Сахабалар жыйналыш кылып чогулушат. Бирок, ал жыйында Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) жок болот. Халид бин Валид, ибну ъавф, Билал жана Абу Зар (родияллоху анхум) сыяктуу сахабалар катышат. Адамдар кандайдыр бир темада сүйлөшүп жатышкан болот. Ошол кезде Абу Зар (родияллоху анху) төмөнкү сунушту айтат: «Мен аскердин мындай, мындай кылуусун сунуштайм». Бирок, Билал (родияллоху анху) анын оюна кошула албастыгын жана анын сунушу ката экендигин айтат. Абу Зар |родияллоху анху) Билал (родияллоху анхуга) карап: «О, Каранын баласы! Менин сунушумду сен катага чыгарасыңбы???» — деп, ачууланган абалда суроо узатат. Билал (родияллоху анху) кайгыга чөгүп, ачууланган бойдон ордунан туруп: «Сенин айткан сөздөрүңдү, Пайгамбар |соллаллоху алайхи васаллам)га жеткирем» — деп, Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам)га карай жөнөп кетет. Билал (родияллоху анху) Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам)дын жанына барып: «О, Алланын элчиси! Абу Зардын мен жөнүндө эмне дегенин уктуңузбу?»- дейт. Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам): «Сен жөнүндө эмнелерди айтып жатат?» — деп, кайра өзүнөн сурайт. Билал (родияллоху анху) болгон окуяны айтып берет. Анын айткандарын уккан Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам)дын жүзү өзгөрүп кетет. Болгон кабардын бардыгын уккан Абу Зар (родияллоху анху) шашылып келип мечитке кирет да: «Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокаатуху! «- деп, Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам)га салам берет. Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам): «О, Абу Зар! Сенде дагы деле жахилият (караңгы) доордун түшүнүгү бар экен» — дейт. Абу Зар (родияллоху анху) ыйлап Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам)дын жанына келип: «О, Алланын элчиси! Мен үчүн истигфар айтып, күнөөлөрүмдүн кечирилүүсүн тилеп Алла Таалага дуба кылыңыз» — деп жалбарат. Андан соң ыйлап мечиттен чыгып, жолдо келе жатса, Билал (родияллоху анху) жөө келе жаткан болот. Абу Зар (родияллоху анху) башын ылдый кылып, Билал (родияллоху анхунун) жолуна жата калатта, жүзүн топуракка коюп: «О, Билал Аллага ант! Сен бетимди тепсемейинче, жүзүмдү топурактан көтөрбөйм, сен сыйлуусуң а мен болсо төмөнмүн» — дейт. Билал (родияллоху анху) ыйлап баштайт, анан Абу Зар (родияллоху анхунун) жанына келип, жүзүнөн өөп: «Аллага ант! Аллах үчүн сажда кылган жүздү эч качан тепсебейм» — дейт. Экөөсү ордунан туруп, ыйлап, бири-бирин кучактап басып кетишет.
Эми өзүбүздүн бүгүнкү жашообузга карап көрөлү! Бири-бирибизди күнүнө, бир эмес, миң ирет жамандайбыз, бирок кечирип кой бир тууганым деп айталбайбыз.
Бири-бирибизди канча жолу капа кылабыз, бирок бир жолу да кечирим сурабайбыз.
Кээ бирөөлөр кечирим суроону, кордук деп ойлошот. Тескерисинче, кечирим суроо — кичи-пейилдик, маданият жана жан дүйнөнүн тазалыгы. Ал эми кечирүү бул — мээримдүүлүк, ырайымдуулук. Ким пенделерге мээримдүү болсо, Алла Таала ал адамды Өз мээримине алат.
Урматтуу мусулман бир тууганым! Эгерде бул окуяны көчүрө турган болсоңуз, шилтемеси менен кошо көчүрүүңүз.