alternatetext Багымдат: 04:31 | alternatetextКүн чыгуу: 06:12 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:51 | alternatetextКуптан: 21:36
ЖаңылыктарРубрикасыз

Диний эксперт Сайфулла Базаркулов: “Бизде светтик радикализм да орун алууда”

Мындай пикирин ислам дини боюнча эксперт, Ош мамлекеттик университетинин дин таануу факультетинин деканы, диний билим берүү жана дин таануу боюнча концепцияны иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү Сайфулла Базаркулов билдирди. Анын пикиринде, айрым учурда коомубузда диний радикализм тууралуу көп айтылып, ошол эле учурда светтик радикализм да орун алып жаткандыгы жөнүндө маселе көтөрүлбөй калууда.

“Бизде кээде динди тутунган адамдарга светтик жашоо образындагы адамдар тарабынан жүйөсүз эле кысымдар жасалып калууда. Мисалы, жоолук тагынган кыз-келиндерди жана намаз окуп, шарият жолунда жүргөн эркектерди басмырлоо. Коомдогу мындай жагдай карама-каршылыктарды жаратышы мүмкүн. Ошондуктан, Кыргызстандын 80 пайыз калкы мусулмандар болгондуктан, ар бир мамлекеттик же башка кызматкерлердин диний терең билими болбосо да жок дегенде үстүрттөн түшүнүгү болушу зарыл. Мындан тышкары, дин таануу боюнча адистерди магистратура, бакалавр, докторантура деңгээлинде чет жактан эмес, өзүбүздөн даярдоо керек. Бул маселеге билим берүү министрлиги менен Жогорку аттестациялык комиссия да көмөктөшүүсү зарыл. Кыргызстан демократиялуу мамлекет катары таанылган соң, эч качан жарандарга диний көз карашы боюнча кысым жасалбаш керек”,- деди ал.

Айрым маалымат каражаттары коомубуздун ашкере исламдашып, радикалдашып бараткандыгы тууралуу көп жазышууда жана хиджап, мусулман дининдегилердин кийими тууралуу сын пикирлер көп айтылууда.

«Кабар-Пресс» мамлекеттик маалымат кызматы

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button