alternatetext Багымдат: 04:33 | alternatetextКүн чыгуу: 06:14 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:51 | alternatetextШам: 19:51 | alternatetextКуптан: 21:36
МакалаларРубрикасыз

Рамазан айы — баарын өзгөртүүгө дагы бир мүмкүнчүлүк

Рамазан айы (араб. رمضان‎‎) — мусулман жыл санагындагы тогузунчу жана эң маанилүү ай. Рамазан айы ыйык болуп саналат. Бул айда «Куран» түшүрүлгөн. Рамазан айында, ошондой эле, бардык мусулмандар үчүн Ислам түркүктөрүнүн бири болгон «орозону» кармоочу ай:
«Рамазан айы-бул айда адамдарга туура жол болуп, ушул Туура Жолдун жана жакшы менен жаманды ажыратуучунун ачык далилдери болуп (көрсөтүлүп) Куран түшүрүлдү. Силерден ким ушул айга күбө болсо(туш келсе) орозо тутсун! Ал (бул айда) бирөө ооруп калып, же сапарга чыкса, башка күндөрдө санын толтурсун. Алла силерге жеңилдикти гана каалайт, кыйынчылыкты каалабайт. Санды толуктагыла, силерди Туура Жолго салганы үчүн Алланы улуктагыла! Мүмкүн силер шүгүр келтирээрсиңер.» (2: 185).

Орозонун пайдалары.

Орозо адеп-ахлагыбызды жакшыртат

Орозо, бизге ар дайым Алла Тааланы эскертет, жоопкерчилик сезимин ойготот. Жүрөгүбүздү жаман ой-пикирлерден алыстатат, башкаларга жамандык кылуудан коргойт. Орозонун бизге берген дагы бир пайдасы болсо, жакшы адеп-ахлакка жетиштирүү менен периштелер даражасына алып келет. Орозо, көздөрдү арам нерселерди кароосуна, тилди болсо жалган сүйлөөсүнө, кулактарды арам болгон нерселерди угуусуна, курсакты арам тамактан, колдорду жаман иш жасоодон, буттарды болсо арам жерлерге баруудан коргойт. Орозонун парз кылынуусундагы сыр — Аллахка болгон кулдук милдетибизди аткаруу жана жаман нерселерден оолак болуу.

Орозо, адамдын ырайымдуулук жана жардамдашуу сезимдерин ойготот

Жашоосунда ачкачылык эмне экендигин билбеген бир адам, колунда жок инсандардын тарткан азабын жана кыйынчылыктарын жетээрлик даражада биле албайт. Бирок ал адам, орозо кармаган убакытта гана ал адамдардын акыбалын түшүнөт жана кедейлердин кыйынчылыктарын жүрөгүнөн сезет, аларга каршы мээримдүүлүк жана ырайымдуулук сезимдери ойгонот. Натыйжада жесирлерге жардам колун сунат, кыйынчылыктарын жоюуга аракет кылат.

Орозо адамга берилген сыйлардын баркын үйрөтөт

Инсан колунда болгон нематтардын кадыр-баркын, колунан кеткенден кийин гана түшүнөт, бирок анда кеч болгон болот. Орозо кармоо менен бир канча убакыт нематтардан алыс калган инсандын көз карашында бул нематтардын баалуулугу дагы да жакшыраак түшүнүлөт. Бул көз караш инсанга, аларды дагы да жакшыраак коргоосун, нематтарды берген Аллахка көбүрөөк шүгүр келтирүүсүн үйрөтөт.

Орозо кармоо адам ден-соолугуна пайдалуу

Бул жөнүндө Пайгамбарыбыз мындайча буйрук кылат: «Орозо кармагыла, ден-соолукта болосуңар». (Кашфул-Хафа, 2/33). 

Жылдын он бир айын тынымсыз жеп-ичүү менен өткөргөн жана ошондой эле чарчаган тамак сиңирүү органдары, орозонун шарапаты менен дем алат. Рамазан айынан кийин бул милдетин улантууга киришет. Илим адамдарынын айтуусу боюнча орозо, саламаттыкты сактоого абдан жакшы салымын кошот. Нобель сыйлыгынын ээси, медицина илимдеринин доктору, француз аалымы доктор Алекс Карел мындайча дейт: «Орозо убагында, организмде топтолгон тамак-аштар жакшы иштетилет, ордун жаңы минералдуу заттар ээлейт, мындайча инсан организминде жаңылануу пайда болот. Орозо ден-соолукка абдан пайдалуу». (Жашоо энциклопедиясы, Орозо бөлүмү).

Орозо адамга сабырдуу болууну үйрөтөт

Орозо кармоо менен өзүн беогилүү бир убакытка жеп-ичпөөгө үйрөткөн адам, жашоодо туш келе турган кыйынчылыктарга оңой эле сабыр кылат, азаптардан кутулуусу жеңил болот.

Маалыматты бөлүшүп жакшы иштерге себепчи болуңуз, Урматтуу окурмандар !

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button