Биздин сайтыбызда иштөөнү жакшыртуу үчүн cookies колдонобуз. Биздин эрежелерге макулсузбу?
Макулмун
Formula.KGFormula.KG
Окулуп жатат: Атамбаев Сауд Арабиясынын Королуна көңүл айтты
Бөлүшүү
Эскертмелер Көбүрөөк көрсөт
Акыркылар
Сасык тумоо курч, респиратордук ооруларды айыктыруунун жолу
Рубрикасыз
Нан уурдаган өспүрүм
Аңгемелер Таасирдүү окуялар
Кыргызстандык кары дүйнөлүк Куран жарышта 2-орунду багындырды
Жаңылыктар
Тогуз күн (202 саат) 7 кабаттуу үйдүн астында калган үй-бүлөнүн окуясы (ВИДЕО)
Видео Медиа Таасирдүү окуялар
Молдо Кылыч: «Зилзала» 1911-жыл.
Ырлар
Аа
Formula.KGFormula.KG
Аа
Авторизация Кирүү
Катталыңыз
  • Advertise
© 2022 FormulaMediaGroup. All Rights Reserved.
Formula.KG > Blog > Жаңылыктар > Атамбаев Сауд Арабиясынын Королуна көңүл айтты
ЖаңылыктарРубрикасыз

Атамбаев Сауд Арабиясынын Королуна көңүл айтты

Avatar
Жаңыланды: 2020/04/20 at 10:53 ТЧ
Бөлүшүү

Аль-Харам мечити
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-сентябрда «Аль-Харам» мечитиндеги трагедиялуу кырсыктын кесепетинен көптөгөн жарандардын каза болуп жана жаракат алгандыгына байланыштуу Сауд Арабиясынын Королу Салман бин Абдель Азиз Аль Саудга көңүл айтты.
“Каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен кайрат айткан сөздөрүмдү, ошондой эле бардык жабыркагандар тезирээк сакайып кетишин кааларымды билдирип коюуңузду өтүнөм”,- деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.
Эске салсак, кечээ Меккедеги дүйнөгө белгилүү Аль-Харам мечитинде курулуш краны кулап түшкөн. Кран аталган аймакта болгон катуу шамалдын таасиринен кулашы мүмкүндүгү айтылды. Каза болгондордун басымдуу бөлүгү ажылык зыяратын аткарып жаткандар. Маалыматтар боюнча кырсыкта каза болгондордун саны 107ге жеткен. Ал эми жаракат алгандардын саны 238.
Кошумчалай кетсек, Мекеде кечээ күн 30 градуска чейин ысып, андан соң, жаан жаап, сел жүргөн. Жаракат алгандардын жана каза болгондордун арасында кыргызстандык зыяратчылар жок экенин Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.
Аталган мечитте акыркы эки жылдан бери масштабдуу оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.
“Марал” радиосу

//

The post Атамбаев Сауд Арабиясынын Королуна көңүл айтты appeared first on FORMULA.KG.

September 15, 2015 at 01:00PM

АЧКЫЧ СӨЗДӨР: Алмазбек Атамбаев, аль-харам, Кырсык, Мекке, Сауд Арабиясы
15.09.2015
Макаланы бөлүшүңүз
Facebook Twitter Whatsapp Whatsapp VKontakte Telegram Шилтемени көчүрүү Басып чыгаруу
Мурдагы макала Жакшылык кыл – жүрөгүң кенен болот.
Кийинки макала Курман Айт күнүнүн пазилеттери
Пикир калтырыңыз Пикир калтырыңыз

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

Катталыңыз

© 2022 FormulaMediaGroup

Окуу тизмесинен өчүрүү

Баш тартуу
Ассаламу алайкум!

Авторизация

Сырсөздү унттуңузбу?