24.1 C
Bishkek
16.06.2025
ЖаңылыктарРубрикасыз

Меккедеги мейманканадан чыккан өрттөн азиялык зыяратчылар жабыркады

Меккеде миңден ашуун ажылык зыяратына барган адамдар мейманканада чыккан өрттөн улам эвакуацияланды. Алар негизинен азиялык зыяратчылар экени маалымдалды.
Маалыматка ылайык, 17-сентябрь күнү таң эрте зыяратчылар жайгашкан мейманканалардын биринин 8-кабатында өрт чыккан. Өрттөнгөн аянттын чоңдугунан улам 1208 адам эвакуацияланган. Бул боюнча Сауд Аравиянын куткаруу кызматы билдирген.
Алардын маалыматында, Аз-Азизия районунда жайгашкан бул мейманканада азиялык зыяратчылар болгон. Өрттөн 2 адам жабыркап, аларга учурда тиешелүү медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө.
Саудия бийлиги азырынча өрттүн себептери тууралуу расмий билдирүү жасай элек.
http://maralfm.kg

//

The post Меккедеги мейманканадан чыккан өрттөн азиялык зыяратчылар жабыркады appeared first on FORMULA.KG.

September 19, 2015 at 09:59AM

Related posts

Пайдалуу таш

Кара-Суудагы «Абдуррахман ибни Ауф» медресесинин мурдагы жетекчиси, маркум Рахматулла ажы Басировду эскерүү аземи болуп, эмгектери үчүн бөлмө ачылды

Аллахтын керемети! Боом капчыгайында сел жүрүп, бирок мечит зыян тарткан эмес.

admin

Leave a Comment