Ошто «Кыргызстандын тарыхында жана маданиятында Исламдын орду» аталышындагы конференция болуп өттү
Конференцияда “Кыргыздын рухий маданиятында Исламдын орду”, “Жусуп Баласагындын Кут алчубилим” аташындагы эмгегиндеги диний баалуулуктар, “Али бин Осман Оший жана анын эмгектери”, “Ханафий мазхабынын Кыргызстан аймагындагы жайылуусу” жана “Манас эпосундагы Ислам дининин чагылдырылышы боюнча баяндамалар жасалды.
Уюштуруучулардын бири Исакбай Мурзабековдун айтымында аталган конференциянын негизги максаты тарых жана маданият жылына карата диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясына ылайык салттуу Исламдын Кыргызстандын тарыхындагы жана маданиятындагы ордун изилдөө болуп саналат деп билдирди. Мындан сырткары ал Кыргызстандын эзелтен берки тарыхында кандай гана бийликтик башкаруу системасы калыптанганына карабай ата-бабаларыбыз Исламдын түпкү баалуулуктарын сактап келгендигин кошумчалады.
Эскерте кетсек, жыйын соңунда конференциянын катышуучулары тарабынан резолюция кабыл алынып, конференцияда жасалган докладдар жана сунуш-пикирлерди эске алуу менен атайын китепче чыгаруу белгиленди.