24.1 C
Bishkek
16.06.2025
ЖаңылыктарРубрикасыз

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17 өлкөнүн катарынан орун алды.

Былтыр көптөгөн өлкөлөрдө диний ынанымы үчүн куугунтукка алынган учурлар кыйла көбөйгөн. Эл аралык дин эркиндиги маселелери боюнча америкалык комиссиянын корутундусу ушундай болду. Комиссия 1998-жылы АКШ Конгрессинин чечими менен түзүлгөн.

Баянамада дин эркиндиги өтө начар абалда делген 17 өлкө катуу сынга алынган. Алардын катарында Мьянма, Иран, Түндүк Корея, Иран, Сауд Арабиясы, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан да бар.

Авторлордун пикиринде, Тажикстан өкмөтү мамлекеттин көзөмөлүндө болбогон диний ишмердүүлүккө басым жасап, жазалоого шыктуу. Адамды диний ынанымына байланыштуу негизсиз козголгон кылмыш иши боюнча абакка кесүүгө маш. 2015-жылы оппозициячыл маанайдагы Тажикстан ислам кайра жаралуу партиясына тыюу салынган. Бул партия расмий түрдө 15 жыл бою иш жүргүзүп келе жаткандыгына карабастан, анын 100гө чамалаш жетекчилери менен мүчөлөрү эркинен ажыратылган.

Баяндамадагы маалыматтар менен корутундулар АКШ тарабынан жарандарынын дин эркиндигине болгон укугун сактабаган өлкөлөргө карата санкция киргизип, айып салуу чараларын көрүүгө негиз болуп бере алат.

«МАРАЛ»

Related posts

Дүйнөдөгү теракттардан канча киши каза тапты?

Адилет Сыдыков

«Илимдүүнү ийгилик издейт» аттуу китеп окуу конкурсуна 10 000 жаран катышты

10 Places You Can’t Miss If It’s Your First Time in European

admin

Leave a Comment