alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
МакалаларРубрикасыз

Ниетиңерди түздөгүлө!

Аллахтын элчиси (Аллахтын саламы-салаваты болсун) айтты:
Кыямат күнү Алла бир коомду жаннатка жиберет. Ал коом жаннаттын көчөлөрүн назар салып көрөт. Ошол убакта кабар келет. Ал пенделерди кайтаргыла, аларды тозокко жибергиле аларга жаннаттан насип жок. Ошондо ал жамаат катуу кайгырып ыйлайт. Кыяматта андан ашкан кайгы болбойт. Алар айтар, эй Алла, бизди тозокко жибердиң, тозоку болсок бизди эмне үчүн жаннатка жиберип, көрсөттүң? Жаннаттын түрдүү жайларын көрүп биз арманда болдук. Бизге бул иш өтө оор болду.
Алла – Таала айтар, тозокко түшүп, жаннаттын насип болбогон себеби ушул: силер чоң күнөө кылдыңар, мусулмандардын дүнүйөсүн уруксатсыз алдыңар. Ушак (кайбат) айттыңар, мактандыңар, кайраштыруу болдуңар, арамза болдуңар. Ошол иштерди жакшы көрдүңөр. Бул иштерден уялып коркподуңар. Жоомарттык менен садага бербедиңер. Садага берсеңер арам малдан (дүнүйөдөн) бердиңер. Эгер адал малдан берген болсоңор базарда, көчөдө мактанып бердиңер, зекетти, үшүрдү, назирди, башка чоң садагаларыңарды пасыктарга (кудайсыздарга), жалкоолорго, төлгөчүлөргө, бейнамаздарга бердиңер. Ошондой адамдарга берүүлөрүңөрдү аалым уламаларга, жарым жандарга, мусулмандарга берүүдөн артык деп билдиңер. Ошол кабыл болот деп ойлодуңар. Ошондуктан силердин таат – ибадат, садагаларыңар кабыл эмес. Ошондуктан силердин ал жасаган амалыңар үчүн бир азапка кириптер кылдым. Буга эч ылаажы жок деп аларга азап берет.
Аллахтын элчиси (Аллахтын саламы-салаваты болсун) айтты, менин үмөттөрүм бутка (идолдорго), отко сыйына турган болобу деп коркомун.
Аллахтын элчиси (Аллахтын саламы-салаваты болсун) дагы айтты.
Эй жарандар мен текеберликтен коркомун, текебер бирөө кайыр берсе бул кайрымдуу экен деп эл айтсын деген максат менен эл көзүнчө садага берет, напил намаз окуса, эл ичинде жакшы окуп, эл жок жерде чала окуйт, теспе тартпайт, жамаатсыз жалгыз окуйт. напил орозо кармаганда элге жарыя кылат. эл оокат иче турган жыйынга барып, өзү орозомун деп оокат ичпейт. Бир кичине таат – ибадат жазаса мактанып элге жарыя кылат. Кийим кийсе кымбат, мыкты кийим кийет. Такыба экен, бул дүйнөдөн көңүл үзгөн деп айтсын деп, эл менен оокат ичпей, эң күчтүүсүн, эң азын жейт. Такыбалыгыма эл көңүл бурсун дейт, а эл жок жерде оозун кере-кере чайнап көмөлөтө ашап оокат ичет. Көп ичип, көп жеп, көп сүйлөр. Мынча бул иштери үчүн эч кандай сооп жок, кайта азап берилет.
Абухурайра (Аллах андан ыраазы болсун) рабаятынан.
Аллахтын элчиси (Аллахтын саламы-салаваты болсун) айтат, эгерде көңүлүңдө рия (мыктысыныш) турса, анда өзүн көрсөтүү үчүн орозо кармагандарга ачыктан башка алаары жок, түндө намаз окугандарга уйкудан калгандан башка эч нерсе жок, садага берүүчүлөргө акча курутуудан башка табаары жок, куран окуучуларга жакшы аттан башка эчтеме жок.
Аллахтын элчиси (Аллахтын саламы-салаваты болсун) дагы айтты: Ар бир киши таат – ибадатты риа (менменсинүү) менен кылса, ошол таат мына жогоруда айткандай болот. Бирөө кесесине топурак салып базарга барса, эл бул эмне деп сураса, ал киши бул алтын десе, анда эл көрөлү деп жабылып көрсө, ал топурак экенин көрөт. Базарда топуракка эч нерсе келбейт. Рия менен кылган иш ошондой болот.
Аллахтын элчиси (Аллахтын саламы-салаваты болсун) жана айтты: Пенде таат – ибадат кылса ыкыласы менен, чын көңүлү менен кылсын. Эл ичинде кылбай, жашырын жерде кылсын. Намаз окуса, орозо кармаса, садага берсе жашырын берсин.
Аллахтын элчиси (Аллахтын саламы-салаваты болсун) дагы айтты: Менин үмөтүмдүн жакшысы – жакшылыгын жарыялабай жасаганы. Садаганы жашырын берсе эл күмөндө калат, бул садагасын кембагалдарга бербейт экен, сараң экен деп. Ошондуктан садаганы жай (байкатпай) берүү керек. Пайдасыз жерге берген садага такырга үрөн сепкендей болот. Эгер оору болсо өзүн соо адамдай көрсөтсүн. Эгер кедей болсо өзүн элге бардай көрсөтсүн. Эгер таат ибадат жасаса өзү элге пасыктардай көрсөтсүн, элге жашырын карап, элдин айтканын ырастап көрсөтсүн.
Аллахтын элчиси (Аллахтын саламы-салаваты болсун) айтты: 3 нерседен кабардар болгула.
1 – таат – ибадатты Алла үчүн кылууга ниет кылгыла.
2 – чынчыл болгула.
3 – залымдарга, пасыктарга, залым падышаларга тийшпегиле.
Аллахтын элчиси (Аллахтын саламы-салаваты болсун) дагы айтты:
Кыямат күнү болгондо куран окуган карыларды, шейиттерди, аалымдарды, азиздерди, жоомарттарды, ажыларды, абиддерди Алла – Таала алдында алып келет. Ошондо Алла айтат: эй жамаат силер дүйнөдө эмне иш кылдыңар? Ошондо карылар куран окудук деп, шейиттер, биз Сен үчүн каныбызды төктүк, Сен үчүн капырларды кырдык, ажылар, Сен үчүн ажылык кылдык, абиддер, Сен үчүн таат ибадат кылдык, аалымдар, Сен үчүн элге насаат жүргүздүк, жоомарттар, Сен үчүн кайыр садага кылдык деп айтышат. Ошондо Алла – Таала айтар, эй жалганчылар силер Мен үчүн жасаган жоксуңар, элге көрүнүш үчүн кылдыңар. Мыктысыныш үчүн жасаган таат ибадатты Мен кабыл кылбаймын деп, андан кийин Алла – Таала буларды тозокко жиберет.
Бир күнү Аллахтын элчиси (Аллахтын саламы-салаваты болсун) мечитте отурган эле, бир араб келди. Намаз окуду, рүкү, сажда өтө ордуна келтирип жасады, отурган сахабалар таң калды. Ошондон кийин дагы бир киши келип намаз окуду, рүкү, сажданы өз ордуна келтирбей, колунан келгениндей жасады. Экөө тең көчөгө чыгып кетти. Алар кеткенден кийин сахабалар айтты, я Аллахтын элчиси (Аллахтын саламы-салаваты болсун), алдыңкынын намазы кийинкинин намазынан абдан жакшы болду дегенде, Расул айтты, эй жарандарым алдыңкынын намазы кабыл болгон жок, себеби ал рия (элге көрсөтүү үчүн, мыктысыныш үчүн) кылды, кийинкисинин намазы кабыл болду, ал рия (мыктысынуу) кылбады.
Шейх Жунайди Багдади Куддиса сирруху айтты.
Мен ыкласты чач тарачтан үйрөндүм. Мекке шаарында турчу элем. Бир чач тарач бар эле. Ошондо мен айттым, эй чач тарач, Кудай үчүн сен менин чачымды алсаң дегенимде, ал куп болот деп чачымды алды. Чачымды алгандан кийин мен өз ишим менен кеттим. Көңүлүмдө Алла – Таала мага бир нерсе берсе ушул чач тарачка берейин деп ойлодум. Мен Меккенин мечитинде отурган элем, мени бир киши издеп келип, үйүнө эрчитип барып бир кумура алтын берди. Мен аны санасам 150 дилде чыкты. Ошол дилдени чач тарачка алып барып бердим. Ал дилдени албай койду. Айтты, эй бурадар, эгер ак субуханаху ва Таала айтса, эй бейыклас пенде, уялбадыңбы? Чачын менин ыраазылыгым үчүн алдың да, андан кайтып ал кишиден акым деп дилде алдың десечи деп, ал чач тарач ал дилдени албады. Ага кошумча сен кандай тобо жана мен эмне жооп менен Алланын алдына барабыз деди. Мен ошол чач тарачтан чын ыкласты үйрөндүм.
Шейх Шибили рахматы айтты.
Мен бир сахара жарым аралында жүргөн элем. ошондо бир жигитти көрдүм, үстүнө эски тон, колунда бир аса таяк менен кетип бара жаткан эе, артынан жүрдүм, алдыбыздан бир тоо кез келди. Ал тоо тип-тик экен, менин оюма келди, бул тоонун жолу кайда? Жолсуз өтүүгө мүмкүндүк жок деп. Ошондо алиги жигит тоого жетти. Тоо эки айрылды, ал жигит өтүп кетти. Жигит өтүп кеткенден кийин тоо кайта мурункудай болду. Мен ушул ишке бул көз боёчу го деп айран калдым. Ошондо мага кайыптан кабар келди. Эй, Шейх Шибили, сен эмнеге таң калып турасын. Бул жигит Менин буйругумдагы жигит. Анын башка менен иши жок. Ар пенде Менин буйругумда болсо, бардык нерселер анын буйругунда болот.
Мен бул иштен кийин ар качан анык Алла – Тааланын буйругунан башка эч нерсе кылбадым. Ошондон кийин каргыш тийген шайтан мени ар качан душман көрдү. Мен анык билдим шайтан лаанат менин бул жолумду жаратпаганын. Ошондон баштап шайтан лаанатка каршы иш кылдым. Түндө уктабай ибадат жасадым, шарап ичпедим, көп күлбөдүм, мал – дүнүйөнү үстүнө түшүп издеп жыйбадым, жакшы оокат, жакшы кийим, жакшы лазатты тилек кылбадым, аны эңсөө шайтан азгырганы болот.
Шайтан пейили ар качан азгыруу болот. Шайтан лаанат адамды эки жерден азгырат. Бир пенденин жигит кези. Эгер Алла – Таала ибадат кылса шайтан айтар, эй жигит, жигиттик сага эки айланып келбейт.
Жигиттикти бош өткөзбө, бул дүйнө беш күндүк, ойно, күл, ич, же, өтүп кеткен убакытка өкүнөсүң, өкүнсөң да ордуна келбейт. Бул дүйнөнүн кызыгын көрүп кал, арманың калбасын, кийин жашың жеткенде намаз окусаң болот дейт. Орозо тутсаң болор, таат ибадат кылсаң болор. Сен уккан жок белең Башир хафи бул жалганда ууру, каракчы эле. Бул дүйнөнүн баардык рахатын көрдү, уурулук кылды, ойноду, күлдү, ичти, жееди, адам өлтүрдү, ошондон кийин көп убакыттан кийин тобо кылды. Ошондон кийин олуя катарына кошулду. Сен бул дүйнөдөн кор болуп кетип баратасың. Жашым элүүгө, алтымышка жетпейт деп коркпо. Сенин алдыңдагы кишилердин жашы 60-70-80-ге жетип жатат. Ошол убактатобо кылсаңар болор деп азгыраар. Бул пенде болсо муну өзүм ойлоп иштедим деп пикир кылат. Шайтандан көрбөйт.
Шайтандын экинчи азгыра турган жери адам оору болсо ооруп жүрүп намаз окуса, эй пенде, өзүң ооруп жатып кыйналып эмне кыласың. Ооруган адамдын баары эле өлө бербейт, айыгып ордуңан тургандан кийин да окуса болот, жаныңды эмнеге кыйнайсың деп азгырат. Ошондогу шайтан лаанатынын тилеги адам жигит кезинде өлсө, же ооруган кезинде өлсө, тобо кылбай өлүп , мойнунда көп күнөө аркалап кетсе экен дээр. Ошондой болсо шайтан наалатынын раманы орундалат, мына ошол эки убакытта пенде шайтвн наалатынын азгырууна кирбесе, өлөр кезде шайтан ал пенденин иманына зын келтире албайт.
Каргыш тийген шайтан айтат, эй Алла, сен адамдарга өзүңдү жат кылып сыйынуу үчүн мечит бердиң. Менин мечитим кайда? Эй шайтан, сенин мечитиң мончо.
Эй Алла, адамдар үчүн мажилис жараттың, мени мажилисим кайда? Ошондо Алла – Таала айтар, эй наалаты малгун сенин мажилисиң базар.
Шайтан дагы айтты, эй кудай, адамдар үчүн окуй турган куран бердиң, менин окуй турганым кайсыда? Ошондо хак субхана ва – Таала айтат, эй малгун, сенин окуй турганың акындардын ыры.
Шайтан наалаты дагы айтты, эй Алла, адамдар үчүн сөз жараттың, менин айтаар сөзүм кайсы? Ошондо хак субхана ва-Таала айтты, .й балит сенин айтаар сөзүң калп менен кесир сөз.
Шайтан наалаты дагы айтар, оо кудай, адамдар үчүн азан жараттың, менин азаным кайда? Ошондо хак субхана ва-Таала айтты, эй шайтан наалаты, сенин азаның сурнай, музыка.
Жана шайтан наалаты айтар, эй кудай, адамдар үчүн пайгамбар жараттың, менин жол көрсөткүчүм кайда? Ошондо Алла айтат, сенин колдоочуларың бардык палчылар жана көзү ачыктар.
Шайтан наалаты айтат, эй Алла, адамдар үчүн китеп жараттың, менин китебим кайда? Ошондо Алла айтар, сенин китебиң адамдардын бетине, колуна ийне менен салган калы менен жазуу.
Жана шайтан наалаты айтты, эй Алла, адамдар үчүн үй жараттың, менин үйүм кайда? Ошондо Алла Таала айтар, шайтан наалаты сенин үйүн ушакчылар.
Шайтан наалаты дагы айтты, эй кудай, адамдар үчүн тамак жараттың, менин тамагым кайда? Ошондо хак субхана ва – Таала айтат, эй шайтан ыплас сенин тамагың. Мени эсинен чыгарган жамааттын тамагы (мындайча айтканда, бисмиллаахир – рахмаанир – рахиим деп ичпеген оокат).
Ошол үчүн эй пенде Алладан кабарсыз болбой ар качан бир Алланы эсиңизге алып жүрүңүздөр. Шайтан наалатынын жолуна түшүп Алланын рахымынан кур калбагыла. Мейлиң кары, мейлиң жаш, мейлиң аял, мейлиң эр, мейлиң кыз, мейлиң молдо, мейлиң наадан, мейлиң жай чарба, мейлиң башчы, баары бир жыгач бешикке түшкөн дене жер төшөккө да түшөт, андан эч бир кутулуу жок. Ошол үчүн бир Алланы ар качан жат кылууңар керек. Тобо, шүгүр, истигфор жасагыла. Бул иштер парыз болот. Бул парыз ар кимдин мойнундагы милдет болот. Бул парызды моюндабаса күнөөкөр болот.
Тобо урматтоонун белгиси. Адам тобо кылса Алла – Тааланы бир деп билип, тободон кийин экинчи күнөөлүү иштен качып, парыз, сүннөт, важип, мустахиб иштерди иштеп, өзү таат ибадатта болуп адептүү болот. Ошондо ал пендени момун пенде дейт. Эгер аалым болсо китеп жазуу керек, эгер караңгы болсо, илим үйрөнүү керек. Эң биринчи адеп, ниет, намаз, даарат, орозо, напил намаз, напил орозо, мына ошолорду таза үйрөнүү керек. Дагы зекет, үшүр, витир, назир, ажы, курман, садага качан, кандай жагдайда, кимге берилип кимге берилбейт, муну да билүү парыз. Дагы айыз – нифасты да ажыратып билүү керек. Аалым адамдан дагы өзүнө зарыл амалдарды сурап билип үйрөнүү парыз. Арам, макирөө иштерден оолак качып аалымдардын мажилисине милдеттүү түрдо барып катышуу керек.
Кожо Абдыхалык Гыждувани Куддиса сирруху кожо Арапка айтты: Эй перзенттерим, азизим, сени өзүмдүн ордума койдум. Мен сага бир канч аосуят айтайын: Ар дайым кудайдын ыраазылыгы үчүн түз жолдо болгун. Жаман жолго чыкпагын, ар дайым такыба болгун, Алланын акысын өзүңө милдет көргүн. Ата – энеңдин кызматында болгун, аларга дуба багыштап жүргүн. Алар сага ыраазы болсо, Алла – Таала сага ыраазы болот. Алланы дайыма көңүлүңдө сактагын, күну – түн куран окуу менен бол. Куран окугандан качпагын. Куран окусаң ыкылас менен оку. Куранды урматта, ариптери менен белгилерин таза окугун. Чала окуп наалатка учураба. Ким куранды ката, чала окуса, куран ага наалат айтат. Куранды чала окусаң андан кийин намаз окусаң ал намазың толук намаз болбойт. Эгер миң жыл таат ибадат жасасаң да куранды ката окусаң, намаздыда ката окуп, ошол жасаган таат ибадатыңдан сага эч бир пайда болбойт. Кайта күнөө табасың. Себеби Куран Алла – Тааланын жанында күбө болот.
Эй Арап, эч убакта илимден кол үзбө. Маселе суроодон уялып же намыс кылба. Ар качан ишиң илим, маселе суроо менен болсун. Эч убакта аалымдардын мажилисинен качпа. Наадан сопулардан кач. Наадан жолдун каракчысы болот. Мусулмандардын жолун бузуучу болот.
Эй Арап, ар качан Аллахтын элчиси (Аллахтын саламы-салаваты болсун) менен бирге болгондор менен бирге бол. Аллага ишенгин. Аллахтын элчиси (Аллахтын саламы-салаваты болсун) иштебеген иштен качкын. Ант бузгандар, залымдар, кудайсыздар менен бирге отурбагын. Алардын ызат, урматын, илтипатын албагын. Аз ырыскыга каниет кылгын. Каниетти өзүңө милдет көргүн. Ар дайым Алла жадыңда болсун. Кетирген каталарыңды эсиңе алгын. Адал жегин. Себеби адал жеш бардык жолду ачат. Арам жеп, арам жасоо түгөнгүс машакат болот. Арам жесең кыямат күнү тозокко салып денеңди отко кактаар. Адал же, иманың кубат тапсын. Намазды түндө көп окугун, тозок көрбөйсүн. Орозону көп карма, жаннатты оңой табасың. Намазыңды жамаатсыз эч качан окуба, себеби жамаатсыз намаз окусаң мунапык (эки жүздүү) болосун.
Бийликти талап кылып сураба, аким болууну ким сурап алса, эч качан эркиндикте болбойт. Баарыңар залим падыша, амир, акимдердин кашынан качкыла. Кишинин көңүлүн оорутпа, жамандаса да, мактаса да экөөнө бирдей бол, сылык болгун.
Ошондо Арап сурады: “Нааданды кандайча ажыратабыз? ” Статы айтты: “Көрсөң билесин, ал наадан сопу каза намазын, каза орозосун аткарбайт, карызын берип кутулбайт, арамды адал дейт. Соодасын өтө кымбат өткөзүүнү каалайт, жалдоого бергендерине өтө кымбат берип ошону пайдаланууда убал болот деп ойлобойт.
Илим үйрөнүүдөн качат, кембагалды теңсинбейт, аялдар менен аралашат, байларга, улуктарга тмагынан даамдуусун берип, алар келсе алдынан жүгүрүп чыгып кол куушуруп урмат кылат, аларга шарият жолун айтпайт. Жана ошол тобосуздарды жоомарт көңүлү менен урмат кылат. Аалым адамды жек көрүп, андан карышкырдан кой качкандай качат. Жакшы олуя кишинин сөзүн кабыл кылбайт. Өзүн бир элден өйдө керемет адам кылып көрсөтөт” .
Ошондуктан сен эч качан менменсинбе, карапайым бол, элден сураба. Алладан сура, көп күлбө, көп күлсөң, көп сүйлөсөң көңүлүң өлөт. Көңүлүң өлсө Алладан алыс болосун. Кичи пейил бол, текебер болбо, ошондо Алланы табасың. Түндө көп уктаба, намаз менен бол, таң намазынан кийин күн чыкканча отур. Дигер намазынан кийин күн батканча теспе тартып отур, сообу өтө чоң. Таат ибадат жасаганда ыйлап чын көңүлүң менен жаса, аалымдардын мажилисинен качпа, үйүң мечит болсун, кармаганың Куран, эстегениң Эгең болсун.
Абу Умар деген киши бир аалымдын мажилисине барып катышты. Ошондо аалым жамаатка: эй жамаат, мага 1000 теңге өтө керек болуп турат, кимиң бересиң деп үч кайталап сураганда эч бир адам эч нерсе айтпай тарап кетти.
Абу Умар үйүнө келип 1000 теңге алып аалымдын үйүнө барып, мен сизге миң теңге алып келдим, бирок шарт ушул, сиз эч кимге муну айтпаңыз деп убада алып 1000 теңгени берип кетиптир. Аалым ошол күнү кайта мажилис жасап, ошол мажилисте Абу Умар 1000 теңге алып келип берди, деп айтып жарыя кылды.
Абу Умар ордунан туруп аалымдын жакасынан сыга кармап, кайры менин акчамды деп демитти. Аалым үйдөн алып келип берейин деп үйүнө кеткенде, Абу Умар өз үйүнө кайта 1000 теңге алып келип аалымдын үйүнө барып мен сага дагы 1000 теңге алып келдим, ал жарыя кылып алган акча рия (мактаныч үчүн) кылгандай болду, анын мага кайыры болбоду. Сиз жарыя кылдыңыз, эми муну жарыя кылбаңыз деп дагы 1000 теңгени бергенде, аалым кийинки 1000 теңгесин ыраазы болуп албай, мурунку 1000 теңгесин алып ыраазы болуп өз жыйында калды.
Мына ошондуктан бирөөгө жакшылык кылсаң айтпа, милдет кылба, жарыя кылба. Алланын ыраазылыгы үчүн иштедиң, жакшылыгы Алладан кайтат. Кайтпай калбайт. Ошол үчүн мактануудан, текеберликтен сак болгула. Алла ар качан баарыбызды ошодон сактасын.
“Жан азыгы”
The post Ниетиңерди түздөгүлө! appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.

November 21, 2015 at 03:05PM

Бул да кызыктуу

1 пикир

  1. большое количество участников движения в эти дни не волнуются о своих скатах до тех пор, пока не случится поломка.

    Едва наступает момент, когда протектор становится чересчур тонким, то покрышки приходят в ненадежное состояние. Примите во внимание! Одной из ключевых покупок, которые делают пользователи авто, всё-таки являются скаты.

    Согласно указаниям наших знатоков, правильная смена шин вашего транспорта важна для прочности на трассе.
    [url=http://forum.doctorulmeu.md/viewtopic.php?t=83697&start=10]http://forum.doctorulmeu.md/viewtopic.php?t=83697&start=10[/url]

    приобретение новой «обуви» для автомобилей может оказаться непростой задачей. Вы сталкиваетесь с немалым выбором брендов, размеров и моделей резины , так что мгновенно можно потеряться.

    С намерением получить кайф от езды, покупайте резину, которая под стать вашему стилю вождения.

    Появились вопросы в смене подходящей «обуви» для автомобилей для вашей машины? наша фирма опытных автомехаников поможет вам своим энтузиазмом.

    Вам нравится бесшумная поездка? Или вы отдаете предпочтение ощущать каждый поворот? Замечательно! наши безупречные специалисты легко выберут вам идеальную «обувь» для автомобилей!

    нереальное количество факторов вредят вашей «обуви» для авто. Начиная от острых предметов и заканчивая различными химикатами.

    если вы выберете неправильные шины, то вы можете испортить производительность вашей ласточки и его потенциал справляться с любым климатом. Покрышки вашего средства передвижения усердно работают всегда, когда вы выезжаете на магистраль.

    лучший метод выяснить, пришло ли время ставить новые шины для вашей ласточки, — это поручить их диагностику мастеру.

    в нашем автомаркете вы сможете присмотреть покрышки разных марок и брендов! И все по приятным ценам! Поможем отыскать необходимые вам!

    наша мастерская по ремонту автомобилей ставит на первое место пожелания клиента. поэтому немалое количество водителей полагаются на нас! Мы гарантируем качество! залетайте! И убедитесь сами!

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button