз

Кайдыгерлик

Элчи айтты жашаса кимдер эгер,
Кыяматты ойлобой эч кайдыгер.
Андайларда болот деп алты белги, 
Себеп болот азапка ал белгилер. 
Биринчиси, дилинде болбойт ырайым, 
Экинчиси, жейт момун, жетим малын. 
Үчүнчүсү, дос кылат дүнүйөнү, 
Төртүнчүсү сүткорлук кылат дайым. 
Сүткорлуктун белгиси мындай адат,
Бирди берип, экини кайтып алат. 
Андай адам соодагер болсо эгерде, 
Соодаларын жүргүзөт такай алдап. 
Бешинчиси, бейнамаз жүрөт алар, 
Кээде окулса намазы, кээде калаар. 
Алтынчысы беришпейт үшүрүнөн, —
Зекет, үшүр намазга тете амал. 
Кайдыгерлик торунан кутулуп ким, 
Кыяматты көпөөстөп ачса дилин. 
Ошондон баштап андан кете баштайт, 
Бири калбай айтылган белгилердин. 
Булак: «Ак-Башат» журналы

Related posts

Кара-Сууда имамдын демилгеси менен аз камсыз болгондорго мектеп формалары берилди

Жума күнү кылына турган соопту иштер

Эх Россия мен сени жек көрөм!

Leave a Comment