15.1 C
Bishkek
12.07.2025
ЖаңылыктарРубрикасыз

Террордук уюмга “Ислам мамлекети” терминин колдонуу этикага туура келбейт

КРдин Стратегиялык изилдөөлөр жана божомолдоо институтунун эксперти Аман Салиев Жакынкы Чыгыштагы террордук уюм ДАИШ, ИГИЛ же ИГИШ деп аталабы, башкысы анын келип чыгуусу маанилүү экенин белгиледи.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. “Ислам мамлекети” террордук уюмунун ислам мамлекеттерине эч кандай тиешеси жок экенин Кыргызстандын Стратегиялык изилдөөлөр жана божомолдоо институтунун эксперти Аман Салиев Sputnik маалымат сайтына билдирди.
Ал өз сөзүндө террордук уюмга “Ислам мамлекети” терминин колдонуу этикага туура келбей турганын айтты.
“Анткени бул уюмдун түптөлүшүнө ислам илиминин жана мусулман аалымдарынын эч кандай тийиштиги да жок. Бул уюмдун аталышы жана түзүлүшү геосаясый кармаштын натыйжасында келип чыккан. Ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы аймактарды бөлүп, ага таасир кылуу үчүн түзүлгөн деп айтууга болот”, — дейт ал.

“Ислам мамлекети” деген сөз классикалык исламда жана шариат боюнча таптакыр башка маанини берет. Мунун Ирак менен Сирияда болуп жаткан окуяларга эч кандай тиешеси жок”, — деди ал.

Аман Салиев буга чейин исламга байланыштырылып келген Аль-Каида, ИГИЛ жана башка террордук уюмдар мусулман аалымдар тарабынан түзүлбөгөнүн баса белгилеп, бул уюмдар геосаясий кармаштын натыйжасында түзүлгөнүн баса белгиледи.

“Аны керек болсо атайын кызматтар өздөрү түзгөн. Бул уюмдар мусулмандардын көз караштарын чагылдырбайт жана көздөбөйт”, — деди ал.

Белгилей кетсек, дүйнөлүк ири ЖМКлар Сирияда жана Иракта “Ислам мамлекети” деп аталган террордук уюмдун аталышын исламга байланыштырбай “ДАИШ” деп атоону сунуштап, согушкерлердин өз аракеттеринде исламдын атын колдонуусуна чек коюуну көздөп жатышат.

Sputnik Кыргызстан

December 02, 2015 at 08:04AM

Related posts

«Азирети Умар» мечитинин имамы Нурали ажы Жолдубаев №48 орто мектебинин окуучулары менен жолугушуп, инсандын адеби боюнча баяндама жасады

Өлүм жөнүндө ой толгоо

Кара-суу районунда ыксыз чыгымдарга жол бербөө жана анын алдын алуу боюнча жыйын өттү

Leave a Comment