Ички бөлмөдөн беш жашар баласы чыга келип, эми эле жумуштан чарчап келген атасына асылып:
“Ата, жүрү сыртка чыгып ойноп келели. Мени менен паркка барып келчи” деп жалдырай баштайт. Баласынын көңүлүн да ооруткусу келбейт.Бирок, кыла турган иштери да көп. Канткенде баласынын да көңүлүн оорутпай аны алаксытып, өзүнүн иштерин да бүтүрсө болот деп ойлоно баштайт. Эмне кылаарын билбей турганда жанындагы столдун үстүндө турган дүйнөнүн картасын көрө калып, кубанып кетет. Баласын карап:
“Балам, макул… сени менен бирге сыртка чыгып каалаган нерсеңи кылабыз. Бирок, бир шартым бар” деп дүйнөнүн картасын колуна алып баласына көргөзөт:
“Бул дүйнөнүн картасы. Мен муну майда-майда кылып онго бөлүп берем. Эгерде сен бул дүйнөнү мурдагы калыбына келтире алсаң, чогуу чыгып ойноп келебиз” дейт. Баласы сүйүнүп, макул болот да майдаланган картаны колуна алып кайра ички бөлмөгө кирип кетет. “Бул эми эки саатта араң оңдоп келет. Мен да бираз эсалып алайын” деп жата калат. Арадан 5 мүнөт өтпөй атып картаны калыбына келтирип,аны бири-бирине жабыштырып көтөрүп чыга келет. Таң калган атасы:
“Балам! Муну кантип кылдың? Мен да мынчалык тез кыла албайт болчум” деп сурайт. Баласынын жообу атасын айласыз абалда калтырат:
“Ата, бул картанын арт жагында адамдын сүрөтү бар эле. Адамды оңдосом дүйнө да оңдолот экен. Мен ошону гана түзөп, оңдоп чыктым.”
Демек, эң биринчи өзүңдөн башта
Пикир калтырыңыз
Пикир калтырыңыз