alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:05 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
МакалаларРубрикасыз

Күнөөлөрүң суудай агылып түшүүсүн каалайт белең?!

   ✍  Ким каалабасын, күнөөсү жок адам жоктур,инсан болгондон кийин ката кетирүү болуп турат. Биз үчүн, биздин жан дүйнөбүздү,жүрөгүбүздү күнөөлөрдөн,  караңгылыктардан тазалап туруучу ,мусулмандардын куралы ,бир күндө беш жолу кылынуучу даараты,окулуучу намазы бар.  Аллахка шүгүрлөр болсун,даарат, намазыбыз менен Аллах алдында жүзүбүз жарык болот. Динибиздин эшиги даарат менен ачылат,андан кийинки кадамдар менен парздарды аткара баштайбыз. Дааратсыз эч бир парздарды аткарууга болбойт,даарат менен Бейиш жолуна кадамдар ташталат.  Бир күндө беш жолу даарат алып намаз окусаң кандай өзүңдү жеңил сезип каласың,анын ырахаты керемет,даарат адамдын сырткы дүйөнөсүн тазаласа,намаз ички дүйнөсүн тазалайт …
✨Абу Нажих Амр бин ас Суламинин (андан Аллах ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат:
«О,Аллахтын элчиси, мага даарат жөнүндө айтып бериңиз ». Ал айтты:
«Эгерде силердин ар бириңер даарат алууга суу даярдап,анан оозун,мурдун чайкаса, анда анын жүзүнүн,оозунан жана мурдунан кылынган күнөөлөрү (суу менен кошо) сөзсүз агып түшөт; эгерде анан ал жүзүн Аллах бүйургандай жууса, анын чачтарынын жана сакалдарынын учтарынан анын жүзүнүн кылган күнөөлөрү (суу менен кошо сөзсүз агып түшөт; эгерде анан колдорун чыканактарына чейин жууса, анын колдорунун манжаларынын учтарынан анын колдорунун кылган күнөөлөрү суу менен кошо сөзсүз  агып түшөт;
Эгерде анан ал башына масх тартса, анын чачтарынын учтарынан анын башы кылган күнөөлөрү суу менен кошо сөзсүз агып түшөт;
Эгерде анан ал буттарын кызыл ашыгына чейин жууса, анын буттарынын учтарынан анын буттарынын күнөөлөрү суу менен кошо сөзсүз агып түшөт;
Эгерде ал анан намаз окуп,Аллахка,Ал Өзү татыктуу болгондой мактоолорду айтып,Аны даңазалап,Аны улуктаса жана жүрөгүн Аллах Тааладан башка бардык нерседерден тазаласа, анда ал энеден туулаган кездегидей болуп, өз күнөөлөрүнөн арылат »(Муслим) .
Эми байкап көрүң бир даарат,бир намаз менен ушундай сыйлыкка жетсек,беш убак даарат алып окусак,биздин дене -мүчөбүз таптаза болуп калат экен. Бирок ар кимдин ниетине,ыкласына,ишенимине,үмүтүнө жараша болот.
Динибиз кандай жеңил жана таза,аны жашап татып көргөн инсан гана сезе алат. Аллах Таалам пендесине оорчулук нерселерди жүктөбөйт,бардык бизге жөнөтүлгөн буйуруктарынын артында, чоң сыйлыктары бар, эч бир инсан кыпынчалык жакшы  же жаман амал кылса да, сыйлыксыз,жоопкерчиликсиз калбайт….
‍‍‍»Бактылуулук Формуласы «.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button