Биздин сайтыбызда иштөөнү жакшыртуу үчүн cookies колдонобуз. Биздин эрежелерге макулсузбу?
Макулмун
Formula.KGFormula.KG
  • Башкы бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
    • Даарат
    • Намаз
    • Орозо
    • Зекет
    • Ажылык
  • Аңгемелер
    • Таасирдүү окуялар
    • Өрнөктүү өмүрлөр
    • Турмуш таалимдери
    • Эне жөнүндө
    • Тарбия
  • Рубрикалар
    • Мультимедиа
      • Фото
      • Видео
      • Аудио
    • Ден-соолук
    • Китептер
    • Атактуулар ааламы
    • Пайдалуу кеңештер
    • Ырлар
  • Жардамчы
    • Намаз убактылары
    • Орозо календары
    • Мечит жана намазканалар
    • Кыргызстандагы медреселер
Окулуп жатат: Жүрөгүңөрдүн бири-биринен алысташына жол бербегиле!
Бөлүшүү
Эскертмелер Көбүрөөк көрсөт
Аа
Formula.KGFormula.KG
Аа
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
  • Намаз убактылары
  • Башкы бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
    • Даарат
    • Намаз
    • Орозо
    • Зекет
    • Ажылык
  • Аңгемелер
    • Таасирдүү окуялар
    • Өрнөктүү өмүрлөр
    • Турмуш таалимдери
    • Эне жөнүндө
    • Тарбия
  • Рубрикалар
    • Мультимедиа
    • Ден-соолук
    • Китептер
    • Атактуулар ааламы
    • Пайдалуу кеңештер
    • Ырлар
  • Жардамчы
    • Намаз убактылары
    • Орозо календары
    • Мечит жана намазканалар
    • Кыргызстандагы медреселер
Авторизация Кирүү
Катталыңыз
  • Advertise
© 2022 FormulaMediaGroup. All Rights Reserved.
Formula.KG > Blog > Аңгемелер > Таасирдүү окуялар > Жүрөгүңөрдүн бири-биринен алысташына жол бербегиле!
РубрикасызТаасирдүү окуяларТарбия

Жүрөгүңөрдүн бири-биринен алысташына жол бербегиле!

Avatar
Жаңыланды: 2020/04/20 at 10:53 ТЧ
Бөлүшүү
- Advertisement -

Бир жолу мугалим окуучуларынан сурап калды:
-Эмне үчүн адамдар урушканда кыйкырышат?
-Себеби, тынчы кетет,- деди бирөө.
-Адам жанында эле болгон соң неге кыйкырат?-деп кайра суроо салды мугалим.
-Эмне акырын эле сүйлөшсө болбойбу? Капа болгон болсоң неге кыйкырасың?
Окуучулар ар бири өз жообун айтып жатты. Бирок, бирөө да мугалимди канаатандырган жок. Акыры ал өзү мындай деп түшүндүрүп берди:
-Адамдар бири-бирине нааразы болуп, уруша кеткенде алардын жүрөгү бири-биринен алыстай түшөт. Бул аралыкты жоюп, бири-бирин уга билүү үчүн кыйкырганга туура келет. Канчалык катуу капа болушса, ошончолук катуу кыйкырыша баштайт. А, адамдар бири-бирин сүйүп калганда кандай болот? Алар кыйкырышпайт, тескерисинче акырын сүйлөшүшөт. Анткени, алардын жүрөгү бири-бирине жакындашып, ортосундагы аралык өтө аз болот. Аябай сүйүшүп калганда эмне болот?-деп сөзүн улады мугалим:
–Сүйлөшүшпөйт, шыбырашып мурункудан да жакын болушат. Акырында аларга шыбырашкандын да кереги жок болуп калат. Бири-бирин көз караштан эле түшүнүшүп калат. Бул бири-бирин сүйгөн эки адам чогуу болгондо болот. Мына ошондуктан чырдаша кеткенде жүрөгүңөрдүн бири-биринен алысташына жол бербегиле, ортоңордогу аралыкты ого бетер алыстата турган сөздөрдү айтпагыла. Анткени, аралык байкалбастан өтө алыстап кеткен учур келгенде, кайтаар жол таппай калышыңар мүмкүн.

//

The post Жүрөгүңөрдүн бири-биринен алысташына жол бербегиле! appeared first on FORMULA.KG.

September 30, 2015 at 10:40PM

- Жарнама-
АЧКЫЧ СӨЗДӨР: бир туугандык, Достук, сүйүү, Ынтымак
30.09.2015
Макаланы бөлүшүңүз
Facebook Twitter Whatsapp Whatsapp VKontakte Telegram Шилтемени көчүрүү Басып чыгаруу
Мурдагы макала Өлүмдөн кийин бул дүйнөнү көргүң келеби?
Кийинки макала Мухаммед пайгамбар тууралуу тасма “Оскарга” көрсөтүлөт
Пикир калтырыңыз Пикир калтырыңыз

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Formula.kg — Диний, руханий, маданий агартуучу порталы

Катталыңыз
© 2022 FormulaMediaGroup
Ассаламу алайкум!

Авторизация

Сырсөздү унттуңузбу?