Азыркы астрономия илими боюнча Күн түрдүү нур жана энергия бөлүп чыгаруучу чоң жылдыз. Күн бул өзгөчөлүгүн өз ичинде пайда болгон күйүп-жануунун натыйжасынан алат. Ай болсо Жер шары сыяктуу Күн системасына кирет. Ал Күндөн алган нурду чагылыштырып турат. Ал өз алдынча нур болуп эсептелбеген жана сырткы бети гана Күндүн нуруна чагылышып жанып-өчкөн планета. Ал эми биз сөз кылып жаткан Куранда Күн менен Айдын ортосундагы бул айырмачылыктар мүмкүн болушунча ошол доордогу адамдардын деңгээлине жараша жөнөкөй жана жеңил түрдөгү сүрөттөөлөр менен ажыратылып көрсөтүлгөн.
Маселен, ошол аяттардын айрымдарында:
«Асманда бурчтарды, алардын ичинде чыракты (Күндү) жана нурду чагылыштырып туруучу Айды жараткан Алла – улуктун Улугу!» (Фуркан сүрөөсү, 25/61),
«Алла жети кабат асманды кантип кабат-кабат кылып жаратканын көрбөй жатасыңарбы? Ал жети кабат асмандын ичинен Айды нур чачуучу, Күндү жарык берүүчү чырак кылып койду» (Нух сүрөөсү, 71/15-16), «Силердин үстүңөргө жети кабат бекем асманды куруп койдук. Анда жаркырап алоолонуп күйүп жанган жарык берчү чырак (Күндү) жараттык» (Набаа сүрөөсү, 78/12-13) деп айтылган.
Соңку аяттагы «жаркырап алоолонуп күйүп жанган чырак» деген мүнөздөмө сөзсүз түрдө Күнгө таандык. Жогорудагы аяттарда Ай нур чагылтуучу катары сыпатталат. Ал эми Күн нур жана энергия бөлүп чыгаруучу жана жанып турган чырак, лампа катары мүнөздөлгөн. Аяттарда айтылып өткөн мүнөздөмөлөрдө «зия» менен «нур»дун ортосунда курамдык жактан айырма болгондой эле, нур булагы болуу жагынан да, Күн менен Айдын ортосунда айырмачылык бар.
Анткени Алла Таала бул жагдайды Курандын башка бир аятында төмөнкүчө кабарлайт:
«Биз түн менен күндүздү кудуретибиздин далили катары эки белги кылдык. Эгеңердин кеңчилигинен насип издөөңөр, жылдардын санын, мезгилдин эсеп-кысабын билүүңөр үчүн түндүн (нур чачкан) белгисин жок кылып, күндүздүн белгиси болгон жарыкты ортого койдук». (Исра сүрөөсү, 17/12).
Улуу ислам окумуштуусу М. Хамди Йазыр бул аятты мындайча чечмелейт: «Демек, Ай алгач Күн сыяктуу нур бөлүп чыгарган. Ай дагы өз алдынча бир Күн болгондуктан, Күн сыяктуу жогорку даражадагы энергияга ээ болчу. Кийин Алла Таала ал Күндү жок кылды. Мындайча айтканда, аны өчүрдү жана биз билген азыркы түн белгиси Ай пайда болду. Айдын жүзүндөгү кара тактар, чагылдырып турган нурларынын чоңойуп кичирейиши жана акырында жок болуп, кайрадан жаңы ай сыяктуу пайда болушу – бул анын жаратылгандан кийин кайрадан жок кылынгандыгынын бир далили. Ай нурун өзүнөн эмес, Күндөн алгандыгы көп жылдардан бери эле астрономия илимпоздоруна маалым болсо да, анын алгач Күн сыяктуу нур бөлүп чыгаруучу жана кийинчерээк жок кылынып өчүрүлгөндүгү билинген эмес. Куран кабарлаган бул акыйкатты заманыбыздын илим адамдары кабылдап, учурда дал ушул пикирдин тегерегинде ой-жүгүртүп изилдеп келишет» (М. Хамди Йазыр, Хак дини Куран дили, V, 3170, Стамбул-1960).
http://muslim.kg
//
The post Күн менен Айдын керемети appeared first on FORMULA.KG.
September 22, 2015 at 08:33AM
Current Concepts Review Plantar Fibromatosis priligy dapoxetine review