21.1 C
Bishkek
10.07.2025
РубрикасызТаасирдүү окуялар

Абакта айтылган дуба

Харасан акими Абдулла бин Тахир адилеттүүлүгү менен атагы чыккан адам эле. Бир жолу жөкөрлөрү төрт ууруну кармап алат. Аларды акимге алып бара жаткан жолдо би­рөөсүн качырып жиберишет да шаарды түп көтөрө издей баш­ташат. Ошол түнү хираттык бир уста Нишапурга жумуштап келген болчу. Жатарга жай тап­пай көчөдө бара жаткан уста­ны ууру деп ойлогон жөкөрлөр кармап алышат да, төртөөнү акимге алып келишет. Аким аларды абакка салууга буй­руйт.
Кара доомат менен күнөөсүз абакка түшүп калган уста түнү менен намаз окуп, Аллага жа­лынып дуба кылат. Акыркы ду­басында: «Оо, Жараткан Алла, менин күнөөлүү эмес экеним­ди бир гана Сен билесиң жана мени бул абактан Сен гана алып чыгасың» деп жалбарат.
Ушул түнү аким Абдулла түш көрөт. Түшүндө эңгизердей болгон төрт адам келип анын тактысын оодарып салмакчы болушат. Аким чочуп ойго­нуп, даарат алып, эки ирекет намаз окуп кайра жатат. Көзү илинер замат жанагы эле түшү кайталанат. Ошентип түнү ме­нен оңдуу уктай албай чыккан аким таң эрте абак башчысын чакыртат.
– Абакта күнөөсүз камалып калган адам барбы? – деп сурайт андан. Ал:
– Жок, андай болуусу мүмкүн эмес, би­рок кечээки уурулардын бири таң атканча намаз окуп дуба кылып чыкканын уктум, – дейт.
Аким дароо ошол адамды алып келүүгө буйруйт. Аны алып ке­лишкен соң баштан-аяк суроо жүргүзөт. Уста болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып берет. Анын күнөөсүз экенине көзү жеткен аким:
– Мени кечиргин, мынабу миң теңгени алгын жана кан­дай тилегиң болсо мага кай­рыл, – деди. Уста теңгени алып:
– Мен сизди кечирдим, тар­тууңузду да кабыл кылдым, бирок тилегимди сизден сурап келе албайм, – деди, сылык сы­паа. Аким таңданып сурады:
– Эмне үчүн тилегениңди су­рабайсың, же мени аны орунда­та албайт деп ойлойсуңбу?
– Жок, урматтуум, менин ти­легимди сиз деле орундаты­шыңыз мүмкүн, бирок мага ок­шогон бечара кулунун дубасын угуп, сиз сыяктуу султандын тактысын оодармакчы болгон Жаратуучумду таштап, сизден тилек кылганым жакшы бол­бос. Эртедир-кечтир Анын ал­дына барганда жүзүнө кантип тигилем, – деп жооп берди да, ыраазылыгын билдирип са­райдан чыга жөнөдү…

//

The post Абакта айтылган дуба appeared first on FORMULA.KG.

September 19, 2015 at 04:00PM

Related posts

African Nation Are Strugling To Save Their Wildlife

admin

Our Ultimate Top 20 Hikes in New Zealand

admin

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Маргалаңдагы кол өнөрчүлүк борборуна барды

1 comment

Gagogrofe 07.11.2024 at 19:39

These small devices are implanted under the skin of the chest order priligy online usa 30 mgs Dbol Dianabol giorno 25 mgs Ostabolic ostarine mk giorno 10 mgs Cardarine GW giorno 7 caps N2Guard day

Reply

Leave a Comment