Чагымчылдык болсо өлтүрүүчү жаа жана айыккыс оору сыяктуу, ал эми караңгы адамдар үчүн мүрөк суусунан жакшыраак.
Чагымчылдын арапчасы “Намийма” (النميمة деп жазылат) Мааниси: Жогоруда айтып кеткендей эки тарапты бузуп уруштуруу максатында адамдардын ортосунда сөз ташуу дегенди билдирет, муну биз кыргызча ушакчы, чагымчы, гыйбатчы деп айтабыз. Ушакчылык, момундардын арасын оңдогула деген Аллхтын аятына карышы келет.
Бул тууралуу куранда мындай дейт:
اِلنّمَا المُؤ مِنُونَ اِخوَة فَأصلِحُو ا بَینَ أخَوَیکُم. .
“Чындыгында, бардык момундар -бир туугандар! Бир тууганыңардын арасын оңдогула!” (Хужрат: 10)
Ал эми чагымчы мунун тетирисин кылат себеби мусулмандардын арасын бузуу үчүн жасайт.
Куранда чагымчы ушакчы тууралуу минтип айткан:
ھَمّازٍ مّشّا بِنَمِیمٍ.
“(Адамдардын арасын бузуу үчүн) ушак таратып жүрүүчү шылдыңчыларга сен моюн суна бербегин” (Калам:11).
Хузайфа (Р. А. ) Пайгамбарыбыздын (саллалооху алейхи ва саллам) минтип айтканын уккам:
“Чагымчы, ушакчы Бейишке кирбейт” (Бухари, Муслим)
Абдулла ибну Аббас айткан экен: “Ким сага бирөө тууралуу жеткирсе, анда ал сен тууралуу да жеткизет, андайдан абайлагын! ”
Хаммад бин Салма мындай дейт:
“Бир киши кул сатып калат. Кулун сатып жатып алуучу “мунун эч кандай айыбы жок бир гана ушакчылык айыбы бар, -дейт.
Анан алуучу тиги кулдун ошол айыбын “эч нерсе эмес”-деп сатып алат.
Күндөрдүн биринде кул кожоюнунун аялына минтип айтат:
“Сенин жолдошуң сени жакшы көрбөй анысын сенден жашырып жүрөт, ал сени жакшы көрүү үчүн эмне кылууңду айтайынбы? “-дегенде аял:
“Айтчы “-дейт.
Анда кул:
“Сен сакал алган устараны алып жолдошуң уктап жатканда анын сакалын моюн жагынан бир азын кырып алсаң ал сени жакшы көрөт “-дейт.
Анан жолдошуна келип:
“Сенин аялың башка бирөөнү таап алган, ал бир күн сени өлтүрөт, сен мунун чын экенин билгиң келеби? “-дейт.
Кулдун ээси:
“Ооба “-деп жооп берет.
Анда кул:
“Сен уктамыш болгун ошондо өзүң көрөсүң “-дейт.
Ошондо тиги киши кечинде уктамыш болуп жатканда аялы акырын устараны алып келип сакалынын астын кырганы калганда тиги киши мени өлтыргөнү жатат деп колунан устараны алып аялын өлтүрүп салат. Анан аялдын туугандары келип тиги кишини өлтүрөт, аны уккан эркектин туугандары келип Тигилер менен уруш жаңжал башталат ошентип эки тарап ортосунда чоң чыр чатак башталат “. .
Мына бурадарым! Чангымчылык кандай жаман жок жерден бир үй бүлөөнү жок кылды. Ушундай инсандардан Аллах өзү сактасын!
Яхя бин Аксам айткан экен:
“Ушакчы адам сыйкырчыдан да жаман, ушакчынын бир саатта кылганын сыйкырчы бир айда да кыла албайт”
Убайда ибну Аби Лабаба, Абу Убайдулла Курайшийдин ушундай дегенин айтат:
“Бир киши бир кишинин артынан жети сөздү сураш үчүн жети жүз чакырым алыстык жерге барат, жетип келгенден кийин тиги кишиден сурай баштайт:
“Аллахтын сага берген илимин сурайын деп келдим.
Асманданда оор эмне бар?
Жерден да кенен эмне бар?
Таштан да катуу эмне бар?
Оттон да ыссык эмне бар?
Ызграа сууктан да суук эмне бар?
Деңизден да бай эмне бар?
Жетимден да пас эмне бар? “-деп сурайт.
Тигил киши ушунтип жооп берет:
“Күнөөсү жок инсанга жалаа жабылса асмандан да оор!
Акыйкаттык жерден да кенен!
Каапырдын жүрөгү таштанда катуу!
Көралбастыктан сактануу оттон да ыссык!
Муктаж болгондо жакыныңа кайрылсаң жардам бербесе, ызгаар сууктан да суук!
Канатттанган жүрөк деңизден да бай!
“Чагымчынын чагымчылдыгы билинип калса жетимден да пас (төмөн)” деген экен.
Кандай гана таасирлүү мааниси терең сөздөр. .
Абу Лайс Самаркандий өз сөзүндө мындай дейт:
“Эгер сага бир инсан келип: Сени паланча ушундай деди, сен тууралуу мындай, тигиндей деп айтты, десе анда сен ушул алты нерсени кылышың керек:
Биринчиси: Сен ага ишенбе! Себеби чагымчынын сөзү шарият өкүмүндө күбөгө жарабайт.
Аллах Таала Куранда бул тууралу мындай дейт:
“Оо, ыйман келтиргендер! Эгер силерге бир бузуку кабар алып келсе, кайсыл бир коомго байкабастык кылып, кийин өкүнүп калбоо үчүн оболу (ал кабардын чын түгүн) аныктагыла!” (Хужрат: 6)
Экинчиси: Аны ошондой иштен кайтаргын, себеби жамандыктан кайтаруу исламда важип амалдардын бири, бул тууралуу Аллах Таала Куранда мындай дейт:
“Оо мусулмандар! Силер (ааламдагы баардык) адамдар үчүн чыгарылган жакшы үммөт болдуңар. (Адамдарды) жакшылыка буйуруп жамандыктан кайтарасыңар” (Аали Имаран: 110)
Үчүнчүсү: Аллах үчүн жаман көргүн! Себеби ал күнөөкөр, ошондойлорду жаман көрүү керек, себеби Аллах Таала ушундай инсандарды жаман көрөт.
Төртүнчүсү: Жамандалып жаткан адам тууралуу жаман ойлоп калбагын! Себеби билбей туруп жаман күмөн саноо күнөө болот, бул тууралу Аллах Таала Куранда айтат:
“Чындыгында кээ бир Күмөндөр күнөө” (Хужрат: 12)
Бешинчиси: Сен анын артынан аңдыбагын Себеби Аллах Таала Куранда аңдыганды кайтарган:
“Бири бириңерди аңдыбагыла!” (Хужрат: 12)
Алтынчысы: Тиги ушакчыга нараазы болгондой, сен да ошол ишти кылбагын, ушакчы алып келген ошол сөздү эч кимге айта көрбөгүн. . . .
Ушак сүйлөгөн адамга күнөө болгондой эле, ушакты угуп олтурган адам да күнөө болот. Эгерде бир жерде ушак сөзү башталган болсо аны уккан адам токтотконго аракет кылуусу керек. Токтотууга эч мүмкүнчүлүк болбой бир коркунуч бар болсо, анда жүрөгү менен жаман көрүп, ал жерди таштап кетүүсү жакшы. Аллах Таала Куран да мындай дейт:
“Эгер сен Биздин аяттарыбыз жөнүндө чындыка карышып сүйлөгөн адамдарды көрсөң, качан алар башка сөзгө чумкуп кирмейинче, алардан алыс бол. Эгер шайтан унуттурган болсо, (эсиңден чыгып алар менен олтурган болсоң) эстегениңден кийин адашкан коомдор менен олтурба!” (Анъам:68)
Ушак кандай жаман, чоң күнөө туугандар! Ал үчүн Аллахтан коркуп, тилиңди, жүрөгүңдү, оюңду тыйып акырет азабынан коркуп жаша! Бул акыйкат! Сенин да, менин да башыбызга келе турган күн келет! Сен каалабасаң да, Жашообуздун аягы өлүм!
Насиба Абдуллаева,
«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»
//
The post Чагымчыл – өлтүрүүчү жаа. . . appeared first on FORMULA.KG.
September 21, 2015 at 11:51AM