21.1 C
Bishkek
10.07.2025
РубрикасызТаасирдүү окуялар

Эң даамдуу нан

Элүү жыл чогуу жашаган бир үй-бүлө бактылуу өткөн өмүрүнө саресеп салып, элүү жылдыгын белгилейт. Эртеси эртең мененки тамакта аялы ойлонот:
– Мына, элүү жылдан бери абышкама нандын кытыраган эң даамдуу жерин – сыртын берип келатам. Мен аны канчалык жакшы көрсөм да, аны абышкам жесин дейм. Бүгүн аны өзүм жейин.
Ошентип, нандын үстүндөгү катуу, кытырак жагын май сүйкөп өзүнө алып калат да, экинчи жагын күйөөсүнө берет. Бирок, анын күткөнүндөй болбойт. Күйөөсү аябай сүйүнөт да, анын колунан өөп туруп мындай дейт:
– Сен бүгүн мени кандай гана бактылуу кылдың! Мына, элүү жылдан бери мен нандын эң даамдуу жерин – астыңкы бөлүгүн жей элек элем. Мен ал даамдуу жагы сага калсын деп, сен үчүн андан баш тартып келген элем. Эми сен мага бүгүн ошол даамдуу жерин берип отурасың.
Адам жакын адамы үчүн көптөгөн жакшы нерселерди кылат, андан эч нерсесин аянбайт. Ал гана эмес, жакшы көргөн нерселеринен, ишинен баш тартышы мүмкүн. Бирок, бир нерсени эске тутуу керек – бул анын макулдугу…

Жарык дүйнөдө баары сонун, бирок, ошолорду көркүнө келтирип турган жароокер жакшы жар болот. (Хадис)

Тең теңин тапса, деңиздей балкып жашайт. (Эсхил)

Күйөөсүнүн ыраазычылыгына татып көз жумган аял бейишке кирет. (Хадис)

Related posts

Абакта айтылган дуба

Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев «Таасиил» фондунун өкүлү доктор Адил Абдулло Ашшаьбаан менен кызматташуу жаатында пикир алышты

How Fashion Insiders Are Dressing for New York Fashion Week

admin

Leave a Comment