alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:05 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
МакалаларРубрикасыз

Кадияния (Ахмадия) агымы туурасында кеп

Кадияния агымы Индиянын Бенжап өрөөнүндөгү Кадиян айылына таандык болуп айтылат. Аны негиздеген Мирза Гулам Ахмад аль Кадияний 1839-жылы, “колонизаторлорго кызмат көрсөткөн, өз элине кыянатчыл” үй-бүлөдө туулуп өскөн.

Атасы Гулам Муртада Англис өкмөтү менен тереӊ жана тыгыз алакада болуп, анын Мажлисинде орундуктун ээси болгон. 1851-жылы өз элине каршы туруп, англис колонизаторлоруна көмөк көрсөтүп, элүү атчан аскер менен жардам берген.

Мирза Гулам Ахмад урду жана араб тилиндеги кээ бир диний китептерди окуп, жана укук жаатында азыраак билим алгандан кийин, Сиялкут шаарында кызматка орношкон. Мына ошондон кийин бир канча бөлүктөн турган “Бараахину ахмадийя” аттуу китебин жайылта баштаган. Ошентип, ал өзүнүн каргашалуу дааватын 1877-жылы баштаган. 1885-жылы ал өзүн “мужаддид” реформатор деп жарыялаган. Ал эми 1891-жылы “Махдиймин”, “убада кылынган Ийсамын” деп доогер болду. Өз сөзүндө “Мен Ийсамын, мен Муусамын, мен Мухаммад менен бирге Ахматмын!”, деп айтып, бардык пайгамбарлардын абзелимин деп жар салган.
1908-жылы 26-майда Лахор шаарында өлүп, Каадиян айылына коюлган.

Мирза Гулам кесепеттүү дааватын жүргүзүүдө куулук менен иш алып барган. Иштин башында ачыктан ачык Исламга каршылыгын көргөзгөн эмес. Диний жаӊыланууну убада кылган чынчыл адам болуп көрүнгөн. Экинчи баскычта ал “махдийлик” пикирди карманса, үчүнчү этапта ал “ага вахий келип жаткандыгын” даршан салат. Бирок өз алдынча пайгамбар эмес, өзүнөн мурдагы пайгамбарды ээрчүүчү болуп келгендигин баса белгилеп, “Мууса пайгамбарды ээрчип келген Хаарун пайгамбардын” мисалындай болуп көрүнгүсү келет.
Ошол эле мезгилде ыйык Курандын аяттарын каалагандай бурмалап, колонизатор-баскынчыларга ылайык келген кесепеттүү фатвасын чыгарган. Ал фатвада “жихадтын өкүмү бүттү, ал токтоду, мындан ары жихад деген нерсе болбойт. Мына ошондуктан англис өкмөтүнө каршы индиялык мусулмандардын жихадка чыгуусу дурус эмес. Анткени, алар Аллах Тааланын жердеги орун басар-халийфалары…”, деген маани камтылган эле.

Мирза Гулам Ахмадтан кийин анын уулу жана орун басар-халийфасы Махмууд да атасынын каапырлык адашуусун жайганга, бекемдөөгө аракет жүргүздү. Ал айтат: “Биз кадиянийлерден башкасын каапыр деп билебиз. Себеби, ыйык Куранда ким пайгамбарлардын бирине ыйман келтирбесе, ал каапыр деп белгиленген. Мирза Гулам Ахмадты пайгамбар деп ыйман келтирбегендин баары Аллах Таалага каапыр болгон пенделер!”.

Кадиянийлердин адашкандын үрөнүн сепкен, жалганчы китептеринин айтуусунда, Аллах Таала Мирза Гулам Ахмадка төмөндөгүдөй вахий түшүргөн: “Мени (Алла Тааланы) сүйгөн, мага таат-ибаадат кылган пенденинин баарына, сага (Мирза Гулам Ахмадка) ыйман келтирүү, сени ээрчүү милдеттүү болот. Андай болбогон учурда ал пенде Мени (Аллах Тааланы) жакшы көрүүчү болбойт, ал пенде мага душман болот! Сени(н пайгамбарлыгыӊды) кабыл кылбагандар мына ушул айтылгандарды кабыл кылышпаса, сени (Мирзаны) жалганчыга чыгарышып, ыза-азап беришсе, аларды жаман жаза менен жазалайбыз! (Мирза ыйман келтирбеген) андай каапырларга тозокту түрмө-камак кылып даярдайбыз!”.

Кадиянийлердин туура эмес акыйда-ишенимдеринин бири: Пайгамбарчылык Мухаммад алайхис салам менен мөөрлөнгөн-аяктаган эмес. Алардын айтуусунда, үммөттүн оӊолуусу үчүн, алардын туура жолго түшүүсү үчүн зарылчылыкка жараша Аллах Таала пайгамбарларды жиберип турат. Чындыгында бул сөз, кадиянийлердин Куран аяттарын , хадистерди бурмалагандыгын жана анын натыйжасында ыймандан чыгып каапыр болгондугун далилдейт. Аллах Таала ыйык Куранда айтат: “Мухаммад силердин бириӊердин атасы эмес, а бирок ал Аллахтын элчиси, жана пайгамбарлардын мөөрү. Аллах Таала ар бир нерсени билүүчү!” (Ахзааб:40). Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: “Менден кийин пайгамбар жок (келбейт)!” (Бухарий).

Кадиянийлердин чектен чыккан фаасыктыгын бири: Алар пайгамбарлардын макамына, хулафаи раашидинге, сахабаларга чабуул коюшат. Бейиш жигиттеринин мырзасы болгон азирети Хасан менен азирети Хусейиндердин да урматын ордуна коюшкан эмес. Мирза Гулам Ахмад Кадияний айтат: “ …адамдар мени Хасан менен Хусейинден фазилеттүүрөөк деп айтышат. Ооба! Мен өзүмдү экөөнөн теӊ фазилеттүүрөөк деп билемин! Көп узак эмес убакытта Аллах Таала бул фазилеттүүлүктү ачыка чыгарат”.

Кадиянийлердин адашууларынын дагы бири: ыйык Куран аяттарынын маанилерин өздөрү каалагандай таризде жоромолдогону. Алардын бул жааттагы “эмгектеринин” баарын санап тизмектеп олтурууга узак убакыт керек. Мисалы катары Исраа сүрөөсүнүн 1-аятына берген кыстырмасы. Кудай Таалам айтат: “Өзүбүздүн (керемет-кудурет) аяттарыбыздан көрсөтүү үчүн Харам мечитинен, Өзүбүз чөлкөмүн берекеге тундурган Аксаа мечитине, түн ичинде өзүнүн пендесин көз ирмемде (исраа кылып) жеткирген ( Аллах Таала ар кандай кемчиликтерден) аруу! Акыйкатта Аллах Таала угуучу да көрүүчү”.

Мына ушул аятта айтылган ”чөлкөмү берекеге тунган Акса мечити” Кадиянийдин пикиринде Кадияний кыштагындагы мечит экен!!! Пайгамбарыбыз алайхис салам ошол жерге көз ирмемде (исраа кылып) жеткирилген экен!!! Жалпы тафсирчилер, тарыхчылар бир ооздон Аксаа мечити дегенде азыркы Фалестиндеги Байт ал Макдис (Кудус) мечитин түшүнүшөт.
Аалу Имраан сүрөөсүнүн 97-аятында Аллах Таала айтат: “Кимде ким (бул Харам мечитине) кирсе, ал амандыкта болот!”. Кадиянийдин оюнда бул Кадиян кыштагындагы мечит экен???!!!… Муфассирлер, ислам аалымдарынын баары бул мечиттин Маккадагы кадимки мечит экендигине шек санашпайт.

Фатх сүрөөсүнүн 29-аятында Аллах Таала айтат: “Мухаммад Аллахтын пайгамбары, аны менен биргелер кааапырларга катуу да, өз ара ырайымдуу (болушат)”. Кадиянийдин пикиринде бул аяттагы “Мухаммад Аллахтын пайгамбары” Мирза Гулам Ахмад Кадиянийдин дал өзү!!!???. Бул акыйкатсыз, туура эмес сөздөрүн ал “Таблигу рисала) китебинде жазып калтырган.
Анбия сүрөөсүнүн 107-аятында Аллах Таала айтат: “ (Оо Мухаммад!) сени ааламга ырайым (мээрим желаргысы) кылып жөнөттүк!”. Кадияний, мына ушул айтылган адам менмин деп жар салат.

Кадиянийлердин үлкөн проблемаларынын бири, кадияний агымын тутунгандарды Каабадан жана Харам мечитинен алыстатып, анын ордуна Кадиян кыштагын аларга кааба жана кыбла кылып беришкен. Ажылык милдеттин ордуна, Кадиянда жыл сайын өтүүчү конференция-жыйналышка барууну ишке ашырышты. Мирза Гулам Ахмад Кадияний айтат: “Кадиянга келүү –ажылык!”.

Мирза Гулам Ахмадтын айтуусунда ага “Ачык китеп” деп аталган Куран китеп түшүп, ал эле эмес ага башка пайгамбарларга караганда көбүрөөк түшкөн. Ал өзүнүн туура эмес пикирлерин жазган “Бараахиину ахмадийя”, “Изаалатул аухаами”, “Хакийкатул вахйи”, “Сафийнату Нуух”, “Таблиигу рисаала”, “Хутбатун илхаамийя” аттуу китептерин жазып калтырган.
Кадияний мындай дейт: “Өмүрүмдүн көпчүлүк бөлүгүн Англис өкмөтүн колдоого жана жардам берүүгө багыштадым. (Мамлекетти басып келген баскынчыларга каршы күрөш болгон) жихад маселесин жокко чыгаруу боюнча, ошол эле учурда Англис өкмөтүнө баш ийип, итаат кылуунун милдеттүүлүгү туурасында бир канча эмгектерди жаздым. Алардын баарын бир жерге чогултса элүү кампаны толтурган болоор эле. Бул китептердин бардыгы араб өлкөлөрүнө, Мысырга, Шамга, Кабулга, Румга жайылтылды”. Тиряакул кулууб китеби, 15-бет. Мирза Гулам Ахмад Кадияний.

Башка учурда мындай дейт: “Мен жаш убагымдан бери эле –бүгүн алтымыштын ашын ичип олтурам- тилим жана калемим менен мусулмандардын жүрөгүн Англис өкмөтүнө бурууга, аларга жакшылык каалоого, аларга махабатын ойготууга аракет кылып, жихад кылып келем. Мусулмандардын наадандары динден деп билген “Жихад” түшүнүгүн алардан алыстатам. Анткени, бул түшүнүк аларды Англис өкмөтүнө болгон чын ыкыластуулуктан тосуп келет”. Шахаадатул Курьаан китебинин тиркемеси, 10-бет. 6-басылышы. Мирза Гулам Ахмад Кадияний.

Ахмадийлердин негизги акыйдавий ишенимдери:

• Аллах Таала орозо кармайт, намаз окуйт, уктайт, ойгонот, жазат, ката кетирет, аялдар менен жыныстык мамиледе болот. (Мавсууьа муяссара 1417)
• Кадиянийдин айтуусунда анын кудайы англис жана англис тилинде сүйлөйт;
• Пайгамбарчылык Мухаммад пайгамбар менен бүткөн эмес, зарылчылыкка жараша Кудай Таала пайгамбар жиберип турат. Мирза Гулам Ахмад пайгамбарлардын эӊ пазилеттүүсү.
• Жебирейил периште Мирза Гулам Ахмадка вахий алып келип турган. О.э. Мирзанын илхамдары Куран сыяктуу эле мааниге ээ.
• Алардын дини жаӊы дин. Мирза Гуламды ээрчигендер сахаба болуп саналат.
• Арак ичүү, апийим, ар кандай наркотикалык азыктарды кабыл кылуу адал.
Мирза Гулам Ахмадты каапырга чыгарууга негиз болгон себептер:
• Пайгамбарчылыкка доогер болуусу (өзүн пайгамбар деп жарыялоосу). Ким Мухаммад пайгамбар алайхис саламдан кийин өзүн пайгамбармын десе, ыймандан чыгат;
• Баскынчыларга жардам берип, жихадтын шариаттуулугун мансух , өкүмү өчкөнгө чыгаруусу;
• Меккеге боло турган ажылыкты жокко чыгарып, Кадиянга буруусу.
• Аллах Тааланы адамга окшоштуруусу;
• Танаасух жана хулуул акыйдасын кармануусу. Танаасух дегени адамдын жаны бир заттан башка затка көчүп жүрө берүүсү. Хулуул дегени жандын башка денеге орношуусу;
• Аллах Тааланын перзенти бар, Мирза Гулам Ахмад өзү кудайдын баласы деген ынанымда болуусу;

Ахмадийлердин жайылуусу, орун алган жерлери:

• Кадиянийлердин көпчүлүгү азыркы учурда Индияда, Пакистанда жашашат. Азыраак бөлүгү Израилде, араб ааламында жашашып, өздөрү жашаган аймактарда сырткы баскынчыларга жардам берүүнү негизги иши катары карашат.
• Кадиянийлер Африкада жана кээ бир батыш өлкөлөрүндө активдүү даават иштерин алып барышат. Африканын өзүндө эле 5000 (беш миӊ) ден ашуун диний ишмери кызмат кылат.
• Англия өкмөтү кадиянийлерди өзүнүн калкалоосуна алып келет. Аларды кызматтарга коюуга, аскердик жогорку чиндерди берүүгө мүмкүнчүлүк беришкен.
• Кадиянийлер Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүшөт. Бишкекте жана Ошто жамааттары бар. Карасуу районуна караштуу Кашкар-Кыштак айылында активдүү мүчөлөрү бар экендиги ММКларда кенен эле айтылып келет.
• Алар Курандын кыргызча, орусча жана өзбекче котормолорун чыгарышып, КР ЖКсынын депутаттарына белекке беришкен. КР аймагында жайылган. Кыргыз муфтиятынын фатва бөлүмү Бул котормолорду окуганга жараксыз деп тапкан.

Жыйынтык катары айтыла турган кеп, кадияний (ахмадий) жамааты мусулман жамаатына кошулбайт. Алардын мусулман жамаатына кошулбаган диний азчылык экендигин эн биринчилерден болуп Д/ Мухаммад Икбаал айтып чыккан. Мына ошол убактан бери бул жамааттын мусулман динине эч таандыгы жок, каапыр жамаат экендигин бардык уламалар, диний башкармалыктар, Ислам академиялары тастыктап келишет.
1953-жылы Пакистанда анда элдик көтөрүлүш болуп, ошол убактагы Пакистандын тышкы иштер министри кадияний агымынын өкүлү Зафарулла Хан жумуштан четтетилип, кадиянийлерге диний азчылык деген өкүм берилсин деген талаптарды коюшкан, жана революция максатына толук жеткен.

1973-жылы Макка шаарындагы Бүткүл Ислам ааламынын Лигасында жогорку мартабалуу конференция болуп, ага Ислам ааламынан муфтияттар, диний уюмдар, түзүмдөр катышкан. Конференция төмөндөгүдөй жыйынтык менен чыккан: “Кадиянийлер динден чыккан каапыр, мусулманчылыкка тиешеси жок жамаат. Мусулмандарга алардын айлакердигинен сактануусу милдеттүү. Алар мусулмандардын мазарларына коюлбайт!”.

Кудай Таалам бул адашкандардан сактаган болсун.

Бул да кызыктуу

1 пикир

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button