Чабыш кызуу жүрүп жаткан. Азирети Али карпа-курпа кирип келген душманды көз ачып жумгуча жыга салып, тизе менен жерге ныгырат. Жаны ачышып кеттиби, же жеңилүүнүнү ызасына туруштук бере албадыбы, айтор, жерде чыйпылыктап жаткан каапыр каапырлыгына салып Азирети Алинин нур тамылжыган бетине түкүрүп жиберет. Согуш кычап турган мезгилде жийиркеничтүү тариз менен өзүнө жооп кайтарган каапырдын башын учура салып басып кетүү «Алланын Арстаны» атанып, Пайгамбардын бүлөсүнөн саналган баатыр үчүн түккө турбаган иш болсо керек эле. Бирок ал каарман бул казатка өз напсинин кызыкчылыгы үчүн эмес Жараткан Алланын ыраазылыгын табуу үчүн чыккан эле. Ошондуктан ал айдарым жел бетти бир сылап өткөнчөлүк убакыттын ичинде напсинин тукуруусун, напсинин ызаалуу кегин жеңе алды. Үн-сөз жок өйдө болуп колуна карыштыра кармаган Зулфикар-Зулпукар аттуу Азирети Пайгамбарыбыз белекке тартуу кылган кылычын жерге таштап, мына азыр бул жарык дүйнө менен аянычтуу абалда кош айтышам деп турган душманды өлтүрүүдөн баш тартат. Көл-шал болуп, тили кургап, чалкасынан жаткан душман Азирети Алинин бул жоругуна түшүнө албай селейет. Бул «Ачууга алдырып, бир чоң түмөндүн колбашчысынын бетине түкүрүп алдым, эми ал мени азапка салып, тирүүлөй кескилеп өлтүрөт ко, аттиңай!» деп өлүмдү күтүп калган душмандын селейиши эле. Бирок иштин аягы ал ойлогондой болуп чыкпады. Ой-кыялга келбей турган акыйкатка өмүрүндө биринчи ирет кездешип жатканы таттуу жандан түңүлүп калган адамзааданы ансайын толкундантты, ан сайын жүзүн албыртты. Дале болсо ишенгиси келбей акылы жетпей турду, «Бул мүмкүн эмес!» деген тейде. Күрмөөгө келбей калган тили менен булдурттап, жетине албай минтип суроо салды:
-Али мырза! Эмне үчүн мени өлтүргөн жоксун? Кош миздүүңдү бир шилтесен, чымын жаным чыркырап калбайт беле? Аз убакыт мурда тажаалданган айбаттуу элең, азыр болсо сөз жеткистей тынчтыкка сүңгүп кеттиң?… Чагылган сыяктанып чарт кесип өтөөр маалда шамалы жок өрөөндүн абасындай мемиреп калдың…
-Азирети Пайгамбар(с.а.в.) тартуу кылган бул Зулфикарды мен Алланын жолунда гана колдоном. Алланын душманынын башын кайра эле Алланын ыраазылыгы үчүн учурам. Өз кызыкчылыгымды бул ишке жакын жуутпайм… Сен жүзүмө түкүрүү менен менин ачуумду чектен чыгарып, акаарат кылгың келген. Мен эгер дал ошол маалда ачууга алдырганымда напсиге моюн сунуп, момун мусулманга түк жарашпас ишке барып, арзыбаган себеп менен сени өлтүрүп салар элем. А аныгында мен жинимди кагуу же аброй үчүн эмес Алланын ыраазылыгы үчүн казатка аттангам деди Азирети Али. Натыйжада душмандын катыган жандүйнөсү Азирети Алинин изги ахлагынын алдында туруштук бере албай ээрип, бир башкача бактылуу жаңы жашоону тапты. Азирети Алинин кубаттуу ыйманынан, напсини тизгиндей алышынан жана ыкласынан таасирленип ыйман келтирди…