Бисмилляхир Рохманир Рохийм!
Буудайга гендик аргындаштыруу менен кирген арам, анан тегирмендеги, андан ары кондитердик фабрикалардагы белгисиз кошулмалар аз келгенсип, эми арамдаштыруу навайчыларга жетти. Кайсыл жерге барба, үйдө тандырга нан жапкан келин жок, баары нанды навайдан алат. Кудага барса да, конок тоссо да, той кылып же сөөк узатса д. албетте дасторкондо кыпкызыл болуп бышкан, кабыгы алмадай жылтыраган навай нандары коюлат.
Анын үстүнө дасторконго отураар замат бата кылып: «Кана нанга караңыздар» — дейт кыргызда. Анан ортодогу нанды алып улам сындырып коноктордун алдына койот.
Ашкана, кафелерди айтпай эле кой. Навай нандарынын түрү көп, кооздугу көз жоосун алат, жытынан шилекейиңе какап өлгөнү каласың. Бул нан коюлбаган дасторкон жок.
Бирок бул керемет нанды навайканаларда да арамга буланып жатканын баары эле биле бербейт. Тагыраагы азыр кайсы навай болбосун надын бетине жумуртканын сарысын, май же сүзмө сүртүп жылтыратат. Аны ЧОЧКОНУН ЖҮНҮНӨН БОЛГОН ЩЕТКА менен сүртөт. Ооба, навайчынын колундагы щетка кадимки эле Шариат арам деген чочконун жүнүнөн жасалат. Жумшак, коюу, нандын бетине из калтырбайт. Анан арзан дагы, кайсы базарга барба толтура.
Өткөндө, чочконун жүнүнөн жасалган щетка менен сүртүлгөн нандын өкүмү тууралуу Чубакка кайрылдым. Ал: «Ажыке, Шариат өкүмү боюнча бул нан сөзсүз арам болот» деп жооп берди. Кийин өзүнүн сабагында да бирөөлөр сураганда ушинтип жооп бериптир. Видеосу интернетте жүрөт.
Пикирлеш инилерим менен атайы ушул иш боюнча шаарга чыктык. Алгачкы эле навайканага бурулуп нанга иштеткен щеткасын сурадык. Көрсөттү. Кадимки эле биз күткөн сары щетка экен. Мунун чочконун жүнүнөн жасалаарын да билет экен. Чубактын фатвасын да угуптур. «Кимдин денесинде кыпынчалык арам болсо…» деп бир хадисти баштасам, «анын дубасы кырк күн кабыл болбойт» деп улантып да койду. Сакалы тизесине түшөт. Маселенин эң оор жери – өзү беш убак намаз да окуйт экен. Бирок алмаштырганы убактысы (!) болбоптур. Бул кандай капилет.
Дагы бир жерге бардык. Ушундай щеткасын алып чыкты. «Бул чочконун жүнүнөн жасалат» десек, «Ушундай жүндүү чочкону кайдан көрдүңөр?» деп бизди келесоодой карайт. «А сен каерлерде болгонсуң?» деп сурасам, айылынан эле Бишкекке келген жан экен. Анан телефондон интернетке кирип, көз алдында ошондой щетканы таап, анын чочконун жүнүн кырып алып жасап жаткан учурун көрсөттүк. «Азыр интернетте баарын жасап койо берет да» деди. Мына ушундай жооп менен кайттык.
Андан аркы навайканада иштегендер кунт коюп угушту. Баштарын чайкап таң калгандай да болушту. Алмаштырабыз деп убада беришти. Анан биз арамдын абалын, аны билип туруп саткан адамдын акыреттеги жоопкерчилигин түшүндүрүп, алдагы жабылып калган нандарды да сатыктан алып коюсун сурандык. Макул деп заматта ары жакка алып коюшту. Биз сүйүнүп кайттык. Бирок арадан он мүнөттөй өтпөй кайра эле ошол жол менен кайтып калдык. Кулап түшө жаздадык. Щетка да ошо, жабылган нан да ошо.
Өзүбүз эле щетка сатып алып, ар бир навайканадагы щетканы алмаштырбасак болбой калды. Базарга бардык. Эки базарга бардык. Баарында ушул щетка. Синтетикасы жок экен. Болгону да жарабайт экен. Базардагылардын бул щетканын чочконун жүнүнөн жасалаарын угуп таң калгандарын айтпа. Ишенбегендери канча. Күйгүзүп да бердик. Жыты кадимки эле күйгөн жүндөй. Бирок, бири да: «Түй ата, өлгөн тура! Мындан түшкөн акча кандай болду эми? Муну жок кылайын. Же жок эле дегенде муну нанга шыбаганы болбойт деп айтайын» дегени болбоду.
Айтаарым: Ар ким өз адалын өзү издесин. Бирөөгө ишенбесин.
Анан синтетикалык же полимер щеткаларды каерден алууну билгендер дарегин айтып коюңуздар. Аллахтын ыраазылыгын жана өзүнүн арамдан саламаттыгын каалагандар ошондой щеткаларды таап, жанындагы же билген навайканадагы чочконун жүнүн алмаштырып койсун. Болгону 70 сом турат экен.
Мыктыбек Арстанбек, 20.05.2016.