22.1 C
Bishkek
18.06.2025
МакалаларРубрикасыз

А менин бактым — Намазда

Бул дүйнөгө кимдер келип кетпеди.
Максатына кээси жетип, жетпеди.
Кээ адамдар жакшы жашап өтүшсө.
Кээ адамдар жаман жолду беттеди.
Сүйгөн менен аны  жандап жүрө албай.
Кол кармашып, катар басып күлө албай.
Канча өмүрлөр өттү өксүк арманда.
Толук кандуу бакыт эмне биле албай.
Байлык топтоп кээ бир жандар кыйналды.
Бирөөлөрү аны көрүп чыйралды.
Кээ бирөөсү башы чыкпай арактан.
Кур кетирди кайран гана жылдарды.
Адамбыз да ар кырдаалда жашадык.
Көп күнөөнү билип билбей жасадык.
Кечир Кудай суранаарым пендеңди.
Бизден кетсе пендечилик, каталык…
«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

Related posts

Чубак ажы Жалилов: «Шариат мындайга жол берет, турмуш куруп жашоого болот. Анткени ал аялыңыз улуу болгондуктан уктаарда дайыма сизге жомок айтып берет»

Ноокатта Куран жана фыкх илимин окуган айымдарга сертификаттар берилди

Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев «Кылмыштуулуктун жана суициддин алдын алуу» деген темада өз баяндамасын жасады

Leave a Comment