Бул окуя Мухаммед Алинин кыздары анын үйүнө өтө ачык кийим кийип келгенде болгон. Анын кыздарынын бирөөсүнүн айтып берүүсү боюнча окуя төмөнкүдөй болгон:
Биз акыры атам жашаган үйгө жеткенде, айдоочу сиңдим Лейла менен мени атамдын квартирасына чейин узатып чыкты. Ал бизди чочутуу үчүн, ар дайымкысындай, эшиктин артына жашынып күтүп туруптур. Бири-бирибизди болушунча бекем кучактап өптүк. Атам бизге жакшылап көз жүгүртүп карады да, анан мени тизесине отургузуп, мага мен өмүр бою унутпай турган бир сөз айтты.Көздөрүмө тике карап: “Хана, Кудай бул дүйнөдө баалуу кылып жараткан нерселердин баары катылуу жана кол жеткис. Алмазды кайдан табасың? Жердин түбүнөн жабык жана катылган абалда. Берметти кайдан табасың? Океандын тереңинде, кооз кабыктын ичинен. Алтынды кайдан табасың? Терең шахталарда кабат-кабат аска, таштын арасынан. Аны алуу үчүн катуу иштеш керек”. Анан ал мага олуттуу көздөр менен карады да: “Сенин дене-мүчөң да ыйык. Сен алмаз, берметтерден да баалуусуң. Сен да жабынышың керек, кызым!”,- деди.
http://formulasy.blogspot.com/2016/
Мухаммед Алинин кыздарына насааты (балуулук)
2 пикирлер
2 пикирлер
Muchas gracias. ?Como puedo iniciar sesion?
Muchas gracias. ?Como puedo iniciar sesion?