Биздин сайтыбызда иштөөнү жакшыртуу үчүн cookies колдонобуз. Биздин эрежелерге макулсузбу?
Макулмун
Formula.KGFormula.KG
  • Башкы бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
    • Даарат
    • Намаз
    • Орозо
    • Зекет
    • Ажылык
  • Аңгемелер
    • Таасирдүү окуялар
    • Өрнөктүү өмүрлөр
    • Турмуш таалимдери
    • Эне жөнүндө
    • Тарбия
  • Рубрикалар
    • Мультимедиа
      • Фото
      • Видео
      • Аудио
    • Ден-соолук
    • Китептер
    • Атактуулар ааламы
    • Пайдалуу кеңештер
    • Ырлар
  • Жардамчы
    • Намаз убактылары
    • Орозо календары
    • Мечит жана намазканалар
    • Кыргызстандагы медреселер
Окулуп жатат: Чубак ажы Жалилов: «Шариат мындайга жол берет, турмуш куруп жашоого болот. Анткени ал аялыңыз улуу болгондуктан уктаарда дайыма сизге жомок айтып берет»
Бөлүшүү
Эскертмелер Көбүрөөк көрсөт
Акыркылар
«Сулуулук салондон жуктургандар көп». Кыргызстанда гепатит менен ооругандар көбөйүүдө
Жаңылыктар
Сасык тумоо курч, респиратордук ооруларды айыктыруунун жолу
Рубрикасыз
Нан уурдаган өспүрүм
Аңгемелер Таасирдүү окуялар
Кыргызстандык кары дүйнөлүк Куран жарышта 2-орунду багындырды
Жаңылыктар
Тогуз күн (202 саат) 7 кабаттуу үйдүн астында калган үй-бүлөнүн окуясы (ВИДЕО)
Видео Медиа Таасирдүү окуялар
Аа
Formula.KGFormula.KG
Аа
  • Башкы бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
    • Даарат
    • Намаз
    • Орозо
    • Зекет
    • Ажылык
  • Аңгемелер
    • Таасирдүү окуялар
    • Өрнөктүү өмүрлөр
    • Турмуш таалимдери
    • Эне жөнүндө
    • Тарбия
  • Рубрикалар
    • Мультимедиа
    • Ден-соолук
    • Китептер
    • Атактуулар ааламы
    • Пайдалуу кеңештер
    • Ырлар
  • Жардамчы
    • Намаз убактылары
    • Орозо календары
    • Мечит жана намазканалар
    • Кыргызстандагы медреселер
Авторизация Кирүү
Катталыңыз
  • Advertise
© 2022 FormulaMediaGroup. All Rights Reserved.
Formula.KG > Blog > Рубрикасыз > Чубак ажы Жалилов: «Шариат мындайга жол берет, турмуш куруп жашоого болот. Анткени ал аялыңыз улуу болгондуктан уктаарда дайыма сизге жомок айтып берет»
РубрикасызСуроо-Жооп

Чубак ажы Жалилов: «Шариат мындайга жол берет, турмуш куруп жашоого болот. Анткени ал аялыңыз улуу болгондуктан уктаарда дайыма сизге жомок айтып берет»

Avatar
Жаңыланды: 2020/04/20 at 10:52 ТЧ
Бөлүшүү

— Мен өзүмдөн улуу аялды жакшы көрөм, аны менен турмуш курсам болобу?

— Албетте шариат мындайга жол берет, турмуш куруп жашоого болот. Анткени ал аялыңыз улуу болгондуктан уктаарда дайыма сизге жомок айтып берет.

— Эркек кандай болгондо аялынын көңүлүн толук ала алат?

-Бул суроого аялдар жооп бергени аябай жакшы болот. Аялдар биринчи кезекте эркектин чечкиндүү болуусун каалайт. Экинчиден, эркек аз сүйлөөсү керек. Эң негизгиси аялдар эркектин өз билгенин бербеген бекемдигин жакшы көрөт. Бул сыпаттардын баарын Кудай бири-бирине ылайыктуу кылып жараткан. Ошондо гана үй-бүлөдө ыйман, береке, тынчтык орнойт.

— Шайтандар да бизге окшоп жашашабы?

— Шайтандар да эртең менен биз сыяктуу жумуштарына барышат. Бир күнү шайтандардын чоңу баарын олтургузуп сурайт экен. Сен тур бүгүн эмне жумуш кылдың десе, шашкан шайтан “мен бир молдону намазынан адаштырып салдым»- десе анда сага үч олтур дейт экен. Башкасынан сурайт ал “мен бирөөлөрдүн ичине кирип алып тоноочулук кылдым” деп мактанат. Сага да үч, дагы ким эмне кылды десе, арттан бирөөсү үн катат “мен үй-бүлөнү ажыраштырып салдым” дейт. Шайтандардын башчысы «ой азамат турчу сага беш, шайтандар үчүн эң жакшы жумуш бул үй-бүлөнү ажыратуу» деп айтат. Анткени үй-бүлөнүн туруксуздугу коомдун негизги коркунучу болуп эсептелет. Балдары тарбиясыз болуп өсүп калышы мүмкүн, кароосуз калышы мүмкүн. Ошол себептүү момун мусулмандар үй-бүлөнү терең ойлонуп чечүү керек. Тилекке каршы азыр ажырашуу аябай көп болуп жатат. Албетте бул мусулманчылыкта аябай жаман нерсе.

— Аялдардын жума намазга барганын кандай түшүнөбүз?  

— Аялдарга жума намаз парз эмес, бирок келип кошулуп окуса жарай берет. Атайын аялдардын жамаатка барып окуусу макрух болуп эсептелет.

— Бактылуу үй-бүлө канткенде бактылуу боло алат?

— Үй-бүлө бактылуу болуусу үчүн жубайлардын ортосундагы милдеттер менен укуктар так жана даана, түшүнүктүү болуп, алар сакталууга тийиш.

Эркектин аялына карата укуктары;

Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: «Дүйнө ырахаттардан турат. Дүйнөнүн эң жакшы ырахаты «такыба аял» деп жооп берген экен.

— Мусулман бир туугандарыбыз ич ара бөлүнүп жатканын кандай түшүнөсүз?

— Мусулманчылыгыбыз акырындап өзүнүн жолун таап, коомубуздун татыктуу өсүп-өнүгүүсүнө салымын кошуп жатат. Жарандарыбыздын динге болгон табигый умтулуусу, алардын изденүүлөрүнө, анын жыйынтыгында, кээ бир учурларда пикир келишпестиктерге алып келүүдө. Албетте бул табигый жараян экендиги талашсыз. Арийне талаштан тактык жаралат. Мына ушул көңүл чалгыткан маселелердин бири бөлүнүүчүлүк болуп жаткандыгы болуп жатат. Кудайым аларга да ынсап ыйман берсин.

— Телефондон смс аркылуу жөнөтүлгөн талак кабыл болобу?

-СМС  менен талак жазып жиберүү акыркы күндөрү жаңылык деле болбой калды. А бирок, ал талактын түшөөр түшпөсү туурасында пикирлер ар түрдүү, тагыраагы чачкын болуп жатат. Маселенин чоо-жайын териштирип, күңгөй-тескейин карап, адис катары кыскача маалымат берүү зарылчылыгы дале тургандыктан, тобокел кылып буларды айткым келди:

• Талактын түшүүсү үчүн, талактын сөз менен айтылуусу шарт кылынбайт, сөз менен айтылган талак түшкөндөй эле, сүйлөө мүмкүнчүлүгү жок адамдар өздөрүнө таандык ишаараттар менен да талак бере алышат. Себеби өздөрүнө таандык ишаараттар, алардын өз ара байланыш каражаты болуп эсептелет.

• «Ишаарат» менен талак түшкөндөй эле «жазуу» менен да талак түшөт, жазуу менен талак берген адам сүйлөгөнгө кудуреттүү болсо да.

• «Жазуу» менен берген талак эки түргө бөлүнөт:

1. Марсуума жазуу;

2. Гайру марсуума жазуу;

(Маселенин ток этээр жерин айтып, аят-хадистен, уламалардын сөздөрүнөн далил келтирүүгө бу сапар гезит бети чектелүү экендигинен чыгына алган жокпуз- ред.)

— Ахмадия Хилаафатынын жүз жылдык юбилейине чыгарылган Куран китепти туура эмес дейт. Чынбы?

— Ахмадия өзү туура эмес. Мусулманбыз дегени менен мусулман эмес. Себеби акыркы Мухаммед пайгамбарыбыздан кийин өздөрүнөн чыккан адамды пайгамбар деп эсептегендиги үчүн мусулманчылыктын чегинен чыгып кеткен. Өзү мусулман болбогондон кийин китеби да жараксыз. Ахмадия деген киши болгон, кадиаддий түшүнүгүн ошол киши негиздеп коомго тараткан. Ал киши дайыма чөнтөгүнө кесек салып жүрчү экен. Эмне кыласың десе дааратканага барганда кереги тийет деп жооп кайтарчу экен. Ошол киши өлгөндө дааратканада өлгөн. Алардын ишмердигин уланткан адамдар биздин Кыргызстанда да бар. Алар Куранды канча тил болсо ошончого которо берет. Биздин Жогорку Кеңеште аларды колдогон депуттатар да бар, кимдер ошол китептердин басылып чыгуусуна көмөк көрсөтүп жаткандыгын билем. Азыр алардын аты жөнүн айтпай эле коеюун.Алар туура эмес түшүнүктү бизге таңуулап жаткан, динсиз каапырлар десек да болот.

АЧКЫЧ СӨЗДӨР: Чубак ажы Жалилов
04.04.2015
Макаланы бөлүшүңүз
Facebook Twitter Whatsapp Whatsapp VKontakte Telegram Шилтемени көчүрүү Басып чыгаруу
Мурдагы макала 140 000 периштени ээрчиткен Жабрайил (алайхис салам) кимге жаназа окуу үчүн түштү?
Кийинки макала Greenpeace ГМО(Гендик Модификацияланган Организмдерди) камтыган азыктардын кара тизмесин сунуштады.
Пикир калтырыңыз Пикир калтырыңыз

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

Катталыңыз

© 2022 FormulaMediaGroup

Окуу тизмесинен өчүрүү

Баш тартуу
Ассаламу алайкум!

Авторизация

Сырсөздү унттуңузбу?